Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:35

Каракол шаарынын мурдагы мэри кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жер тилкесине байланыштуу жасалма аукцион өткөрүүгө шектелип Каракол шаарын А.Ф.А. аттуу мурдагы мэри кармалганын 10-апрелде кабарлады. Атайын кызмат Каракол шаардык мэриясынын жетекчилиги жана башка адамдар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, муниципалдык жер тилкесин арзандатылган баада саткан фактылар аныкталганын билдирүүдө.

Марттын соңунда УКМК муниципалдык жер тилкелерин арзан баада сатууга шектүү катары Каракол шаарынын А.Э.А. аттуу биринчи вице-мэрин кармаган. Атайын кызматтын белгилешинче, 2021-2022-жылдары Кашка-Суу кичи районунан көп кабаттуу социалдык үй жана студенттик жатакана куруу үчүн Каракол шаардык мэриясы 8312,9 чарчы метр жер тилкесин бөлүп, ал аукционго коюлган.

"Кийин өлкө жетекчилигинин муктаж болгондорду арзан турак жай менен камсыз кылуу тууралуу талаптарын аткаруу үчүн мурда аукционго коюлган жерге көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) берүү пландаштырылган. Кийин бул жер тилкеси А.Н.К. аттуу жаранга жеке менчикке берилип, кийинчерээк ал кымбат жер участогуна алмаштырылган", - деп билдирди УКМК.

УКМК өз маалыматында жер участогуна алмаштырууну мэрдин кызмат ордун ээлеген А.Ф.А. жүргүзгөнүн белгиледи.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча А.Ф.А. Каракол шаарынын №23 тергөө абагына камакка алынды.

Ушул убакка чейин Каракол шаарында биринчи вице-мэрлик кызматта Эрлан Айсаракунов иштеп келген.

Ал эми Фархат Алжамбаев ушул жылдын 28-февралына чейин Караколдун мэри кызматын аркалаган.

УКМК тараткан маалыматтагы инициал Фархат Алжамбаевдин аты-жөнүнө туура келет.

Шектүүнүн адвокаты же жакындары комментарий бере элек. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG