Баткенде аткезчиликке каршы ачылган бекеттер Ташиев менен Мадумаровдун тирешине себеп болду.
Мадумаров айылдар ортосунда турган ал посттор аткезчилик шылтоосу менен ишкерлерден акча өндүрүүнүн жолу болуп калганын айтса, Ташиев арызданган ишкерлерди "аткезчилер" деп атап, депутатты "аларды калкалайт" деп айыптады.
УКМК уюштурган аткезчиликти көзөмөлдөө боюнча бекеттер качан жана кандай тартипте түзүлгөн? Алардын мыйзамдуулугу кандай?
Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы жакында Баткен облусунда атайын көчмө жыйын өткөрүп, шайлоочулардын арыз-арманын угуп кайткан. Анда айрым жергиликтүү ишкерлер жана дыйкандар Баткен облусунун аймагындагы УКМКга баш ийген аткезчиликти көзөмөлдөө бекеттеринин ишине даттанганы белгилүү.
Баткен менен Лейлектеги айылдар ортосунда турган көзөмөл посттору жер семирткич, күйүүчү май, цемент жана азык-түлүк баштаган товарларды ташууда тоскоолдук жаратканы айтылган.
Жергиликтүү кеңештин депутаты Шайырбек Орозалиев ал посттор акча талап кыларын айткан.
“Көзөмөл бекеттери Баткен шаарына кире бериште, Төрткүлдө, Кольцо жолунда, Лейлектеги Интернационал жана Бешкент айылдарында жайгашкан. Ошону менен айылдардын ичин кошкондо жалпысынан беш көзөмөл бекети турат. Азыр жеке ишкерлер “бекеттерден селитра баштаган жүктөрдү өткөрүүдө 500-1000 доллар берип, өтүп жатабыз” дешти. Бул эми посттон өткөрүү үчүн алым. Аны бербесе, өткөрүшпөйт экен. Кечээ 500 доллар берейин десе, көнбөй 1000 доллар сурашыптыр. Бул документи бар товарды өткөрүү үчүн гана талап кылынган акча”.
Жүк коштоочу документтер
Кабыл алынган эрежеге ылайык Баткен облусуна жер семирткич же цемент сыяктуу жүк же товар алып барган жеке ишкер анын документтерин көргөзүп, айыл аймагынан маалымдама берип, кардарлардын тизмесин тиркөөгө тийиш.
Буга чейин президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү жыл башынан бери Тажикстандын аймагына товарларды мыйзамсыз ташып өткөргөн 25 аткезчилик фактысы аныкталып, козголгон иштердин алкагында 32 млн. сом мамлекеттик казынага түшкөнүн маалымдаган.
“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары Баткендеги Кольцо айланма жолундагы көзөмөл бекетине барганда анда турган беткапчан УКМК кызматкерлери жолугушуудан баш тарткан.
Посттун ишине даттанган жеке ишкер Арслан Ташматов депутаттарга анын мыйзамдуу алып келген товарын өткөрбөй жатканын ачык айтып чыккан.
“Бажыдан макул дешти, салык органы документтеримдин тууралыгын ырастады. Бирок ушул жерде турган УКМКнын бекети эле өткөрбөй жатат. Биз чек араны караганга, аткезчиликти тыюуга каршы эмеспиз. Бирок эмнеге бизге түйшүк жаратып жатат? Бирдиктүү салыкка өттүк. Жолдо тургандарга бергенден көрө, мамлекетке төлөгөнгө курсант болдук. Бирок ошого карабай кысымга алууда. Беткапчан жигиттер турат. Буйругун көргөзбөй, бизден товарды сатып ала тургандардын тизмесин талап кылды. Тизмени түзсөк ага да ишенбей, өткөрбөй коюшту. Булар “шабашка” кылганы эле келген окшойт”.
Баткенде аталган фракциянын депутаттары ишкерлер менен дыйкандарга жолугуп, арызданган видео тасма интернетке тарап, ал эми депутат Адахан Мадумаров парламентте “УКМК элдин канын соруп” жатат деп билдирүү жасаган.
Ташиев: Постогулардын жылып кеткени туура болгон
Бул иш 2-июнда парламенттеги өкмөттүк саатта УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен оппозициялык фракциянын башчысы Адахан Мадумаровдун тирешине негиз болду.
Камчыбек Ташиев депутат Мадумаровду “аткезчилерди калкалайт” деп айыптады.
“Адахан Мадумаров биз дагы сиздин аткезчилик жүктөрүн ташыгандарды кантип жашырып-жаап, аларды кандай калкалап жатканыңызды ачык айтабыз. Ал депутат “Развилка” жана “Кольцо” деген көзөмөл бекеттерине барып, УКМК кызматкерлеринен отчет талап кылган. Алар муну менен жаакташып отурбай, ары жылып кеткен. Эң туура кадам болгон. Качып кеткен эмес. Алар сени качырат. Анын жанында сүйлөп жаткан Ташматов жана Орозалиев дегендер аткезчиликке түздөн-түз катышы бар адамдар. Ташматов үй-бүлөсү менен аткезчилик. Мадумаров менен сүйлөшкөндөн кийин эле бул үй бүлөгө беш факты менен кылмыш иши козголуп, кармалды”.
"Чүмбөтү жок, качпаган жарандардын арызын уктук"
Фракция лидери Адахан Мадумаров Баткен облусунун аймагындагы айылдар ортосундагы көзөмөл бекеттеринин мыйзамдуулугу боюнча маселени кабыргасынан койду.
Адахан Мадумаров посттогу беткапчан УКМК кызматкерлери депутаттар текшерип барганда качканын, ишкерлер аларга даттанганын айтып, аткезчиликке каршы күрөш айыл ичинде эле эмес, чек арада болорун эскертти.
“Биз ал жакка баргандан кийин көрүнгөн жаран келип бизге арыз-арманын айтат. Ташматов деген жаран жүзүн жашырган жок. Силердин кызматкерлерге окшоп, бетин чүмбөттөп алып, сайгактап качкан жок. Ал жерде качып жүргөн жигиттерди кийин УКМКнын облустук башкармалыгынын башчысы “алар бизде иштебейт” деди. Ташматовдун камерага карап, “500 доллар берейин десем болбой 1000 доллар бересиң деди” деген үнүн сиздерге жеткиздик. Элдин башын маң кылабыз десеңер, эл азыр түшүнүп калды. Мен кимди калкалап жатсам, четинен алып барып, камагыла. Кыргызстандын аймагында, бир райондун ичинде турган эки айыл ортосунда эч кандай пост болбошу кажет. Аткезчиликке каршы күрөшүү үчүн эки айылдын ортосун эле эмес, чек араны кайтаруу зарыл”.
Былтыр Баткенде 29-апрелдеги куралдуу жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен мамлекеттик чек арасын бир тараптуу жаап, товарларды киргизүүгө тыюу салган. Бирок андан кийин деле аткезчилик токтобой жатканы айтылып, жергиликтүү калк тарабынан ага каршы чара көрүү талабы көтөрүлгөн.
Камчыбек Ташиев постор эмнеге чек арада эмес, айылдардын ортосунда жайгашканын түшүндүрүп берди:
“Развилка” деген жер бар, “Кольцо” деген жер бар. Бардык жолдор мына ошол жерден чыгат. Ошондуктан биз пост коюп, көзөмөлдөп турабыз. Биз ар бир жолго бирден кызматкер коё албайбыз. Андай мүмкүнчүлүк жок. Эгерде ал жакка бекеттерди койбосок, анда 20-30 чакты жолду көзөмөлдөй албай калабыз. Туура, алар кандайдыр бир ыңгайсыздык жаратат. Бирок мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо үчүн бул негизги маселе болуп саналат”.
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2021-жылы 1-октябрда экономикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча токтомунун негизинде Баткен облусунун аймагында ички көзөмөл бекеттери ачылган.
Бул көзөмөл бекеттери чек ара тилкелериндеги күйүүчү-майлоочу май, азык-түлүк, жер семирткич сыяктуу товарлардын аткезчилигинине каршы туруу үчүн уюштурулган. Бирок бул көзөмөл бекеттеринде бажычылар же чек ара аскерлери эмес, эмнеге УКМК кызматкерлери иштеп жатканы айтылган жок.