Бейшембиде Европарламент Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы боюнча резолюция кабыл алды. Документте өлкө демократия жолунан тайганы айтылат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европарламенттин резолюциясын өлкөнүн сот жана тартип коргоо органдарына "кысым көрсөтүү аракети" деп сыпаттады.
Ошто аялын жана кайненесин сабаган деп шек саналган 35 жаштагы жаранга кылмыш иши козголуп, бир айга камалды. Токмоктолгон 24 жаштагы келин күйөөсүн жоопко тартууну суранып, бул ишти калыс териштирүү үчүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жардам сурап кайрылды.
Москвада жогорку кызматтагы орус генералы Игорь Кирилловдун киши колдуу өлүмүнө шектелип өзбек жараны кармалганы тууралуу жаңылык Орусияда жашаган мигранттарды катуу нес кылды.
Жогорку Кеңеш интернетте, жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга, мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Эми жалган маалымат тараткан адамга 20 миң сом, аны жарыялаган медиага 65 миң сом айып пул салынат. Мыйзамдын аткарылышына ИИМ жоопкер болот.
Бишкек шаардык соту жапырт башаламандыкка айыпталган төрт журналисттин ишин карап, Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
"Азаттыктын" казак редакциясы 1986-жылдын 17-18-декабрында Алматы шаарында Совет бийлигине талаптарын билдирүү үчүн митингге чыккан жаштардын сүрөттөрүн тартуулайт. Сүрөттөр Алматынын Борбордук мамлекеттик архивинен алынды.
18-декабрда Эл аралык миграция күнү белгиленет. Орусиянын Украинадагы согушу, катаал эрежелер, тынымсыз рейддер, согушка тартуу аракеттери миңдеген кыргыз мигранттарын дүйнө кезип, башка өлкөлөрдөн жумуш издөөгө мажбурлады. Дагы кандай миграциялык көйгөйлөргө туш болобуз? Эмне өзгөрүүлөр күтүлөт?
1938-жылы Орусиянын Колыма аймагына лагерге айдалган Осмон Элебесовдун катаал тагдыры, ал тууралуу жарым кылымдан кийин урпактары тапкан архив документтер тууралуу кеп кылабыз. Элебесов юридикалык билими бар, өз доорунун алдыңкы ишмерлеринин бири болгон.
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор абактагы ишкер Имамидин Ташов ачкачылыкты токтотконун билдирди.
Бишкектеги Арсен Өмүралиев атындагы шаардык театры «ШИРЕ-ШЕРИ-НЕ» деп аталган спектаклди көрүүчүлөргө тартуулады. Ролдорду майыптыгы бар 12 кыз-келин жараткан. 40 мүнөткө созулган спектаклде кыз-келиндер өздөрүнүн майыптыгы жана жынысы боюнча дискриминацияга кабылганы тууралуу баяндайт.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Социал-демократтар партиясынын камактагы лидери Темирлан Султанбеков боюнча комментарий берип, ал "мыйзам алдында жооп бериши керек" деди.
Жыйырма алты күндөн бери абакта ачкачылык кармап жаткан Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жакындары анын саламаттыгына тынчызданып, өлкө жетекчилерине кайрылды. Азырынча бийлик Социал-демократтардын камактагы лидери боюнча комментарий бере элек.
Дагы жүктөңүз