Чүйдүн Молдовановка айылында жайгашкан №27 түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 42 жаран айып изоляторуна киргизилди. Бул тууралуу 9-апрелде Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор кабарлады.
Мекеменин расмий сайтындагы маалыматка караганда, камакта отургандардын жакындары аталган жайда кыйноо, уруп-сабоо болуп, суу бербей, тамак-аш киргизүүгө, жолугушууларга уруксат берилбей жатканын айтып кайрылышкан.
8-апрелде аталган борбордун кызматкерлери №27 түрмөгө барып, камактагылардан кабар алып, жагдай менен таанышып келди.
"7-апрелде тыюу салынган буюмдарды аныктоо жана алуу үчүн тинтүү жүргүзүлгөнү белгилүү болду. Мекеменин жетекчилиги билдиргендей, айрым соттолгондор коюлган талаптарды аткарбай, тыюу салынган буюмдарды алууга каршылык көрсөтүшкөн, натыйжада 42 киши айып изоляторуна (ШИЗО) киргизилген. Алар жазалоо камерасына камалгандыктан сырттан алып келген буюмдарды алуу жана жолугушуу укугунан ажыратылган", - деп айтылды маалыматта.
Борбордун кызматкерлери айып изоляторундагылар менен сүйлөшкөндө алар арыз жазуудан баш тартышкан.
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор түзөтүү мекемелеринде массалык жазалоо фактылары көбөйүп жатканын айтып, тынчсызданууда. Аталган мекеме айып изоляторуна камоо катуу жаза болуп саналарын жана ар бир факт кылдаттык менен каралышы керектигин белгилөөдө.
Жаза аткаруу кызматы мыйзамдагы талаптарды аткаруудан баш тарткан, ички тартипке баш ийбеген 42 соттолуучу 3 күндөн 15 күнгө чейин айып изоляторуна камалганын ырастап, кыйноо болгону тууралуу маалыматтарды четке какты.
Буга чейин бир нече жолу түзөтүү мекемелеринде, жаза өтөөчү жайларда тинтүү жүргүзүлүп, тыюу салынган буюмдар табылганы маалымдалган.
Жакында Жаза аткаруу кызматы жабык жайларга уюлдук телефон жана тыюу салынган буюм-тайымдарды киргизгендерге жазаны күчөтүү сунушун берген. Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Камактагы адамга мыйзамда тыюу салынган буюмдарды, заттарды же азык-түлүктү берүүгө аракет кылгандарга 17 миң 500 сом айып салуу сунушталды. Абакта жаткан кишиге уюлдук телефон берүүгө аракет жасаган адамга 20 миң сом айып салуу демилгеси көтөрүлдү.
Кыргызстанда жабык жайларда жазасын өтөп жаткандар уюлдук телефондорду ээн-эркин колдонуп, эркиндикте жүргөн адамдарды алдап, каражат алган да окуялар болгон. Мыйзам боюнча абакта телефон колдонууга тыюу салынган. (КЕ)
Шерине