Түркиянын бийлиги жер титирөөдө кыйраган имараттарга байланыштуу эки миңден ашуун адамга карата тергөө иштерин баштаган. 350 шектүү камакта.
Каза болгондордун жакындары соттук териштирүү жараяны өтө жай жүрүп жатканын, бул ишти аягына чейин көзөмөлдөй турганын айтып, күнөөлүүлөрдү эркинен ажыратууну талап кылып келишет.
"Чемпион периштелер"
Түркиянын Адыяман шаарынын чок ортосундагы Isias мейманканасы бул шаардагы эң чоң конок үйлөрдүн бири эле. 2023-жылы 6-февралда 10 кабаттуу мейманкана жер менен жексен болгон. Катарында Түндүк Кипрден Адыяманга волейбол мелдеши үчүн барган 36 мектеп окуучусу менен 72 кишиден бирөө да уранды астынан тирүү чыккан эмес.
Окуучулардын ата-энелери дароо мейманкананын кожоюну Ахмет Бозкуртту "шалаакылыктан адам өлтүрүү" беренеси боюнча сотко беришкен. Адыяман Башкы прокуратурасы тарабынан даярдалган айыптоо корутундусу былтыр декабрда гана кабыл алынган.
Ал эми жыл башында алгачкы соттук отурум өтүп, анда мейманкананын кожоюну менен катар 11 кишиге "шалаакылык" беренеси менен айып тагылып, прокурор аларды 22 жыл эркинен ажыратууну суранган.
Түрк маалымат каражаттарында жарыяланган айыптоо корутундусуна ылайык, Isias мейманканасынын мамы жана устундардын үзөңгү аралыктары, бетондун талаптарга жооп бербегендиги, металл мамычалардын жетишсиздиги сыяктуу курулуштагы мүчүлүштүктөр имараттын кулашына негизги себеп болушу мүмкүн экендиги айтылган.
Ошондой эле тергөөдө 2016-жылы 9 кабаттуу мейманканага дагы бир кабат уруксатсыз кошулуп, коопсуздук эрежелери сакталбаганы да белгиленген. Мейманкананын кожоюну Ахмет Бозкурт өзү менен кошо 11 шектүүгө тагылган айыптарды толугу менен четке каккан.
Зилзалада каза болгон мектеп окуучуларынын жакындары Инстаграмда "Чемпион периштелер" деген баракча ачып, коомду ойготууну көздөп, курулуштагы мүчүлүштүктөргө жол бергендер жоопко тартылат деп үмүт кылып келишет. Бирок сот чечимин чыгара элек.
Биринчи кабаттагы кафе мамыларды кескен
Кахраманмараш шаарынын Оникишубат районундагы "Эзги" деген аталыштагы 10 кабаттуу үй жер титирөөдө кулап, 35 киши каза болгон.
Кахраманмараш Башкы прокуратурасы Карадениз техникалык университетинин Курулуш инженериясынан бул үйгө байланыштуу эксперттик корутунду талап кылган. Жети профессор даярдаган баяндамада имараттын зилзалада кулашына аны курган фирма жана биринчи кабаттагы кафени оңдоп-түзөө иштеринин одоно жүргүзүлгөнү себеп деп айтылат.
Бул корутундудан кийин Башкы прокуратура "Керван" кафесинин кожоюндары Сами Керванжыоглу менен Мустафа Пекелге "атайылап адам өлтүрүү" беренеси менен айып тагып, 876 жылга чейин эркинен ажыратууну сураган. Бирок алар из жашырып, качып кеткен.
Каза болгондордун жакындары эки айыпталуучунун бир жылдан бери табылбай жатканына нааразы. Алардын бири Нургүл Гөксү.
Анын уулу Ахмет Жан, келини Несибе жана 6 айлык небереси Асуде кулаган үйдүн астында калган. Алардын сөөгү зилзаладан сегиз күндөн кийин гана чыгарылган. Жалгыз уулунан айрылган Нургүл Гөксу курулуш фирмасынын жана кафенин ээлери жоопко тартылышы керектигин айтып, адилеттик издеп келет.
"Бейиштин төрү" делген комплекс тыптыйпыл болгон
Мындан он жыл мурун Антакия шаарында курулган 12 кабаттуу (250 батирлүү) эң коопсуз делген Rönesans Rezidans комплекси зилзалада тыптыйпыл болгон. Курулуш компаниясы убагында "Бейиштин төрү" деп жарнамалаган бул комплекстен 269 кишинин сөөгү чыккан, 80 киши дагы деле табыла элек.
Бул комплексти курган компаниянын ээси Мехмет Яшар Жошкун ири өлчөмдөгү акча менен былтыр 10-февралда Монтенегрого чыгып кетер алдында кармалган.
Карадениз техникалык университети тарабынан даярдалган эксперттик корутундуда Rönesans Rezidansтын курулушунда жер титирөөгө тиешелүү эрежелер жетиштүү деңгээлде сакталбаганы жана бетондун сапаты төмөн экени аныкталган. Хатай Жогорку Сотунун прокурору Мехмет Яшар Жошкун менен сегиз кишиге "шалаакылыктан адам өлтүрүү" беренеси менен айып тагып, 22 жылдан ашык убакытка абакка кесүүнү суранган.
Бирок сотто курулуш компаниясынын кожоюну "имарат толугу менен кулаган жок, капталына кыйшайып калган" деп, күнөөсүн мойнуна алган эмес.
Түркиянын юстиция министри Йылмаз Тунч зилзаланын бир жылдыгына карата 4-февралда жергиликтүү телеканалга берген маегинде жер титирөөгө байланыштуу 2825 кишиге кылмыш иши козголгонун, алардын 350гө жакыны камакта экенин айтты.
Түрк аткаминери кылмыш иши козголгон адамдардын арасында жалдануучулар, курулуш компаниясынын жетекчилери, ээлери жана кийинчерээк имараттарга мыйзамсыз өзгөртүү киргизген адамдар бар экенин белгиледи. Бирок бул иштерде бир дагы мамлекеттик кызматкер соттоло элек.
Түркиянын президентинин былтыркы отчетунда айтылгандай, жер титирөөдөн жабыркаган 11 облуста жалпысынан 2 миллион 618 миң 697 имарат бар. Зыянды аныктоо иштеринин натыйжасында 35 355 имарат түрттүрүлгөн.
Учурда Хатай провинциясында урандылардын 97%, Кахраманмарашта 90% жана Адыяманда 88%ы тазаланган.
Бир да мамлекеттик кызматкер жоопко тартыла элек
Түркияда Сейсмологиялык кодекс жазылган, бирок ал көбүнчө сакталчу эмес. Бул документке ылайык, курулуш долбоорлору кылдаттык менен текшерилүүгө тийиш.
Эми "курулуш мунапысы" деген түшүнүк өлкөдө суроолорду жаратууда. Адистер аны "сапатсыз имараттарды мыйзамдаштырууга жол берген мыйзамдардын бүтүндөй жыйындысы" деп сыпаттап жатышат.
Түркияда буга чейин уруксатсыз салынган жана курулуш ченемдерине, анын ичинен өрт жана сейсмологиялык коопсуздук боюнча талаптарга жооп бербеген имараттарга мунапыс берилип келген. Аймактарда андай мунапыстар утур-утуру берилип турган. Курулушка тийиштүү соңку мунапысты өкмөт 2018-жылы кабыл алган. Ошондо 7 миллиондон ашык имарат, анын ичинен 5,7 миллион турак жай мунапыс алган. Жер титирөөдөн жабыркаган аймактарда 75 миңге жакын ушундай имарат бар.
Хьюман Райтс Уотч (HRW) уюмунун маалыматы боюнча, жалдануучуларга, курулуш инспекторлоруна жана техникалык кызматкерлерге каршы кылмыш иши козголгон, бирок жооптуу мамлекеттик кызматкерлер жоопко тартылган эмес.
Эл аралык укук коргоо уюму жарыялаган отчетто: "Коопсуз курулуш стандарттарына туура келбеген көптөгөн курулуш долбоорлорун бекитүүдөгү ролу жана белгилүү структуралык көйгөйлөрү бар имараттарда жашаган адамдарды коргоо чараларын көрбөгөндүгү үчүн бир дагы мамлекеттик кызматкер, шайланган мэр же шаардык кеңештин депутаты жоопко тартыла элек", - деп айтылат.
"Жер титирөөнүн бир жылдыгында Эрдогандын өкмөтү реконструкциялоо иштерине гана көңүл бурбастан, жер титирөөдө мүрзөгө айланган үйлөрдү, ооруканаларды жана мейманканаларды куруп, аларга уруксат бергендердин жоопкерчилигин камсыздоого да көңүл бурушу керек", - деп билдирди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон.
Быйыл 3-февралда президент Режеп Тайип Эрдоган Хатай, Кахраманмараш жана Шанлыурфа провинцияларына барып, алгачкы этапта жаңы салынган батирдин ээлерине ачкыч тапшырды. Ал зилзаладан 11 облус, 124 район, 7 миңге жакын айыл-кыштак кыйраганын, 14 миллион жаран кырсыктан жабыркаганын белгиледи.
Эрдоган бир жылдын ичинде 319 миң турак үй курула турганын убадалаган, бирок үстүбүздөгү жылдын март айына чейин 75 364 эле үй тапшырылары пландалууда. Башкача айтканда убадаланган үйлөрдүн 24%ы гана ээлерин табат.
Түрк өкмөтү аныктаган муктаждыктардын жалпы саны 680 миң үйдү түзөт. 2024-жылдын март айынын аягына чейин бул муктаждыктын 11%ы гана канааттандырылат.
Былтыр 6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта да таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллдык жер титирөө дагы кайталанган. Сирияда зилзаладан 6 миңдей адамдын өмүрү кыйылган.
Түркиянын Казына жана каржы министрлигинин маалыматында катуу жер титирөөнүн материалдык чыгымы 2 триллион лираны (103,6 миллиард доллар) түзгөн.