"Чек арасыз кабарчылар" (Reporters Without Borders - RSF) эл аралык уюму Кыргызстанда журналист Азамат Ишенбековдун президенттин ырайымы менен эркиндикке чыгарылышын кубаттады. Бул тууралуу уюмдун Телеграм каналында жарыяланды.
RSF билдирүүсүндө журналист Азамат Ишенбеков абакка "жасалбаган кылмышка" айыпталып, камалганын белгилеп, президент Садыр Жапаров аны менен кошо камалган журналист Махабат Тажибек кызын да эркиндикке чыгаруусу керек деп эсептей турганын жазды.
9-апрель күнү президент Садыр Жапаров түрдүү кылмыштарга айыпталып, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 40 чакты адамга ырайым берген. Алардын ичинде акын жана журналист, Temirov Live жана "Айт, айт десе" долбоорлорунун кызматкери Азамат Ишенбеков менен Фейсбуктагы пикири үчүн айыпталып, камалган Зарина Төрөкулова да бар.
Экөө тең ошол эле күнү эркиндикке чыгышты.
Азамат Ишенбеков 10-апрелде апасынын кыркылыгы болорун, ошол жакка кетерин "Азаттыкка" билдирди.
Зарина Төрөкулова да түрмөдөн чыгып, кызынын жанына келгенин, эми ден соолугун чыңдай турганын "Азаттыкка" айтты.
Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун кызматкери Азамат Ишенбеков “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айыпталып, Бишкектин Ленин райондук сотунун өкүмү менен беш жыл абакка кесилген. Кийинки соттук инстанциялар бул өкүмдү күчүндө калтырган. Бул долбоорлорго тиешеси бардыгы айтылган жалпысынан 11 журналистти Ички иштер министрлиги 2024-жылы январь айында кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен айып тагылган. (ZKo)
Шерине