Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:02

Казакстан-Түркия: стратегиялык өнөктөштөр


Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев төрт күндүк расмий сапар менен Түркияда иш сапарда болду. Анын сапарынын жүрүшүндө "стратегиялык өнөктөштүк" келишимине кол коюлду.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 21- октябрь күнү расмий сапар менен Түркияга келип, Анкара жана Стамбул шаарларында саясат, соода жана маданият чөйрөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ордо калаа Анкарада түрк президенти Абдуллах Гүл, өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган жана оппозициядагы партиялардын лидерлери менен аймактык жана эл-аралык маселелерди талкууга алды. Жолугушуудан кийин болгон маалымат жыйынында Түрк Президенти Абдулла Гүл эки өлкөнүн карым-катнаштары тууралуу чакан маалымат берип, Казакстан келечекте НАБУККО долбооруна катышууга ынтызар экенин айтты.

“2008- жылдын ноябрь айынан бери Баку-Тбилиси-Жейхан мунай кууруна Казакстандын мунайы да куюлуп жатат. Жейханда Казакстандын жана жалпы Орто Азиянын мунайы дүйнө базарларына сатылып жатат”,- деген түрк президенти түрк ишкерлеринин Казакстанда көптөгөн долбоорлорду ишке ашырып жатканына көңүл буруп, аларга мүмкүнчүлүк жаратып бергени үчүн президентке жана казак калкына алкышын айтты.

400 чактуу казак ишкеринин жана көптөгөн министрлердин коштоосунда Түркияга келген Назарбаев Түркиянын Улуттук Мажилисинин жалпы кеңешинде атайын баяндама жасады. Казакстан Түркиянын Европа Биримдигине мүчө болуу мүдөөсүн колдоорун билдирген Назарбаев Түркия Казакстандын эгемендигин биринчилерден болуп тааныган өлкө экенин белгилеп, Түркиянын жетишкендиктерине кубанганын, Түркиянын экономикасы кийинки жылдарда дүйнөдөгү 17, Европадагы 6 ири экономика деңгээлине жеткенин айтты.

Өлкөсүндөгү кийинки жетишкендиктер менен тең бөлүшкөн Назарбаев Түркия дүйнөлүк жана аймактык маселелерде салмактуу таасири болгон бир өлкөгө айланганын баяндап, “Казакстан Түркиянын Евробиримдикке мүчө болуу мүдөөсүн колдойт. Бирок сиздер бир гана Батышка эмес, Чыгышка да көңүл бурууңуздар керек” деди. - “Тилибиз бир, динибиз бир! Жаша Түркия! Жаша Казакстан!” деп сөзүн аяктаган Назарбаевди депутаттар дүркүрөгөн кол чабуулар менен кабыл алышты.

Анкарада Президент Абдуллах Гүл тарабынан Түркия жумуруятынын эң жогорку мамлекеттик ордени ыйгарылган Назарбаев андан ары ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун кеңсесине келди. Аталган уюмдун жумушу менен таанышып чыккан Казак президенти уюмдун президенти тарабынан берилген Евразия орденин алды.

Анкарадагы сүйлөшүүлөрдө жалпысынан эки тараптуу, аймактык жана эл аралык маселелер каралып, президенттин сапарынын жүрүшүндө 4 келишимге, анын ичинде мамилелерди стратегиялык деңгээлге көтөргөн “стратегиялык өнөктөштүк келишимине” кол коюлду. Анкарадагы жолугушуулар аяктаган соң Назарбаев Стамбул шаарына учуп, “Алматынын маданият күндөрү” иш чарасына жана Түркия-Казакстан ишкердик форумуна катышты. Бул жерде Түркиянын ишкерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн Назарбаев аларды Казакстанда иш жасоого үндөдү. Назарбаев өзүнүн саякатын өтө жемиштүү болду деп баалап, ошол күнү элине кайтып кетти.




XS
SM
MD
LG