Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

Санкциядан улам түркиялык банктар Орусия менен байланышын үзүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиянын банктары АКШнын экинчи даражадагы санкцияларынан чочулап Орусиянын банктары менен кызматташуудан баш тартып жатышканын бүгүн 17-январда орусиялык "Коммерсантъ" басылмасы жазды.

Бүгүнкү күнгө карата, басылма белгилегендей, Түркиянын дээрлик бардык банктары Орусиядагы кредиттик уюмдар менен болгон корреспонденциялык байланышын үзүшкөн жана төлөмдөр менен иштөөсүн токтотушкан. "Коммерсанттын" өз булагы мындай чектөө Орусияда иштеген чет өлкөлүк банктарга гана тиешеси жоктугун белгиледи.

Каржы рыногунун катышуучуларынын айтымында, кырдаал декабрь айында Европа Биримдигинин санкцияларынын 12-пакети күчүнө кирип, ал эми АКШ президенти Жо Байден экинчи даражадагы санкциялар тууралуу жарлыкка кол койгондон кийин оорлошту.

Бул эки документ Орусиянын Украинага кол салуусу уланып жатканына жооп катары кабыл алынган.

Түркиялык банктар АКШнын санкциялык тизмесине кирип калышса долларлык төлөмдөргө жол жабылып, жергиликтүү кардарларынан айрылып каларын айтып кооптонуп жатышат. Алардын пикиринде, эгер түркиялык банктар үчүн кооптуулук деңгээли өтө жогору болсо, Орусия үчүн жалгыз ыңгайлуу вариант катары Түркия менен эсептешүүнү башка өлкөлөрдүн, мисалы, КМШ мамлекеттеринин банктары аркылуу жүргүзүү жолу калат.

Буга чейин орусиялык банктар менен кызматташуу шарттарын Кытай да катуулатып жатканы белгилүү болгон. Алар да АКШнын экинчи даражадагы санкцияларынан кооптонууда. (RK)

XS
SM
MD
LG