Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

"Кулдай иштешкен". Мыйзамсыз миграциянын көрүнбөгөн көйгөйү


Рейд учурунда. Ички иштер министрлиги тараткан сүрөт.
Рейд учурунда. Ички иштер министрлиги тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги Кыргызстанда мыйзамсыз миграция агымын азайтуу үчүн айыптын суммасын көбөйтүүнү сунуштады. Ал арада укук коргоо органдары мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддерди өткөрүп, анын жыйынтыгы менен айып пулдар салынып, айрымдары өлкөдөн чыгарылып жатканын билдирүүдө.

Соңку жылдары миграция агымы көбөйгөн Кыргызстанда четтен жумушчуларды кабыл алуу эрежелери канчалык ачык-айкын? Алардын мыйзамсыз жол менен иштешине эмне себеп болууда?

Министрлик даярдаган мыйзам долбоору коомдук талкуудан өттү. Ага ылайык, чет өлкөлүк жарандарды чакырган жана кабыл алган адамдарга коюлган айып мөөнөтү боюнча бөлүштүрүлгөн. Эгерде бир айга чейин болсо, жеке жакка миң, юридикалык жакка 5 500 сом айып салынат. Бул тартип бузуунун мөөнөтүнө жараша айыптын көлөмү да көбөйө берет. Эгер бир жылдан ашса, айып жеке адамдарга 12 500, ал эми юридикалык жактарга 30 миң сом коюлат.

Мында чет өлкөдөн келген мигранттардын уруксат мөөнөтү бүткөндөн кийин да чыгып кетпей, бул жакта кала берүүсү, өлкөгө кирүүдө көрсөтүлгөндөн башка иштер менен алек болушу да камтылган. Мыйзам долбоорунун Жогорку Кеңеште качан карала баштары белгисиз.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев парламенттеги тармактык комитеттин 27-майдагы жыйынында мыйзамды өзгөртүүгө муктаждыкты мындайча түшүндүрүп берген:

“Укук бузуулар кодексинин негизинде быйыл төрт айда чет өлкөлүк жарандар тарабынан 7 259 укук бузуу катталган. Айыптардын жалпы суммасы 39 миллион сомду түзөт. Миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн каралган жоопкерчилик – 5 500 сомдук айып өлкө аймагында эмгектенүүгө алына турган уруксаттын алымынан, тагыраагы, 10 миң сомдон бир кыйла аз экенин белгилейбиз. Натыйжада бул чет өлкөлүктөр үчүн өлкөдө жүрүү жана эмгек ишмердигине тиешелүү эрежелерди бузуу пайдалуу болушуна алып келет”.

Кыргызстанда миграциялык эрежелер жана мыйзамдык талаптар соңку жылдары өлкөгө келген чет элдик мигранттардын агымынын көбөйүшү жана быйыл 15-18-май күндөрү чет элдик студенттер жабыркаган жаңжалдан кийин күн тартибине чыкты. Өкмөт ошол маалда өлкөдө мыйзамсыз миграция бар экенин мойнуна алып, бул жааттагы иштер күчөтүлөрүн билдирген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Ички иштер министрлиги өлкө аймагында мыйзамсыз эмгектенген чет өлкөлүктөргө каршы рейддерди өткөрүп, анын жүрүшүндө кармалгандарга айып салынып, айрымдары депортацияланганын утур-утур маалымдап келүүдө.

Атайын кызмат 20-июнга караган түнү Сокулук районунун Новопавловка айылындагы бир цехте тинтүү иштери жүрүп, ал жердин ээси 30 чет өлкөлүктү опузалоо менен иштетип жатканы аныкталганын билдирди.

“Ошондой эле ал жергиликтүү ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен ич ара сүйлөшүп алып, чет өлкөлүк жарандардын паспортторун тартып алып, Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн “түрмөгө камайм” деп коркутуп турган. Ж.А. чет өлкөлүк жарандар үчүн белгиленген миграциялык тартипти бузуп, керектүү документтерди (чет элдиктерди каттоо, эмгек визасы, иштөөгө уруксат ж.б.) даярдаган эмес. Чындыгында бул чет элдик жарандар өздөрүнүн эркине каршы кармалып, кулчулукта эмгектенген”, - деп жазылат маалыматта.

Шектүү жаран жана Сокулук райондук милиция кызматкери А.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Атайын кызмат жарандарга чет өлкөлүк жарандарды эмгекке тартууда мыйзамдагы талаптарды так аткаруу керектигин эскертти.

Чет өлкөдөн келген эмгек мигранттарына мыйзамдык талаптар күчөтүлүп, рейддер улам жүрүп жатканы менен, бул жааттагы мамлекеттик талаптар ачык-айкын эместигин айткандар бар.

Жеңил өнөр жай тармагындагы ишкер Жасур Парпиев буларга токтолду:

“Мыйзамсыз миграциянын күчөшүнө мамлекеттин жана мигранттарды жумушка чакырган ишканалар, ишкерлер да айыптуу. Процессти жеңилдетүү керек. Бангладеш, Индия же башка өлкөлөрдөн келгендердин эмгегин документтештирүү үчүн кыйла убакыт керек. Муну мамлекет өзү да көп баскычтуу кылып салган. Ошол себептүү “мыйзамсыз жүрө берели, кармалып калсак айып төлөп чыгып кетебиз” деген ойго ишкерлер менен жумушчулар да көнүп калган”.

Кыргызстанда сырттан келген эмгек мигранттарынын көбөйүшү коомдогу жумушсуздук маселесин да көтөрдү. Жумуш берүүчүлөр сырттан келген эмгек күчү арзан экенине жана жумушчулардын туруктуулугуна артыкчылык бергени менен, коомчулукта бул көрүнүш өлкөдөгү жумушсуздукту көбөйтөт деген чочулоолор да бар.

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров миграция агымы боюнча терең анализ жүргүзүлүшү керек деген пикирде:

“Алгач терең анализ жүргүзүү керек. Кайсы тармактарга, ишкерге жумушчу жетишпейт, жергиликтүү жарандар эмне үчүн ал жерде иштебейт деген суроонун жообун тактоо маанилүү. Чынында эле жергиликтүүлөр иштебей турган жумуштар болсо, четтен эмгек күчүн тартуу керек. Ар бир адам менен эмгек келишими түзүлүп, бул атайын базага кириши керек. Чет өлкөлүк качан кирди, качан чыгат, аны кайсы ишкана чакырган - ушулар боюнча маалыматтар болушу шарт. Эгер мыйзам бузула турган болсо, жумушка чакырган компания жоопкерчилик алууга тийиш”.

Министрлер кабинети тарабынан 2024-жылга карата чет элдик жарандарга Кыргызстанга келип иштөөгө 25 миң квота бекитип берилген. Өкмөт бул квоталар жумушчу күчүнүн жетишпегенинен улам ишкерлердин өтүнүчү менен көбөйтүлгөнүн айтууда. Алардын көбү негизинен курулуш жана тигүү тармагында эмгектенет.

Саясатчы Мавлян Аскарбеков өкмөт дүйнөдөгү миграциялык тенденцияны эске алып, бул тармактагы узак мөөнөттүү программаны иштеп чыгышы керек деген пикирде:

“Эгер биздин экономика четтен мигрант чакырууга муктаж болуп турса, ушундай чечим кабыл алынышы керек. Курьерлерди, тигүү цехтеринен мыйзамсыз жүргөндөрдү кууп чыгуу - экономиканы талкалай турган саясат. Ошол себептүү миграциялык саясатты өзгөртүү зарыл. Биздин жаштар да чет өлкөгө миграцияга кетип жатат. Анткени кыргыз экономикасы алардын күтүүлөрүн канааттанырбай жатат. Ал эми бизден кедей же артта калган мамлекеттин жарандарын биздин сунуштап жаткан маяна канааттандырат. Бул миграциянын табигый процесси экенин кабыл алып, ошого жараша чечим чыгаруу керек”.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2023-жылдын эсебинде Кыргызстанда 20 миңден ашуун бош жумуш орундары болгонун, 2024-жылдын май айына карата анын 6 миңден ашыгы дале бош турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG