Кызыктын кызыгы
Казакстандын төрагалыгы көп жагынан алганда чоң жаңылык болгону турат: ЕККУну бир жыл башкаруу тизгинин биринчи ирет экс-совет республикасы, КМШнын мүчөсү, азиялык өлкө алат. Мындай учур уюмдун тарыхында болгон эмес.
Андан да кызыгы – төрагалык укук бир да ирет уюмдун чен-өлчөмдөрүнө төп келген шайлоо өткөрбөгөн, адам укуктары, сөз эркиндиги чөйрөсүндө анын талаптарын аткармак түгүл көп учурда аларды таңазар албаган өлкөнүн колуна өтөт.
Сын пикирлер
Бул чечимге каршы чыгып жүрүшкөн эл аралык укук коргоочу уюмдардын бири Human Rights Watch 25-ноябрда атайын доклад жарыялап, Казакстан төрагалык орунга башынан эле татыксыз болчу деп белгиледи.
"Менимче, Казакстандагы адам укуктарынын абалы уюмдун стандарттары менен нормаларына төп келбей турганы айдан ачык иш. Ушул жүйөөдөн алганда анын төрагалыгы өтө эле өрөскөл көрүнөт", - деп айтты HRW уюмунун Европа жана Борборазия департаментинин орунбасар директору Рейчел Денбер.
Денбер казак өкмөтү жадакалса өзүнө алган эң жөнөкөй милдеттенмелерин да аткарбаганына, тескерисинче, бу жагынан керагар кадамдарды жасаганына көңүл бурду.
Денбердин сөздөрүн Freedom House уюмунун Европадагы директору Владимир Школников толуктады. Астана бийликтеринин соңку кездердеги кадамдары өтө өкүткө салганын ырастап, Школников "муну менен Казакстан тек гана аброй алгысы келет, а бирок айткан убадалардын эгерим аткарбайт" деп айткан адамдардын сөздөрүн тастыктаганын кошумчалады.
Журналисттерди коргоо комитетинин Европа жана Борбор Азия программасынын илимий кызматкери Муззараф Сулейманов басма сөз эркиндиги жагынан Казакстанда эч кандай жылыштар жок экенин бышыктады.
"Чындыгында абал мурдагыдан да начарлады. Биздеги басма сөздү, ага жасалган мамилени алып көрсөңөр, быйыл жыл журналисттерди уруп-сабоо, кодулап-коркутуу менен башталды. Интернет чөйрөсүн көзөмөлдөө боюнча мыйзам долбооруна ЕККУ өзү, эл аралык абройлуу уюмдар каршы болуп, бу документти кабыл албагыла деп эскертишти. Бирок бардык мындай чакырыктарга казак өкмөтү кулак кагып да койгон жок", - дейт Сулейманов.
Акырында ЕККУнун демократия институттары жана адам укуктары бюросун жетектеген Янез Ленарчич уюмдун Афинада 2-декабрда өткөн тышкы иштер министрлер жыйынында Казакстандагы кырдаалга ачык кыжаалатчылык билдирди. Ленарчичтин айтымында, төрага катары Казакстан уюмга кирген 56 өлкөгө үлгү болору өтө күмөндүү.
Батыштагы ыргылжың маанай
Казак өкмөтү төрагалык кызматка киришкен соң эмдиги жылы Астанада уюмдун саммитин өткөрүүнү пландап жаткан эле. Афинадагы жыйында ага катышар-катышпасын АКШ менен Британия "ойлонуп көрө турганын" ырасташты. Башкалар да ыргылжың позицияда калышты. Натыйжада саммиттин болор-болбосу арсар абалда калды.
Уюмга төрагалык кылуу милдетин Казакстанга берүү чечими мындан эки жыл мурда кабыл алынган. Өлкөнүн жетекчилиги 2010-жылга чейин демократиялык олуттуу реформаларды өткөргөнгө убада берген. Бирок андан бери адам укуктарынын абалы кескин мечөөлөп (төмөндөп) кетти.
Мамлекет башчы Нурсултан Назарбаев өмүрү өткөнчө президент болгонго укук алды, парламентке бир гана президенттин партиясы өткөрүлдү, саясий оппозиция жок кылынды, эркин журналисттер менен басылмалар да баш көтөрбөс абалда калышты.
Байкоочулар Казакстандын алдыдагы жылдагы төрагалыгы ЕККУда жаңы кризистерди чыгарарын айтышууда.