Париж саммити: "Украинаны колдоону улантабыз"
Бейшемби күнү украин президенти Владимир Зеленский, НАТОнун баш катчысы Марк Рютте жана башка европалык лидерлер Парижде саммитке чогулушту.
"Каалоочулардын коалициясы" деп аталган үчүнчү саммитте лидерлер Украинага аскердик колдоону күчөтүү жана эки тараптын ок атышпоо келишими ишке кирсе Еробиримдиктин ролу жана европалык бейпилдик күчтөрүн Украинага жайгаштыруу маселесин талкуулашты.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон Украинага колдоо мурдагыдан да күчтүү экенин белгиледи. Ал Москва убакытты созуп, жаңы жерлерди басып алууну көздөп жатканын жана мындай аракетке каршы туруу зарылдыгын айтты.
"Украинага кыска мөөнөттүү колдоо көрсөтүү тууралуу айта турган болсок, биз бир добуштан Орусияга каршы санкцияларды алып салууга азыр эрте деген чечимге келдик. Тынчтык орномоюнча алынбайт. Ошондуктан, биз аларга экономикалык, өзгөчө көмүскөдөгү флотко жана өндүрүшкө басымды күчөтөбүз. Бул маселелер боюнча мобилизациябызды улантабыз".
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Европанын Украинага узак мөөнөттүү колдоосун ырастады.
Украинанын президенти Владимир Зеленский бейшемби күнү кечинде журналисттер менен болгон жыйында Париждеги саммиттин жыйынтыгына кыскача токтолду.
"Биз үчүн маанилүү болгон нерсени алдым. Биздин Куралдуу күчтөрдү, биздин армияга колдоо көрсөтүү абдан баалуу. Армиябызга азыр, согуш аяктагандан кийин да колдоо болот. Бул нерсе маанилүү ".
Зеленский ошол эле кезде АКШнын Орусияга карата позициясы азыркыдан катаал болушу керектигин жана ал Вашингтондон Украинага Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн күчтүү позицияда турууга жардам берүүнү каалай турганын кошумчалады.
Саммиттен соң коалицияга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлерине Европанын бейпилдик күчтөрүн Украинага жайгаштырууга байланышкан укуктук маселелерди талдоо тапшырылды. Алар үч жума ичинде өз бүтүмүн билдириши керек.
Бул демилге ишке ашабы же жокпу, азырынча белгисиз.
Путиндин сунушу
Орусиянын президенти Владимир Путин Украинада шайлоо өткөрүп, маанилүү макулдашууларды түзүү үчүн "убактылуу эл аралык башкаруу орнотуу" мүмкүнчүлүгүн сунуштады. Анын айтымында, мындай башкаруунун максаты согушту токтотуу.
Бул тууралуу Путин 28-мартта Мурманск шаарында Түндүк флоттун аскерлери менен жолугушканда айтканын орусиялык маалымат агенттиктери жазышты.
"Бул жөн гана бир вариант. Мен башка жолдор жок деп айткан жокмун. Максатыбыз - демократиялык шайлоо өткөрүп, элдин ишенимине ээ болгон жөндөмдүү өкмөттү бийликке алып келүү жана андан кийин алар менен тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо," - деди Путин.
Путиндин сөзүно караганда бул идеяны “БУУ, АКШ, Европа өлкөлөрү”, ошондой эле Орусиянын “өнөктөштөрү жана достору” менен ишке ашырса болот.
Анын максаты “демократиялык шайлоо өткөрүү жана бийликке элдин ишенимине ээ болгон жөндөмдүү өкмөттү алып келип, алар менен тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо” деди Путин.
Кремль буга чейин эле Украинанын бийлигин "мыйзамсыз" деп атаган. Москва президент Владимир Зеленскийдин беш жылдык мөөнөтү аяктагандан кийин дагы бийликте отурганы "легитимиз" деп санайт.
Украинада президенттик шайлоо 2024-жылдын май айында өтмөк. Анткен менен согуш абалында өлкөнүн баш мыйзамы жаңы шайлоо өткөнгө чейин Зеленскийге президент бойдон калууга уруксат берет.
Путин жогорудагы сөзүндө Орусиянын тынчтык келишимин түзүүгө даяр экенин белгилеп, Орусия "буга чейин айтылган бардык максаттарга жетүү үчүн туруктуу жана ишенимдүү кадам таштап жатат" деди.
"Биз аларды ишке ашырабыз деп ишенүүгө негиз бар."
Азырынча Киев Путиндин бул билдирүүлөрүнө эч кандай комментарий бере элек.
Өткөн аптада АКШ президентинин атайын чабарманы Стиф Уиткофф Киев президенттик шайлоо өткөрүүгө макул болгонун билдирген.
Украинадагы Орусия баштаган согушту токтотуу аракети алкагында АКШ украин бийлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрүн улантууда.
23-мартта Сауд Арабиясында америкалык жана украин расмийлеринин кезектеги жолугушуусу өттү. 24-мартта АКШ өкүлдөрү Орусия тарап менен экинчи жолугушуусун өткөрдү. 25-марта Украина менен Американын делегациялары кайрадан сүйлөшүү өткөрдү.
Сауд Арабиясында Американын расмий өкүлдөрү Украина жана Орусиянын делегациялары менен өз өзүнчө болгон сүйлөшүүлөрдө Кара Деңизде аскердик аракеттерди токтотуу жана эки өлкөнүн энергетикалык жайларына сокку урууга тыюу салуу боюнча чараларды көрүүнү макулдашканын кабарлаган.
Украин президенти Владимир Зеленскийдин айтканы боюнча Америка тарап расмий билдирүү тараткандан кийин келишимдин шарттары күчүнө кирди деп эсептесе болот. Анын сөзүнө караганда, Украина азырынча Орусияга анча ишенбей турат, ошентсе да өз тарабынан келишимдин шарттарын сактоого аракет кылат.
Ал эми Орусия тарап Кара Деңиздеги кемелердин коопсуз ары-бери жүрүүсү тууралуу шарт бир катар санкциялар алынгандан кийин гана ишке ашарын билдирди.
Шерине