Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:37

Орус армиясы Киев жана Николаев шаарларына абадан чабуул койду


Харьковго жасалган аба чабуулдун кесепети. Архивдеги сүрөт.
Харьковго жасалган аба чабуулдун кесепети. Архивдеги сүрөт.

10-апрелге караган түнү орус армиясы Иранда жасалган “Шахед” түрүндөгү жанкечти дрондор менен Украинанын Киев жана Николаев шаарларына абадан сокку урду. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, бир катар жайкын тургундар жабыркап, турак жайлар жана башка имараттар талкаланды.

Киев шаарынын администрациясы дрон соккусунан жарандык жайлар жабыркаганын маалымдады. Киев облусунун акими Тимур Ткаченко Дарница районунда дрон сыныктары кулап, жеке менчик имарат кыйраганын, бир адам урандылардын алдында калышы мүмкүн экенин билдирди. Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар кызматынын куткаруучулары жөнөтүлгөн.

Кийинчерээк маалым болгондой, Дарница районунда бир катар үйлөр жана автоунаалар зыянга учурап, чарбалык курулуш толугу менен күйүп кеткен. Эки аялга жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Ошондой эле Голосеев районунда дрон сыныктары кампалар жайгашкан аймакка кулап, өрт чыккан. Киев шаарынын мэри Виталий Кличконун айтымында, тилсиз жоо толук өчүрүлдү.

Николаев облусунун администрациянын башчысы Виталий Ким билдиргендей, дрон чабуулунун натыйжасында эки жерде өрт чыккан. Он адам ар кандай деңгээлдеги жараат алып, үчөө ооруканага жаткырылган.

Ким кошумчалагандай, соккулардан үч автоунаа, 30 гараж жана бир административдик имарат да жараксыз абалга келди.

Орусиянын Коргоо министрлиги адатта аскердик жайларды гана бутага аларын билдирип, карапайым тургундар жашаган аймактарга сокку урганын четке кагып келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG