Баткен жана Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик чек ара чатагынын материалдык чыгымдары такталууда. Чабуулга туш болгон айылдарда тургундардын жай бою чогулткан азык-түлүгү, мал-жандыктары жана ишкерлердин миллиондогон сомдук товарлары таланып-тонолду.
Жергиликтүү Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан Баткен жана Лейлек райондорунда жалпы 622 үй жабыркаган болсо, анын 427си жашоого жараксыз, 195и оңдоп-түзөөгө муктаж экени аныкталды. Ошондой эле 11 административдик объектилер, 8 мектеп, 7 бала бакча, 3 ФАП, 323 сарай, 197 жашоо-тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик көпүрө жардырылып, 27 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган.
"Үйлөр 2-3 айда курулат"
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы Асан Сулайманов талкаланган имараттарды калыбына келтирүү иштери башталганын билдирди.
"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күч-каражатын, атайын техникасын тартуу менен жабыркаган турак-үйлөрдү, алардын ичин тазалоо, жаңы курулуш куруу үчүн аймактарын тазалап берүүгө техника тартканбыз. Бүгүнкү күндө техникабыз эртең менен чыгып, жерине жетип, азыркы учурда Ак-Сай айыл аймагында эки тайпа жана Лейлек районуна эки тайпа бөлүнүп, тазалоо иштери жүргүзүлүп баштады. Мындайча айтканда, турак жайдын ордун жаңысын курууга даярдап беребиз".
Расмий маалыматтарда айтылгандай, курула турган үйлөр 100 чарчы метрден жогору болот жана аларды 2-3 айда куруп бүтүрүү аракети көрүлүп жатат.
Каргашалуу күндөрү Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын тургундары там-ташын, мал-жандыктарын таштап жапырт тоо таянып качкан. Арка айылынын тургуну Феруза Абдуллаева кайтып келгенден кийин мал-мүлкүн жер сыйпалап таппай калганын айтып берүүдө.
"Жума күнү эрте менен туруп, күнүмдүк ишибизди баштап, эч нерседен кабарсыз, бейгам отурсак эле "качкыла, тажиктер кол салды" деп шашылыш кабар келип калды. Эч нерсеге карабай айылдын жогору жагындагы дамбага, андан ары Маргунга карай качып жөнөдүк. Ошол күнү Арканы кара туман каптады. Тажиктер көп үйлөрдү өрттөптүр, соо калганын талап-тоноп кетишиптир. Биздин үйдү өрттөбөптүр, бирок дээрлик эч нерсе калтырбай тоноп кеткен. Байлоодогу уйларыбыз, короодогу койлорубуз жок - уурдап кетишиптир. Үйдөгү эмеректерим, идиш-аяктарым бүт талкаланган. Баалуу буюмдарыбыз менен кийимдерибизге чейин алып кетишиптир. Жазы бою тырмалаңдап жыйнаган өрүгүбүздү ошол бойдон алып кетиптир. Бала-бакырабыз менен кышкыга даярдаган камылгабызды ушинтип тажиктер алып кетти. Азыр кыйын күндө турабыз".
Бул арада чек ара чырынан жабыр тарткан ишкерлер мамлекеттен жарытылуу жардам болоор бекен деп бүшүркөп турушат.
Лейлек районунун Интернационал айылында дарыкана жана кийим дүкөнүн иштеткен жеке ишкер Эсентур Акбаров дүкөнү өрттөлүп, товарынан куржалак калган.
"Менин дарыканам жана кийим-кече саткан дүкөнүм бар болчу. Чоң имарат да өзүмдүкү болчу, үстү ашкана болчу, аны ижарага берген элем. Жаңы ремонт кылып, дарыкананы да жаңы эле баштаган болчумун, алты ай болгон эле. Дарыканамда эми миллиондон ашык товар бар болчу. Аны да, жабдыктарды, компьютерлерди да уурдап кетиптир. Бүт баарын тоноп туруп, имаратты ошол бойдон өрттөп салган. Ачыгын айтканда 5-6 миллиондой жабыр тарттым. Жаңы-Жерде да ишкердик кылам, мурун апрель окуясы болгондо ал жакта да жабыр тарткам. Анда мамлекет 200 миңден эле ссуда берген. Дагы ошондой болуп калабы деп кечээ министр келгенде "биз ишкерлер салык төгүп жаткандан кийин жакшы жардам көрсөткүлө" деп айттым".
"Мал-жандыкты айдап, үйлөрдү тоноп кетишкен"
Ал эми Интернационал айылынын дагы бир ишкери Замирбек Саттаров жаңы эле алып келген турмуш-тиричилик техникаларын талап-тоноп кетишкенин айтат.
"Менин дүкөнүм Интернационал айылында. Биздикин өрттөгөн эмес, бирок тоноп кеткен. Ичинде телефондор бар эле, 60% алып чыгып кетишкен. Телефон, муздаткыч, кир жуугуч машина сыяктуу турмуш-тиричилик техникалары болчу. Биздин чыгым 6-7 миллион сомдой болуп калат, ошондой эсеп чыгарып отурабыз. 3-4 күн мурун эле товар келген болчу. Бул жакта айылдан малдарын айдап кетишкен. Алар согушту эрте менен эле баштагандыктан адамдар качып чыгып кетишкен. Эч калбай калганын билип, биринчи аскерлери чыккан, андан кийин жарандары чыгып тоноп кетишкен. Баарынан да бир туугандарым аман-эсен, ошого шүгүр кылып эле отурабыз".
Баткен облусунда чек ара чыры башталган күндөрдөн баштап эле Кыргызстандын булуң-бурчунда жардамдын ар кандай түрлөрүн жана акчалай каражат чогултуу иштери жүрүп келет. Акыркы маалыматтар боюнча, чек ара чырынан жабыркаган Баткен тургундары үчүн ачылган атайын эсепке 270 млн. сомдон ашуун каражат чогулган.
Баткен шаардык кеңешинин депутаты Санжар Абдинаби уулу мал-мүлкүнөн ажырап калган тургундар каражат издеп кайра эле миграцияга кетишет дейт.
"Мал, турмуш-тиричилик техникасы, төшөнчү, өрүк сыяктууларды бүт алып кетишти. Керек болсо үйүндөгү телевизор, муздаткыч, келиндердин септеринен бери бүт алып чыгып кетишкен. Кээ бир үйлөрдө жайы бою жыйналган өрүктөр бар, бизде негизги киреше өрүк да, ошол өрүктөрдү каптары менен унаага жүктөп кеткен учурлар болуптур. Баткен районунун Достук, Капчыгай, Ак-Сай айылдарында ишкерлердин мүлкү тыйпыл болду. Эми алардын көбү миграцияга кетишет. Тоок ферманы айтып атышпайбы, аны таанычубуз. Анын жумурткалары Баткен району эле эмес, жалпы облустун аймагына чейин кетчү. Отуз миң тоогу болсо керек эле, бир күндө 26-28 миң жумуртка өндүрчү, ондой киши иштечү. Эми ошонун баары нөл болду".
Жергиликтүү депутаттын билдиришинче, чек ара айылдарындагы үй-жайы талкалангандар үчүн турак-жайлар курулуп бүткөнчө Баткен шаарында жүздөй үй-бүлөнү убактылуу жайгаштырып туруу маселеси каралууда.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлагандай, Баткен облусун социалдык камсыздоо үчүн бюджеттен 1 млрд. 800 млн сомдон ашуун каражат бөлүндү. Мындан тышкары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн чакан ишкердиктерди уюштурууга 25 млн. сом каралган.
Өкмөт азырынча чек ара жаңжалынан жабыр тарткан ишкерлер менен киреше булагынан айрылган тургундарды колдоого алуу боюнча иш-аракеттер программасын жарыялай элек.
16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан күнөөнү Кыргызстанга оодарды.