Иранда 28-июнда өткөн президенттик шайлоодо, алдын ала эсептер боюнча, реформатор Масуд Пезешкиан менен консерватор Саид Жалили алдыга чыкты. Бул тууралуу ирандык Tasnim агенттиги кабарлады.
Соңку маалымат боюнча Масуд Пезешкиан 10,4 миллион, Саид Жалили 9,5 миллион добушка ээ болду. Ал эми Мостафа Пурмохаммади – 3,4 миллион, Мохаммад Багер Галибаф 0,2 миллион добуш алганы айтылууда.
Оппозиция шайлоону “цирк” деп атап, бойкот кылууга чакырган.
Иранда добуш берүү укугуна ээ жалпы 61 миллион шайлоочу бар. Бирок буга чейинки шайлоолордо добушканаларга элдин 49 пайызы гана келген.
Талапкер жеңишке жетүү үчүн берилген добуштардан 50% кем эмесин алышы керек.
Шайлоонун экинчи айлампасы 5-июлга белгиленди.
Ирандын тарыхында президенттик шайлоо бир гана жолу - 2005-жылы гана эки айлампа менен өткөн.
Шайлоого кимдер катышты?
Консерваторлор лагеринен чыккан үч талапкер - парламент төрагасы Мохаммад Багер Галибаф, Улуттук коопсуздук боюнча улук кеңештин мурдагы катчысы, Саясий максатка ылайыктуулук кеңешинин мүчөсү Саид Жалили жана мурдагы ички иштер жана юстиция министри Мостафа Пурмохаммади.
Реформачыл саясатты карманган жалгыз талапкер - Масуд Пезешкиан. Ал кардиохирург адис. Реформатордук партиялардын, анын ичинде байистүү көз карашы менен таанылган, бийликте турган сегиз жыл бою консерваторлордун катуу сынына кабылып келген экс-президент Хасан Роуханинин колдоосуна ээ болуп жаткан саясатчы.
Талапкерлердин ар бири өлкөнүн жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеиге баш ийген Иран Конституциясынын Сакчылар кеңешинин элегинен өткөндөр.
Консерваторлор ички биримдик жок болгондуктан добуштары үч талапкерине бөлүнүп кетип, мындай жагдай жалгыз реформатордун пайдасына ойношу ыктымал экенинен кооптонуп турушат.
Алардын реформатор Пезешкиандын бийликке келишине жол бербеш үчүн бир талапкердин айланасына биригүү аракеттеринен, чакырыктарынан майнап чыккан жок.
Парламент спикери, 62 жаштагы салтуу консерватор, борбор калаа Тегерандын мурдагы мэри жана «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун» Аскер-аба күчтөрүнүн мурдагы командачысы Галибаф соңку 20 жыл ичинде ушуну менен президенттик шайлоого төртүнчү жолу катышууда. Ал тууралуу жемкорлукка байланыштуу бир топ айыптар айтылып келет, бирок бири да анын аятолла Хаменеи менен болгон жакын мамилесин бузган жок.
Белгилүү дипломат Жалили 58 жашта, ал Хаменеинин Улуттук коопсуздук боюнча улук кеңештеги жеке өкүлү. 2007-2013-жылдары аталган кеңеште катчы болуп турганда Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан делегацияны жетектеген. Талдоочулар аны “консервативдик лагердин катаал өкүлдөрүнүн бири” деп аташат. Буга чейин Жалили шайлануучу кызматтарды ээлеген эмес.
Азыркы тапта бир нече аймактын прокурору кызматын ээлеп турган мурдагы министр Пурмохаммади 64 жашта. 1987-жылы чалгын министринин орун басары болуп дайындалгандан бир жыл өтпөй Ирандын кеминде 32 шаарында саясий туткундар жапырт дарга асылган. АКШнын Мамлекеттик департаменти бул жараянда ал “алдыңкы ролду ойногонун” билдирген.
Жогоруда аталган консерватордук үч саясатчыдан башка талапкерди тандайм деген ирандыктарда бийликтин элегинен өткөн реформачыл жалгыз Пезешкиандан башка тандоо жок.
Иран парламентинин депутаты, 69 жаштагы хирург жана мурдагы саламаттык сактоо министри Масуд Пезешкиан бийликтин аялдарга хижаб боюнча коюп жаткан талаптарын сындап, саясат жаатында Батыш менен сүйлөшүү жургүзүү керек деген көз карашты карманат.
Бирок ошол эле учурда, ал ислам жумурияты принциптерин колдойт жана эгер президент болуп шайланып калса Хаменеинин саясатын карманарын айтып келет.
«Кудай буюрса Израилден тышкары бардык өлкөлөр менен достук мамилесин түзгөнгө аракет кылабыз. Хижаб – мыйзам чегинде чечилиши керек болгон маселе, бирок биз кыздарыбыз, апаларыбыз ырайымсыз жана агрессивдүү мамилеге туш болушуна эч качан жол бербешибиз зарыл».
Талдоочулар бүгүнкү шайлоо Иранда кандайдыр бир олуттуу саясий өзгөрүүлөрдү алып келбей турганын, бирок 1989-жылдан бери бийликтин бийик сересинде турган 85 жаштагы аятолла Хаменеинин мураскорлугуна таасир тийгизиши мүмкүн экенин белгилеп жатышат. Иранда аятолла – эң жогорку руханий лидер.
Ирандыктар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоолордун жыйынтыгы көрсөтүп жаткандай, бул жолу шайлоочулардын катышуусу 2021-жылдагы добуш берүүгө караганда бир аз жогору болушу ыктымал. Үч жыл мурдагы шайлоодо эң төмөнкү көрсөткүч катталган. Шайлоо укугу барлардын 49% азы гана добуш бергени расмий кабарланган. Бирок көз каранды эмес байкоочулар чынында андан да аз киши катышканын айтышкан.
Али Хаменеи добуш берип чыккандан кийинки сөзүндө шайлоочуларга кайрылып, баарын «күчтүү Иран» үчүн добуш берүүгө үндөдү:
«Ислам республикасынын узакка уланышы, күчтүүлүгү, аброю жана ар-намысы элдин катышуусунан көз каранды болот».
Бийликтин саясатына каршы чыккан, аны сындаганы үчүн куугунтукка кабылып, башка өлкөлөргө чыгып кетүүгө мажбур болгон ирандыктар бул шайлоого бойкот жарыялоого чакырып, буга чейинки шайлоолордон майнап чыкпаганын белгилеп жатышат.
Иранда мамлекеттик маселелер боюнча акыркы сөз укугуна аятолла гана ээ. Президенттин негизги маселелердин көпчүлүгүнө анчалык таасири жок.
Ирандыктардын көбү 1988-жылы борбор калаа прокурорунун орун басары болуп турганда саясий туткундар жапырт өлүм жазасына тартылган окуя үчүн «Тегеран касапчысы» деп атап келишкен Эбрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Абдоллахиян жана дагы бир нече киши быйыл 19-майда учак кырсыгында каза болгон.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, өлкөнүн бардык аймагында жалпысынан 59 миң шайлоо участогу ачылган, добуш берүү укугу бар шайлоочулардын саны 62 миллиондой киши. Чет өлкөлөрдө жашаган ирандыктар үчүн 95 мамлекетте кошумча шайлоо бекеттери ачылган.
Байкоочулар бул жолу талапкерлердин бири да жеңүүчү деп аталыш үчүн тийиштүү сандагы добуш ала албай турганын айтып жатышат.
Бийлик тыкыр көзөмөлдөп жаткан жараянда жеңиш үчүн талапкер жалпы добуштардын 50 проценттен кем эмесин алууга милдеттүү. Эгер бул жолу жеңүүчү аныкталбай калса, экинчи тур 5-июлда өтөт.