Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:07

30-марттын аба ырайы: Тоолуу аймактарга кар жаайт


Шашылыш билдирүү

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 30-мартта түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы 1…-3°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда 0…-2 градуска чейин түшүп, үшүк жүрөт. Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, байлаган мөмөлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге коркунучтуу.

30-мартта түнкүсүн Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14;

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;

Ысык-Көл менен Нарында дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10;

Бишкек шаарында ала булут каптап турат, бир аз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1°, күндүз 10…12° болот.


Шерине

XS
SM
MD
LG