Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:14

Иран: Президент Раиси бараткан тик учак кырсыкка кабылды


Эбрахим Раиси. Архивдик сүрөт.
Эбрахим Раиси. Архивдик сүрөт.

Иранда президент Эбрахим Раиси бараткан тик учак аба ырайынын айынан жерге араң конууга мажбур болгонун 19-майдын кечинде өлкөнүн ички иштер министри Ахмад Вахиди билдирди. Президентти коштоп дагы эки тик учак жүргөнү, алар Тебриз шаарына аман-эсен жеткени маалымдалды.

Окуяны "кыйынчылык менен конуу" деп атаган министр куткаруучулардын ал жерге жетүүсү оор болуп жатканын билдирди жана "Чоо-жайы боюнча кошумча маалымат күтүп жатабыз", - деди.

IRNA мамлекеттик маалымат агенттиги билдиргендей, Раиси отурган тик учакта тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Тебриз шаарынын башкы мечитинин имамы, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору жана башка жергиликтүү жетекчилер да бараткан.

Кырсыкка калың каптаган туман себеп болгону, куткаруучулар окуя болгон жерге жетүү аракетин көрүп жатышканы, бул аймак тоолуу жана токойлуу жер экени кабарланды.

Окуя Ирандын борбору Тегеран шаарынан 600 чакырым түндүк-батыш тараптагы, Азербайжан менен чек ара тилкесиндеги Чыгыш Азербайжан деп аталган провинциянын Жулфа шаарынын аймагында болгону айтылды.

IRNA агенттигинин соңку маалыматына караганда, куткаруучу тик учак окуя болгон жерге барып, бирок калың тумандын айынан коно албай, кайра кайтты.

Тик учакты издөөдөгү кыйынчылыктан улам Иран Европа Биримдигине кайрылганын уюмдун өзгөчө кырдаал учурундагы жөнгө салуу маселелери боюнча комиссары Янез Ленарчич билдирди. Ал Х социалдык түйүнүнө жазгандай, учакты табуу үчүн Евробиримдиктин Copernicus спутниктик картография кызматы активдештирилди.

Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеи өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрдү.

Fars News агенттиги ирандыктарга кайрылып, Раисинин амандыгы үчүн сыйынууга чакырды.

Мамлекеттик телеканалдар Ирандын Министрлер кабинетинин мүчөлөрү Тебриз шаарына жөнөшкөнүн маалымдады.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев окуяга кабатырлыгын билдирип, "Бүгүнкү достук кездешүүбүздөн кийинки болгон окуяга, Раисинин тик учагы амандыкта конбогону тууралуу маалыматтарга терең тынчсызданып" жатканын Х социалдык түйүнүнө (мурдагы Twitter) жазып, "Коңшу, дос жана бир тууган өлкө катары Азербайжан колунан келген бардык жардамын берүүгө даяр" экенин билдирди.

Армения жана Ирак да жардамын сунуштап, бул окуя аларды нес кылганын билдиришти.

Армениянын Тышкы иштер министрлигинин Х социалдык түйүнүндөгү баракчасында "Куткаруу иштери уланып жаткандыктан жакын жана дос коңшусу катары Иранга зарыл болгон жардамыбызды көрсөтүүгө даярбыз" деп жазды.

Ирактын премьер-министри Мухаммед Шиа ас-Судани өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине, Кызыл Ай коомунун бөлүмүнө жана тийиштүү мекемелерге "Ирандын президентинин учагын табууга зарыл ресурстарды ардам катары сунуштоону" тапшырды.

АКШнын Мамлекеттик департаменти "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берип жатып "Ирандын президенти жана тышкы иштер министри бараткан тик учак кыйынчылык менен конгону тууралуу маалыматтарга кылдат көз салуудабыз. Азыркы тапта бизде комментарий жок", - деп билдирди.

Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель X социалдык түйүнүнө (мурдагы Twitter) "Ирандын президенти менен тышкы иштер министрин ташыган тик учак күтүүсүз жерден конууга аргасыз болгону жана алардын абалы азырынча тактала элек деген тыкыр кабарлардан кийин Евробиримдикке мүчө мамлекеттер жана өнөктөштөр менен бирге биз кырдаалга кылдат көз салып турабыз" , - деп жазды.

Раиси бүгүн эртең менен Азербайжан менен чектеш тилкеге барып, бул өлкөнүн президенти Илхам Алиев менен чогуу Гыз-Каласы плотинасынын ачылышына катышкан. Бул эки өлкө Аракс дарыясына курган үчүнчү плотина.

Катаал саясатчы катары таанылган 63 жаштагы Раиси Ирандын президенти болуп 2021-жылы шайланган. Ал 1988-жылы Иран-Ирак согушунун соңунда миңдеген саясий туткунду жапырт өлүм жазасына тартууга катышкандыгы үчүн АКШнын санкциясына кабылган. Раиси жогорку руханий лидер Али Хаменеинин жакын санаалаштарынын бири экени белгилүү.

Эбрахим Раиси.
Эбрахим Раиси.

Айрым маалыматтарга караганда, эл аралык санкциялардын айынан Иран эскилиги жеткен тик учактарына тетик сатып алууда кыйынчылыктарга туш болууда.

Ирандын мыйзамдары боюнча, эгер президент каза болсо өлкөнү башкаруу милдети биринчи вице-президентке өтөт. Курамына Ислам кеңешме ассамблеясынын төрагасы, сот бийлигинин башчысы жана биринчи вице-президент кирген кеңеш жаңы президентти шайлоону 50 күн ичинде уюштурушу зарыл. Азыр Ирандын биринчи вице-президенти кызматын 69 жаштагы Мохаммад Мохбер аркалоодо.

Соңку маалымат

Кыйраган учакты издегени чыккан куткаруучулардын үчөө дайынсыз болуп жатканын BBC News жазды. Алар эл аралык Кызыл Ай коомунун кызматкерлери экени белгилүү болду.

Куткаруучулар окуя болгон жерге жакындап калышканы, бирок караңгы кирип, жаан тынбай жааганы аларга тоскоолдук жаратып жатканы маалымдалды.

Мамлекеттик телеканалдар күнүмдүк программаларын токтотуп, Раисинин амандыгы үчүн сыйынууларды көрсөтүүдө. Экрандын бир бурчунда тоо арасында жүрүп жаткан куткаруу операциясы тууралуу түз эфир жүрүүдө.

Reuters агенттиги Иран бийлигиндеги булактарына таянып «Иран президенти Эбрахим Раиси жана анын тышкы иштер министри бараткан тик учак тоолуу тилкеден өтүп баратканда өтө калың туман арасында калып кыйраганын», анын жана министр Хосейн Амир Абдоллахияндын «өмүрү коркунучта» экенин жазды.

"Аман калса деген үмүтүбүз чоң, бирок тик учак кыйраган жерден келип жаткан кабарлар тынчсыздануу жаратууда", - деди аты-жөнүн атабаган аткаминер.

Tasnim мамлекеттик маалымат агенттиги президентти коштоп жүргөндөрдүн бири байланышка чыкканын кабарлап, демек, тик учактын жүргүнчүлөрү тирүү деген божомолун жазган.

Mehr агенттиги президент аман экенин, машина менен Тебриз шаарына жөнөп баратканын жазган, бирок кайра ал кабарын өчүрүп салды. Тебриз Жулфадан болжол менен 130 чакырым аралыктагы шаар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG