Өкмөт Жогорку Кеңеште Баткенди калыбына келтирүү жана күз-кыш мезгилине даярдык боюнча маалымат берди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы чырда Баткенде турак жайы жарыксыз болуп калгандарга суук түшкөнчө үйлөрүн куруп берүү аракети көрүлүп жатканын айтты. Айрым депутаттар иштер жай жүрүп жатканын сынга алышты.
Акылбек Жапаров 19-октябрда Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышуу тууралуу маалымат берди. Ал чек арадагы соңку окуядан кийин Баткенде аскерлерди күчтөндүрүп, жергиликтүү калктын өзүн-өзү коргоо моделин өзгөртүү зарылчылыгы пайда болгонун билдирди. Эки өлкөнүн чек ара маселесин чечүүдө Орусиядагы карталар да карала турганын ырастады.
“Кыргыз-тажик чек арасына акыркы чекитти коюу үчүн Орусия Федерациясы да өзүнүн позициясын билдирди. Москвадагы мамлекеттик архивдерде сакталып турган союз убагындагы карталар, материалдар республикалар арасында жер бөлүштүрүү боюнча чечимдердин түп нускалары көтөрүлүп каралат. Аларды тастыктап беришсе, кыргыз-тажик чек арасы боюнча да макулдашууларга бир кадам жакындамакпыз. Биз тынчтыкты сүйгөн мамлекетпиз. Бардык маселени тынчтык жолу менен сүйлөшүп бүтүрүүгө болгон күч-аракетибизди жумшайбыз”.
Өткөн аптада Казакстандын Астана шаарында 20дан ашуун өлкө лидери чогулуп, бир нече эл аралык жыйындар өткөн. Анын алкагында Кыргызстандын, Орусиянын, Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болгон. Путин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып кыргыз-тажик чек арасындагы маселени чечүүдө Москвадагы карталар да караларын кабарлаган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин соңку маалыматы боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда Кыргызстандын курман болгон 63 жаранынын 48и аскер кызматкерлери, 15и жергиликтүүлөр. Андан тышкары 206 киши ар кандай жаракат алды. Анын 145и жоокерлер, 60ы карапайым адамдар.
Куралдуу кагылышта Кыргызстандын айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үйдү оңдош керек. Ошондой эле 14 мектеп, беш саламаттыкты сактоо мекемеси, 15 административдик, стратегиялык объектилер, бир көпүрө, 197 жашоо-тиричилик камсыздоочу объектилер, 337 мал сарай жана 61 автоунаа талкаланып, өрттөлгөн.
Чек ара чырынан улам 136 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которууга аргасыз болгон, 132 миңден көбү кайра үйлөрүнө кайтып барды.
“Баткен облусун колдоо боюнча атайын эсепке 327 млн. 549 миң сом чогулду. 317 үй-бүлөгө 200 миң сомдон бөлүнгөн. Жалпысынан 63 млн. 400 миң сом берилди. Калган каражат атайын эсепте турат. Токтомдун негизинде курман болгондордун жакындарына жана үй-бүлөлөрүнө бир жолку материалдык жардам берилди. Каза болгон 15 адамдын жакындарына 1 млн. сомдон, оор жаракат алган жети кишиге 200 миң сомдон, жеңил жаракат алган 23 адамга 100 миң сомдон бөлүндү”, - деди Төрөбаев.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жаракат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 81 кишинин тизмесин жарыялаган.
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева сессияда Баткен облусунун айылдарын калыбына келтирүү иштери начар жүрүп жатат деп сындап чыкты:
“Баткен облусунун макамы жөнүндө” деген мыйзамдын эле аткарылышын алып көрөлү. Президенттин жарлыгы чыгып, 500 млн. сом бөлүнгөн. Анын бир сому да иштетилген жок. Лейлек районуна 125 млн. сомду согуштан кийин ызы-чуу кылган соң гана берди. Жобосу да жок. Акимдер аны эмне кылышты билбей отурат. Мына, өкмөттүн иши. Согуштан кийин уюштуруу иштери да болгон жок. Социалдык тармакты тейлеген орун басары (ред: Министрлер кабинетинин төрагасынын) ошол жерге барып жатышы керек эле. Элге эле убал болду. Кыш болсо келатат. Борбордук айылында 16 үйдүн ордун казып эле коюшту. Социалдык объектилер жылбай турат”.
Бакыт Төрөбаев Баткен районунда чек ара чырында зыян тарткан 321 үйдүн 134ү боюнча иштер аткарылганын, 21 турак жайдын пайдубалы түптөлгөнүн айтууда. Ал Лейлек районундагы 101 үйдүн ичинен 49ун куруу жумуштары башталып, Баткендеги 203 турак жайдын орду тазаланып жатканын билдирди.
Парламенттин депутаты Миргүл Темирбаева Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чырды алдын ала албаганы үчүн Министрлер кабинетин сындады.
“Баткендеги чек ара чырына кыргыз өкмөтүнүн күнөөсү жок экенин айтып атасыңар. Силер түздөн-түз күнөөлүүсүңөр. Себеби, маселе дипломатиялык жол менен чечилбегендиктен согуш болду. Чалгындоо кызматы да жакшы иштеген жок. Элге ок атылгандан кийин гана алар качып кеткенге үгүрүштү. Айта берсе дагы көп кемчиликтер бар”.
14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу эки мамлекет тең бири-бирин агрессияга айыптап келет.
Министрлер кабинети бул сессияда негизинен күз-кыш мезгилине даярдык боюнча да маалымат берди. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстан 2022-жылы 16,2 млрд. кВт/саат электр энергиясын керектей турганы эсептелген. Өлкөдө ГЭСтерден 11 млрд. 500 млн. кВт/саат электр энергиясы, Бишкек Жылуулук электр борборунан (ЖЭБ) 2 млрд. электр жарыгы өндүрүлөт. Калган 3 млрд. кВт/саат электр энергиясы чет жактан импорттолот. Ушул тапта Кыргызстан Түркменстан менен Казакстандан электр жарыгын сатып алууда.
Өкмөттүк саатта коомчулуктун көңүл борборунда турган Кумтөр алтын кенинин ишмердиги, сөз эркиндигине байланыштуу маселе көтөрүлгөн жок. Министрлер кабинети жакынкы күндөрү республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча парламентте отчёт берет.