Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:00

"Орусия мени, Кыргызстан аялымды киргизбей койду". Орус паспортунан, кыргыз атуулдугунан чыккан көйгөйлөр


Жубайлар Ынтымак жана Жыпаргүл.
Жубайлар Ынтымак жана Жыпаргүл.

Соңку жылдары Кыргызстандын атуулдугун алгандардын басымдуу бөлүгүн кыргыздар түзүп жатат. "Азаттык" бир кезде орус паспортун алып, азыр кайрадан кыргыз жарандыгына тапшырып жаткан бир нече мекендеш менен байланышты.

"Өз жериме кире албай калганыма ишене албай отурдум"

Жыпаргүл бир жаштагы кызы менен бир апта мурун Кыргызстанда кире албай калды. Буга анын орус жараны экени, тагыраагы, чет өлкөлүк катары Кыргызстанда каттоого турбаганы себеп болгон.

"Мен орус жарандыгын Орусияга бир топ жыл мурун иштеп келген ата-энем менен кошо алгам. Ал кезде 17 жашта болчумун. Ошентип, биринчи паспортум орус паспорту болуп калып, кыргыз паспортун, атуулдугун алган эмесмин. Кыргызстанга деле орус паспорту менен келип-кетип жүрчүмүн. Бирок ал кезде 1-2 ай эле болчумун. Былтыр эки балам, күйөөм менен кошо Кыргызстанга келгенбиз. Быйыл жазда мен бир айга Орусияга барып, кайра келгенде кире албай калдым. Кызым экөөбүздү чек арадан өткөрбөй коюшту", - дейт Жыпаргүл.

Чек арачылар Жыпаргүлгө тапшырган документ.
Чек арачылар Жыпаргүлгө тапшырган документ.

Чек арачылар Жыпаргүлгө берген кагазда ага Кыргызстанга 208 күн, башкача айтканда, жети ай кирүүгө тыюу салынганы жазылган. Анын күйөөсү - кыргыз жараны. Ал уулу менен Кыргызстанда калган.

"Бир жаштагы кызым менен кайра Москвага кетчү каттамды күтүп, аэропортто түнөдүк. Эртеси учуп кеттик. Беш айлык боюмда бар. Азыр эми Москвада кайнежемдин үйүндө жашап жатам. Эмне кылышымды билбейм. Москвадан Кыргызстанга кайтканыбызга күйөөмдүн депортация болгону себеп болгон. Жолдошум былтыр Сахарово борборунда бир ай жатып, Орусиядан чыгарылган. Ал Кыргызстанда бир балам менен, мен кызым менен Орусияда калдык. Ыйлайт экенсиң. Аябай жаман болот экенсиң. Өз жериме кире албай калганыма ишене албай отурдум".

Жыпаргүл күйөөсү Ынтымак менен Орусияда таанышып, баш кошушкан. Жубайлар эки балалуу болуп, азыр үчүнчүсүн күтүп жатышат.

Жыпаргүл Орусиянын жараны болгондуктан "Азаттык" жүзүн ачык көрсөтө албайт.
Жыпаргүл Орусиянын жараны болгондуктан "Азаттык" жүзүн ачык көрсөтө албайт.

Ынтымак 2019-жылдан бери Москвага барып-келип иштечү. Былтыр ал Москвадагы рейддерден кийин соттун чечими менен 10 жылга Орусиядан чыгарылган.

"Менин документим жасалма болуп чыккан. Москванын 3-бөлүмүнө алып барышып, ошол жерде соттун чечими менен чыгып кеттим. Азыр эми биз ара жолдо калдык. Мен бул жакта бир балам менен калдым. Аны азыр 1-класска киргизүү үчүн мектеп издеп жүрөм. Жубайым экөөбүздүн нике күбөлүгүбүз жок болгону да ишти оорлотту. Миграцияда жүргөндө ал кагазды алганга деле жетишкен эмес элем. Азыр бул жакта кара жумушта иштеп, 30 миң сомго батир ижарага алдым. Бул жакта деле жашоо кымбат экен. Негизи ушул мигранттарга бир аз өкмөт карап койсо деп айтат элем", - деди Ынтымак.

Жыпаргүл Кыргызстанга келер замат кыргыз паспортун, атуулдугун алууга аракет кыларын кошумчалады.

Жубайлардын иши менен ушул тапта Орусиядагы кыргызстандык юрист алектенип жатат:

"Менде ушуну менен үч иш болду. Аялдар көп учурда Орусиядагы мүмкүнчүлүктөрдөн улам жарандык алып алат. Эркектер депортация болгондо балдары менен болуп же келе албай калып жатышат. Жарандык үчүн эки жакта калган үй-бүлөлөр деп атасак болот буларды".

Орусиянын жана Кыргызстандын паспорту.
Орусиянын жана Кыргызстандын паспорту.

"Эки бутубуз эки өлкөдө болуп жашадык"

Өзүн Тимур деп тааныштырган жаран 2000-жылдардын башында Орусиянын Тюмень облусуна иштегени келген.

Бир нече жыл базарда иштеп, 2007-жылы тынымсыз текшерүүлөрдөн улам орус жарандыгын алууга аргасыз болгонун айтты. Ал Бишкектеги калкты тейлөө борборунун биринде турган жеринен байланыштык.

"Азыр эле кыргыз паспортун алуу үчүн документтерди тапшырып чыктым. Кезек узун. Мен сыяктуу Орусияда иштеген кыргыздар да бар экен. Мен деле досумдан угуп, анан документ тапшырганы келдим. Ал жакында эле кыргыз паспортун алган. Мен орус жарандыгын алып жатканда кыргыз жарандыгынан баш тартам деп ойлогон эмесмин. Биз документтерди текшерүүлөрдөн чарчап, жарандыкка тапшырганбыз. Балдарым да Орусияда төрөлдү. Үй-бүлөбүз менен Орусиянын жараныбыз. Бирок ал кезде бирдиктүү база болгон эмес окшойт. Жарандыктан баш тарткан деген тизмеден биз чыккан жокпуз. Ошондуктан жеңил бүтөт деп айтышты. Бул жакта ата-энемдин үйүнө убактылуу каттоого туруп, документтерди тапшырып келдим".

Тимур ондогон жылдар бою Орусияда иштеген акчасына Кыргызстанда жер тилке, турак жай алганы менен, аны өз атына каттата алган эмес. Жарым жылдан бери мекенине кайтып келип, жашап жаткан маектешим ушул өңдүү себептерден улам да кыргыз паспортун алууга муктаждык жаралганын айтып берди:

"Мурун жайкысын кыска убакытка эле келип кетчүбүз. Бул жолу келгенибизге жарым жылдан ашты. Алгач чет элдик жаран катары каттоодон өттүк. Кийин ойлонуп отуруп, атуулдук алууга документ топтой баштадым. Азырынча мен эле баштадым. Буга чейин алган мүлктөрдү апамдын атына каттатып келгенбиз. Паспорт алсам ошол сыяктуу маселелер чечилет экен. Андан тышкары, акыркы жылдары биротоло Кыргызстанга келели деген ой жаралды. Орусияда ушунча жыл иштеп жүрүп, үй да алып калдык. Ошентип эки бутубуз эки өлкөдө болуп жатат. Бирок мигранттардын көбү Кыргызстанга киргенде кыргыз паспортун көрсөтүп, Орусияда орус паспорту менен жүрүшчү. Менде кыргыз паспорту такыр жок эле. Кыргыз атуулдугун кайра алам деген оюм тээ беш жыл мурун эле пайда болгон. Тюмень Москвага караганда тынч, салыштырмалуу коопсуз болсо да, баары бир кетем деген ой менен жашайт экенсиң. Акыркы жылдары ал ой мурункудан күчөп, чыгынып жасатып жатам. Адатта мигранттар Кыргызстанга келгенде той-топурдан бошобойт. Документ менен алектенгенге деле убактың болбойт".

Орусиянын паспорту.
Орусиянын паспорту.

Баш мыйзамдын эски жана жаңы редакциясында "башка жарандык" деген түшүнүк камтылып, "башка жарандыгы бар Кыргызстандын атуулдары деле Кыргыз Республикасынын жараны катары таанылат" деген пункт бар.

Ошол эле мыйзам боюнча чек арага жакын мамлекеттердин жарандары, тагыраагы, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кытай Эл Республикасынан паспорт алган жарандар Кыргызстандын жарандыгынан расмий түрдө баш тартууга милдеттүү.

Кыргызстандын жарандыгын алууну көздөгөндөр үчүн Санариптик өнүктүрүү министрлигинин сайтында жарандык алуу үчүн тапшырылуучу документтердин тизмеси жарыяланган. Эрежеге ылайык, керектүү документтер тапшырылгандан кийин документтер Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин кызматкерлери тарабынан толтурулат. Андан кийин документтер топтому мыйзам тарабынан белгиленген тартипте каралат.

Орусияда Украинадагы согушка байланыштуу аскердик мобилизация жарыялангандан кийин бул орус паспортун алган кыргызстандыктардын маселеси козголо баштаган. Мобилизация, согушка азгырык жана тынымсыз рейддердин артынан армияга жарамдуу кыргыз мигранттарынын канчасы мекенине кайтып келгени белгисиз. Алардын арасында бир кезде кыргыз паспортунан баш тарткан Орусиянын жарандары да бар.

Расмий эсепте орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны 600 миңден ашуун. Алардын жарымы кыргыз паспортунан баш тартпаганы кабарланып келет. Демек, жок эле дегенде 300 миңдей теги кыргызстандыктын кыргыз жарандыгы жок.

"Орус паспортун алдыңбы, согушка бар"

Орусиядагы мигранттар менен иштеген юрист Мирлан Токтобеков мобилизациядан улам мекенине кайтып келген кыргызстандыктардын саны көп экенин белгилейт. Ал ошол эле кезде согуштан качып келген жарандар арасында кайрадан кыргыз атуулдугун алууда маселе жаралганына токтолду:

Мирлан Токтобаев.
Мирлан Токтобаев.

"Атуулдук алуудагы тоскоолдуктарга өзгөчө эркектер кабылды. Эмне үчүн? Анткени жарандык алууда негизги документтердин бири - аскердик билет же каттоого туруу. Орус жарандары, албетте, Орусияда аскердик каттоого турушкан. Мобилизациядан улам бул жакка келгендиктен алар каттоодон чыккан эмес. Эми азыр аскердик абалда турган Орусиядан ал кагазды алып келүү мүмкүн эмес. Алардын колунда орус паспорту бар, кыргыз атуулдугун ала алышат, мыйзам жол берет, бирок аскердик каттоодон чыга албайт. Андай жарандарыбызга психологиялык басым да болуп жатат. Мисалы, айрым мамлекеттик кызматкерлер "орус жарандыгын алдың беле, бар, каттоодон чыгып кел же согушуп кел" деп айтат экен", - деди юрист.

“Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамдан тышкары 1999-жылы кол коюлган “Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын жана Орусиянын ортосундагы жарандык алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө” макулдашуу бар.

Ага ылайык, СССР ыдыраган 1991-жылга чейин туулган жогорудагы үч өлкөнүн жарандары Кыргызстандын жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн тартип менен алса болот.

"Кыргыз жарандыгы керек, бирок орус паспортунан баш тартпайбыз"

Бишкек шаарынын тургуну Элнура күйөөсү менен мобилизациянын айынан Кыргызстанга келүүгө аргасыз болгон. Элнура - Орусиянын жараны. Күйөөсү Кылыч - Кыргызстандын атуулу.

"Москвага апам менен бала кезде баргам. Апам орус жарандыгын алып, мен дагы Орусиянын паспортун алгам. Жолдошум - кыргыз жараны. Согуш башталганга чейин ага да жарандык алуу боюнча документ тапшырган элек. Мобилизация башталганда жарандыкка да кайыл болуп, келе бергенбиз. Кийин Орусиядан жолдошума улам-улам чалып, жарандык сунушташты. Бирок макул болгон жокпуз. Бир жылдан бери Кыргызстанда иш баштап, Орусияга бара турган оюбуз жок", - Элнура.

Элнура өзүнүн жана балдарынын келечегин Кыргызстандан көргөнү менен, орус жарандыгынан баш тарткысы келбейт. Ал анын себебин минтип түшүндүрдү:

"Эми чынын айтканда, орус паспортунун күчү Кыргызстандыкынан жогору. Муну баарыбыз эле билебиз. Ошол эле кезде жарандык алгандарга орус өкмөтүнөн жеңилдиктер бар. Мисалы, ошол эле энелик капитал, балдарга жөлөк пул, жаш үй-бүлөлөргө колдоо, насыя же субсидиялар, пенсиянын өлчөмү. Насыя же ипотека алууга да жеңилдиктер бар. Ошондуктан орус паспортунан баш тартууга даяр эмесмин".

Жарандык маселелер менен иштеген юрист Эрика Түгөлбай мекендештерге "кыргыз жарандыгы керек, бирок орус паспортунан баш тарткысы келбейт" деп түшүңдүрдү. Юрист өзү да бир кезде кыргыз атуулдугунан баш тартып, орус жарандыгын алган.

"Мен өзүм алты жылдай орус жараны болдум. Юрист катары мыйзам менен таанышып, кыргыз паспортунан жана жарандыгынан ал кезде баш тарткам. Анткени орус жарандыгын кабыл алып жатканда документке кол коёсуң. Ал жерде кыргыз жарандыгынан, паспортунан баш тартам, кыргыз элчилигине паспортту тапшырам деген атайын бөлүк бар. Бирок көбү аны окуса деле паспортту бербей коёт. Кыргыз паспортун алып калып, эки жакта эки паспорт менен жүрө беришет. Бул мыйзамга туура келбейт. Бизде кош жарандык жок. Ошол эле кезде кыргыз өкмөтү бир кезде орус паспортун алгандарга жумшак карашы керек. Анткени аларды орус паспорту деле басым же ксенофобиялык мамиледен куткарбасын азыркы мисалдар көрсөтүп жатат".

Эрика Түгөлбай кызы орус жарандыгынан баш тартып, кийин кыргыз паспортун алган. Ал жарандык тапшыруудагы тоскоолдуктарды жон териси менен сезгенин айтып берди:

"Орус паспортунан баш тартуу үчүн айып пул төлөп, бир нече күн элчилигине барып, кезекте турдум. Ошентип отуруп, акыры кыргыз паспортун алдым. Азыр мага жарандык алып бергенге жардам сурап кайрылгандардын басымдуу бөлүгү эркектер. Алар мобилизациядан улам келгендер же Батыштын Орусияга салган санкцияларынан кыйгап өтүү үчүн Кыргызстанга иш которуп келгендер. Дээрлик баарынын улуту кыргыз, теги Кыргызстандан. Бирок бири да орус жарандыгынан баш тарткан эмес. Алардын баары эле кайсы бир күнү Орусияга кайтабыз, Орусияда жагдай оңолот деген ишеничте жүрөт. Башкача айтканда, орус паспортун жериши мүмкүн, бирок ал берген мүмкүнчүлүктөрдөн баш тарткысы келбейт".

Кыргызстандын башка мамлекет менен кош жарандык тууралуу келишими жана макулдашуулары жок. Болгону мигранттардын мыйзамдык статусун жакшыртуу үчүн "Мекен карт" деген программа иштелип чыккан. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу 24-майда билдиригенине караганда, Кыргызстанда "Мекен-карт" макамы 118 кишиге берилди. “Мекен-карт” алган кыргызстандыктарга “Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш” деген макам берилип, тарыхый мекенине визасыз кирип-чыгууга, уруксат документи жок эле иштөөгө, убактылуу жашоого жана билим алууга, медицина мекемелеринин кызматын колдонууга шарт түзүлөт. “Мекен-карт” 10 жылга чейин жарактуу болот.

Кыргыз жарандыгын берүү жана жарандыктан чыгаруу тууралуу жарлык Президенттик админстрациянын сайтына жайгаштырылып турат. Маалыматка караганда, соңку жылдары Кыргызстандын атуулдугун алгандардын басымдуу бөлүгүн түпкү теги кыргызстандыктар түзөт.

Кыргыз паспорту жана атуулдугу айланасында маселелер бир нече ирет көтөрүлүп, талкуу жараткан учурлар болгон.

“Азаттык” 2022-жылы 31-декабрда чыккан №417 жарлыктан Орусияда таанымал болгон ондогон ири саясатчылар, мамлекеттик кызматкерлер жана ишкерлер кыргыз жарандыгын алганын аныктаган.

Президенттин кыргыз жарандыгын берүү жана жарандыктан чыгаруу тууралуу жарлыгындагы маалыматтар 2023-жылдын августунан бери жабык боло баштады. Ага чейин Кыргызстандын жарандыгын алгандардын да, жарандыктан чыккандардын да тизмеси камтылган президенттин жарлыгы ачык жарыяланчу.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин буга чейин "Азаттыкка" берген маалыматына караганда, жыл сайын 9 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алат. Отуз жыл ичинде Орусиянын жараны болгон кыргызстандыктардын саны расмий эсепте 650 миңден ашкан.

Борбор Азия чөлкөмүндө Орусиянын паспортун алгандардын сап башында Тажикстан турат. Алты ай ичинде 74 160 тажикстандык, 21 647 казакстандык, 13 099 өзбекстандык, 1 549 түркмөнстандык Орусиянын жарандыгын алган.

Буга чейинки жылдары Орусияда жашап-иштеген кыргызстандыктардын саны миллионго жетери сөз болуп келген. Бирок акыркы кезде алардын саны азайганы айтылууда.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыровдун айтымында, 2022-жылы чет өлкөлөрдө Кыргызстандын 800 миңден ашык жараны эмгектенип жүрсө, ушул тапта алардын саны 657 миңге чейин азайган. Бул тууралуу ал 10-июнда “Биринчи радионун” эфиринде журналисттин суроосуна жооп берип жатып айтты. Жыйынтыгында эки жылда эмгек мигранттарынын саны 143 миңге чейин азайган.

“2022-жылы Орусияда 587 миң болсо, азыр 411 миңден бир аз ашат. Биздин байкоо боюнча, консулдук эсеп каттоодон өткөндөрдүн арасында Араб өлкөлөрүндө 100 миңден ашык жараныбыз жүрөт. Андан тышкары Түштүк Кореяда буга чейин 8 миңден ашык кыргыз жараны болсо, азыр алар 15 миңге жетип калды. Ошондой эле Европага кеткен эмгек мигранттары да көбөйүп жатат” , - деди ал.

Бул сандар консулдук каттоодон өткөндөргө гана тиешелүү. Бейрасмай маалыматтарда башка көрсөткүч болушу мүмкүн.

Жакында эле Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да Кыргызстан чет өлкөдө жүргөн эмгек мигранттарынын санын дээрлик 300 миң адамга азайта алганын билдирген.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG