Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:31

Доминиканада түнкү клубдагы кырсыктан каза болгондор 120дан ашты


Санто-Домингодогу Jet Set түнкү клубу, 8-апрель, 2025-жыл.
Санто-Домингодогу Jet Set түнкү клубу, 8-апрель, 2025-жыл.

Доминикананын борбору Санто-Домингодо түнкү клубда болгон кырсыктан кеминде 124 киши каза тапты, алардын 33үнүн тек-жайы тактала элек. Бул тууралуу CNN телеканалы өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар агенттигинин жетекчиси Хуан Мануэл Мендестин айткандарына таянып жазды.

8-апрелде Санто-Домингодогу Jet Set түнкү клубунун чатыры белгилүү латын ырчысы Рубби Перестин концерти өтүп жаткан маалда урап түшкөн. Ырчынын сөөгүн уранды астынан эртеси күнү алып чыгышты. Маалыматка караганда, клубда 300дөн кем эмес киши болгон. Алардын 145и куткарылды. Азырынча уранды астында канча киши калганы беймаалым. Куткаруу-издөө иштери уланып жатканы айтылды. Кырсыктын себеби азырынча белгисиз.

Өлкө президенти Луис Абинадер үч күндүк аза күтүү күнүн жарялады. Ал кырсык болгон жерге жубайы менен барып, каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты. Президент X социалдык тармагына бардык куткаруу кызматтары жабыркагандарга жардам берүү үчүн иштеп жатканын билдирди.

Буга чейин бийлик тараткан маалыматта жабыркагандардын арасында таанымал адамдар, саясатчылар, спортчулар, музыканттар бар экени айтылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG