Ишке жаңы киришкен элчи Мекин Мустафа Кемал Өкем 7-апрель күнү Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакировго ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.
Министрдин орун басары Медер Абакиров элчи Мекин Мустафа Кемал Окемди элчилик кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалады. Ал элчинин жигердүү колдоосу менен кыргыз-түрк мамилеси мындан ары да бекемделе берет деген ишеничин билдирди.
Өз кезегинде Түркиянын элчиси жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, боордош кыргыз-түрк мамилесин чыңдоого бардык күч-аракетин жумшай турганын айтты.
Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле пландалып жаткан жогорку деңгээлдеги иш-чаралар боюнча актуалдуу маселелер, саясий жана соода-экономикалык чөйрөдөгү кыргыз-түрк мамилеси, анын келечеги талкууланды.
57 жаштагы Мекин Мустафа Кемал Өкем буга чейин Түркиянын Израилдеги элчиси болуп эмгектенген.
Түркиянын Кыргызстандагы мурунку элчиси Ахмет Садык Доган иш мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кызматтан кеткен.(ZKo)
Шерине