Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:39

Израил менен "Хезболланын" ортосунда согуш тутанабы?


Расмий Бишкек кырдаалдын чыңалышынан улам Израил менен Ливанда жашаган кыргызстандыктарды этият болууга чакырды. Байкоочулар “Хезболла” менен Израилдин ортосунда согуш тутанса, кесепети кыйла оор болорун айтышууда.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 24-июнда Израилдин коргоо министри Йоав Галлант менен жолукканда, Газа тилкесиндеги согушка Ливан менен “Хезболла” тобун аралаштырып алуудан этият болууну эскертти.

Израил менен "Хезболланын" тиреши

Өткөн аптада ХАМАСтын союздашы, Иран колдогон ливандык "Хезболла" тобу менен Израил ортосундагы ракеталык атышуулар күчөдү.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 24-июнда АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобуна каршы күрөштүн активдүү фазасы аяктап баратканын билдирген.

"Андан соң биздин алдыбызда аскердик күчтөрүбүздүн бир бөлүгүн түндүккө (Ливан менен чек ара тилкесине - ред.) жөнөтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт", - деди өкмөт башчы.

Ал бул кадамын коргонуу жана ошол жактан эвакуация болгон израилдиктердин үйүнө кайтышына мүмкүнчүлүк түзүү максаты менен түшүндүрдү.

“Хезболла” Израилге былтыр октябрдан тартып, Газада согуш башталгандан көп өтпөй эле чабуул коё баштаган. Ошондон бери атышуулар дээрлик күн сайын болуп келген.

Атышуулардан улам Ливанда 450дөн көп киши, негизинен "Хезболла" тобунун жоочулары мерт кетти. Сексенден ашууну карапайым тургундар. Ал эми Израилде куралдуу кыймылдын чабуулдарынан 16 аскердин жана 11 карапайым тургундун өмүрү кыйылганы кабарланды.

Израилде чек аралаш аймактан он миңдеген тургундар үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болушту. Түмөндөгөн ливандыктар дагы Израилдин аба соккуларынан улам качкынга айланышты.

Өткөн жумада ЦАХАЛ "Хезболлага" каршы чабуулдун планын жактырып, бекиткенин жар салган.

Ал эми "Хезболла" тобу "Бизге каршы согушууну ойлогондор өкүнүп калышы мүмкүн” деген мазмундагы видеону таратып, лидери Хасан Насралла Израил мындай кадамга барса күрөш узак болорун эскертти. Эл аралык коомчулук чөлкөмдө жаңы куралдуу жаңжалга жол бербеш керектигин айтышууда.

"Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын ырбап кетишине жол бербөө керек. Ойлонулбаган кадам жаңжалды тутантып, оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Ачык айталы, чөлкөм, дүйнө эли, жалпы Жер жүзү Ливанды дагы бир Газа тилкесине айлантууга жол бере албайт", - деди 21-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гуттериш.

Серепчилердин айтымында, “Хезболла” ХАМАСка караганда алда канча кубаттуу, ошондуктан Израил менен “Хезболланын” ортосундагы согуштун кесепетинен бүтүндөй чөлкөм жабыркашы ыктымал.

Израил менен Ливандын ортосунда чыңалуу күчөдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00

"Хезболла" эмне деген уюм?

"Хезболла" уюму 1982-жылы Ливандагы жарандык согуш маалында негизделген. Анын баштапкы максаттарынын бири Ливандын түштүгүн Израилдин оккупациялоосун токтотуу болчу. Буга радикал уюм 2000-жылы гана жетише алды.

Шийи мусулмандарынан турган кыймыл Иран колдогон фракциялардын жана өкмөттөрдүн катарына кирет.

Алгачкы жылдары топ АКШга караштуу гана жайларга кол салгандыктан Вашингтон аны террордук уюмдардын катарына киргизген.

"Ирандын колдоосу менен "Хезболла" Ливандагы эң кубаттуу саясий жаат катары өз турумдарын бекемдеп, Жакынкы Чыгыштагы Иран колдогон кубаттуу аскердик оюнчуга айлана алды", - дейт Лондондо жайгашкан SOAS Жакынкы Чыгыш боюнча институттун башчысы Лина Хатиб.

2006-жылы "Хезболланын" жоочулары эки израилдик аскерди барымтага алып, эки тараптын ортосунда бир айга созулган согуш болгон. Израил "Хезболланы" жок кылуу максатында кеңири масштабдагы абадан жана жерден чабуул баштаган. Бирок өз мүдөөсүнө жеткен эмес.

Израил армиясынын бомбалоосунан улам Ливандын түштүгүндөгү бир катар аймактар жер менен жексен болгон. "Хезболла" Израилдин аймагын көздөй миңдеген ракеталарды учурган.

Андагы куралдуу жаңжал 1200дөй ливандыктын жана 160тай израилдиктин, негизинен аскерлердин өмүрүн алган.

Израилдин аймагында "Хезболланын" ракеталык соккусунан кийин тутанган өрт. 12-июнь, 2024-жыл.
Израилдин аймагында "Хезболланын" ракеталык соккусунан кийин тутанган өрт. 12-июнь, 2024-жыл.

Тараптардын дарамети кандай?

Ливандагы төрт жылдан ашуун убакыттан бери уланып келаткан экономикалык кризис бир катар мамлекеттик институттарга, анын ичинен армия менен электр тармагына кедергисин тийгизип, саламаттык сактоо тармагын дээрлик бүт бойдон талкалады. Өлкө бир миллиондон ашуун сириялык качкындарды кабыл алган.

Былтыр октябрь айынын соңунда Ливан чукул план кабыл алып, кокус согуш чыгып кетсе бир миллиондон көп ливандык көчүрүлөрүн боолгогон.

Эл аралык миграция боюнча эл аралык уюмдун маалыматына караганда, азыркы маалда 95 миң ливандык чек аралаш аймактардан чыгып кетти. "Хезболла" алардын көбүнө азыраак акча бөлдү.

Ал эми Израил банкынын маалыматына караганда, Газадагы согуштан улам учурда өлкө экономикалык жана социалдык кризиске батып турат. Эсептерге ылайык, Израил бюжетинен жыл соңуна чейин согушка 50 миллиард доллар же улуттук экономикалык кирешенин 10% коротулат.

Согуштун кесепети кандай болот?

Эгер Израил менен "Хезболла" ортосунда куралдуу жаңжал тутанса, ага Сириядагы, Ирактагы жана Йемендеги ирандык күчтөр аралашууга аргасыз болушат. Андан тышкары АКШ да тартылып кетиши мүмкүн.

Израилдеги "Улуттук коопсуздукту иликтөө институту" аналитикалык борборунун эксперти Орна Мизрахи билдиргендей, "Хезболлада" 150 миңден 200 миңге чейин узак аралыкка сокку ура алган ракеталар бар. Анын айтымында, бул арсенал ХАМАСтыкына караганда беш эсе көп жана жогорку тактыкта иштейт.

Андан тышкары “Хезболланын” Сириядагы жарандык согушка катышкан, тажрыйбалуу миңдеген жоочулары, он миңдеген ракеталардын турган арсеналы жана дрон паркы бар.

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху "Бейрутту Газага айлантып саларын" эскерткен.

Тилкеде былтыр октябрдан бери жасаган Израилдин чабуулдарынан бери дегенде 37 миң палестиндин өмүрү кыйылганын Газанын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

Израилдин коргонуусу кыйла бекем, аларда абадан коргонуу системалары, анын ичинде "Темир калканычы" бар. Ал ракеталардын 90% ийгиликтүү атып түшүрө алат. Анткен менен жапырт сокку болсо туруштук бере албай калышы мүмкүн. Израилдиктердин 40% коопсуздук чаралары бекемделген үйлөрдө жашайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG