Кыргызстан менен Тажикстан бир жылдын ичинде 80 чакырым чек ара тилкеси боюнча орток пикирге келди. Эки өлкөнүн президенттери Чолпон-Ата шаарында жолугуп, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандантууну макулдашты. Ушул тапта жумушчу топтор Баткенде кезектеги жолугушуусун өткөрүүдө.
Утур-утур курал колдонуу менен чыр-чатак чыгып турган кыргыз-тажик чек арасын тактоо маселеси Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын жыйынында да көтөрүлдү.
"82 чакырым чек ара тилкеси боюнча макулдаштык"
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 21-июлда Чолпон-Ата шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолукту. Эки өлкөнүн башчылары мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүү чечимине келишкен.
Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев 22-июлда Баткен облусунда кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу башталганын айтты. Ал беш күнгө созулат. Бул жумушчу топтун акыркы жыйыны 21-26-июнь күндөрү Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында болгон.
“Биз былтыркы окуядан кийин, 2021-жылдын 1-майынан бери 82 чакырым чек ара тилкеси боюнча макулдаштык. Ага чейин 520 чакырымга жакын жер такталган. Азыр жумуш болуп жатат. Биз Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 972 чакырым деп айтабыз, бирок чек араны тактай келгенде айырма болушу мүмкүн. Себеби, кээ бир жерди алмашканда чек ара тилкеси кыскарып же узарышы мүмкүн”.
2021-жылдын апрель айынын аягында кыргыз-тажик чек арасында кандуу окуя катталып, жаңжалда Кыргызстандан 36 киши каза болуп, 154ү жараат алган. Тажикстан тараптан 19 адам мерт кетип, 87си жабыркаганы расмий кабарланган.
Куралдуу кагылушуудан кийинки бир жыл ичинде эки өлкө дээрлик 80 чакырым чек ара тилкеси боюнча бир пикирге келгенин Тажикстандын Жер башкаруу жана геодезия мамлекеттик комитетинин төрагасы Ориф Хожазода да ырастады.
Ал 20-июлда басма сөз жыйынында тажик бийлиги Кыргызстан менен чек ара маселесин чечүүгө кызыктар экенин айтып, “мындан ары чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштер тынымсыз жүргүзүлөт” деди.
“Бизде да жүрөк бар. Чек арада жашоо оңой эмес экенин түшүнөбүз. Ошондуктан биз бул маселени чечүүгө болгон күчүбүздү жумшап жатабыз”.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар жана аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. Ушул тапта 519,9 км чек ара сызыгы такталган. Ал эми жалпы 972 чакырымдын 664 км. боюнча макулдашылганын эки өлкөнүн тең президенттери ырастаган.
"Чек ара тынчтык жолу менен чечилиши керек"
Чек ара маселеси 21-июлда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин жыйынында да көтөрүлдү.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев чек ара тынчтык жолу менен чечилиши керектигин, коңшулары менен чек арасын толук тактаган Казакстан бул жаатта ортомчу болууга даяр экенин билдирди.
“Мамлекеттер аралык чек араларда атылган ар бир ок жалгыз гана окуяга катышкан өлкөлөрдө эмес, бүткүл региондо катуу жаңырат. Тескерисинче, азыркы кризистик шартта биздин мамлекеттер карама-каршылыктарды цивилизациялуу, жоопкерчиликтүү жеңүүнүн үлгүсүн көрсөтүшү керек. Чек араларды мыйзамдуу түрдө каттоо процесси өтө татаал экенин өзүбүздүн тажрыйбабыздан билебиз. Талаш маселелер нукура ынак кошуналыктын жана эл аралык укуктун негизги принциптерин урматтоо менен тынчтык жолу аркылуу гана чечилиши мүмкүн. Башка альтернатива жок”, - деди Токаев.
Президент Садыр Жапаров да коопсуздук жана туруктуулук аймактагы мамлекеттердин ортосундагы мамиледен көз каранды экенин, Кыргызстан Өзбекстан жана Тажикстан менен чек арасын делимитациялоо иштерин улантып жатканын билдирди. Ошондой эле бул иштерди аягына чыгаруу үчүн кыргыз бийлигинде саясий эрк бар экенин айтты.
Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкканда Орусия маселени чечүүдө ортомчу болууга даяр экенин буга чейин бир нече жолу кайталаган. Кыргызстандын коопсуздук жаатындагы мурдагы вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев чек араны тактоодо үчүнчү тараптардын кийлигишүүсүнө каршы.
“Казакстандын президентинин демилгесине рахмат. Бирок аны жөн гана айтылган сөз катары кабыл алсак болот. Чек ара эч качан үчүнчү өлкөлөрдүн катышуусу менен чечилбейт. Аны эки гана тарап сүйлөшүп чечет. Үчүнчү мамлекет кошулганда эле сөзсүз чыр чыгат. Муну дүйнөлүк тажрыйба да көрсөттү. Орусия деле кыргыз-тажик чек арасын Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ) жана башка форматта чечүү сунушун берип келген. Анда да эки тарап гана келишип, сүйлөшүш керек деген так жооп бергенбиз”.
Кыргызстан Казакстан жана Кытай менен чек арасын толук тактаган. Ал эми Өзбекстан менен ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырымды түзөт. 2017-жылдагы макулдашуунун негизинде анын 1170 чакырымы (85%), андан бери дагы 13% такталган.