Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Экономика

Sorry! No content for 7 Август. See content from before

шаршемби 3 Август 2005

Чолпон Орозобекова, Бишкек Сел жана жер көчкү өңдүү табигый кырсыктардын коркунучу бар жерлерден көчүрүлгөн үй-бүлөлөр мамлекет берген кредиттерди кайтара албай келет. Кыргыз өкмөтүнүн алдында ошол 136 миллион сомду кечип коюу же өндүрүү маселеси турган. Өкмөт үйүндө 3-августта Феликс Кулов өткөргөн жыйында кабыл алынган чечимге ылайык, турак-жайын таштап көчүүгө аргасыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет үй салууга берген каражатты кайтармак болушту.

Табигый кырсыктын коркунучу бар деп табылган жерлерден 1993-жылдан бери мамлекет 5 миңге чукул үй-бүлөнү көчүргөн. Аларга мамлекет алгач «Эл банкы» аркылуу, андан кийин «Дебра» аркылуу үй салып алууга үстөксүз насыя берип турган. Сом күчүндө кезинде ар бир үй-бүлөгө 24 миңден 32 миңге чейин, инфляция күч алганда 200 миң сомдон каражат берген.

Соңку эки жылда мамлекет кооптуу аймактардан көчүрүлө турган үй-бүлөлөргө каражат табууда кыйналып жатат. Анын себеби 1993-жылдан берки кредиттер кайтарылбагандыгында. Өкмөт үйүндөгү бул жыйында өкмөт бул акчаны кечеби же катуурак тартип менен кайтарууга өтөбү, ушул чечим кабыл алынышы керек болчу.

Биринчи вице-премьер-министр Феликс Кулов отургандарга “кредиттерди кайтарып, ал каражатты муктаж адамдарга берелиби?» деп кайрылды. Чиновниктер унчукпай макулдугун билдиришти. Андан кийин кандай маселелер бар?- деди, эч ким унчуккан жок.

Жыйындын катышуучулары ким сүйлөйт дегенсип бирин-бири карап, ойлорун топтогуча ортодо жымжырттык боло түштү, анда Феликс Кулов:

- Акчаны беребиз, суудаларды болсо кайтарабыз, кеңешменин максаты ушул да ээ, каршылыктар жокпу? Эгер проблема жок болсо, анда кеңешме соңуна чыкты,- деди дагы коштошуп, залдан чыгып кетти.

Чукул кырдаалдар министрлигинен, турак-жай мекемелеринен жана Каржы министрлигинен келген кызматкерлер дендароо боло түшүштү. Алар өз ара бирин-бири айыптап, айта турган маселелери ортого салынбай калганына ичтери ачышып калды өңдөнөт.

Чукул кырдаалдар жана экология министринин орун басары Бакирдин Жолчиев бул үч мүнөттүк жыйынды революциядан кийинки бийликтин жаңыча иштөө ыкмасы катары баалады. Анын айтымына караганда, министрлик республика боюнча 15 миңге чукул үй- бүлө жашаган жеринен акыр көчүрүлүшү керек деген аныктама чыгарган. Табигый кырсык коркунучу жакындаган сайын жылына орточо алганда бир жарым миңдей үй-бүлө көчүрүлүп турат. Соңку жылдары бул бүлөлөргө кредит берүү жагы кыйындап баратат. Бакирдин Жолчиевдин айтымында, ушунча жыл бою болгону 146 миң сом кайтарылган.

Ошентип, өкмөт 5 миңге чукул үй-бүлөнүн кредитин кайтармак болду. Министрдин орун басарынын айтымында, 1800 үй-бүлө боюнча материалдар тиешелүү органдарга берилди. Демек, кылмыш иши козголбосо дагы, тиешелүү органдар мыйзам чегинде талап кыла баштайт деген кеп. Министрдин орун басарынын айтымында, мамлекеттин оор экономикалык абалына байланыштуу бул кредиттер кайтарылбаса, жаңы көчүп аткан адамдарга кыйын болуп калат.

Жашаган жеринен көчүүгө аргасыз болгондор бул каражатты 15 жылга үстөксүз алышкан. Айрым байкоочулардын пикиринде, коомчулукта өкмөт бул ссуданы кечип койот деген үмүт бар болчу. Жолчиев мырза «кредитти өндүрүп жатканда ар бир үй-бүлөнүн жашоо- турмушун байкап, ал-акыбалын да эске алабыз» дейт. Феликс Кулов болсо кетип атып «ссудаларды өндүрүү боюнча өкмөттүн токтомун жакында колуңарга тийгизебиз» деди.

28-июлда вице премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов өкмөттүн курамы менен жыйын өткөрүп, анда өлкөнүн экономикасынын абалы, коррупцияга каршы күрөшүү, салык маселесине байланыштуу маселелер жана күз-кыш айларына даярдыктын жүрүшү каралды.

Өкмөттүн жыйынында Экономикалык өнүгүү, соода жана өндүрүш министри Амангелди Муралиев жарым жыл аралыгында мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча толук маалымат берди. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдагы чоң саясий окуялардын шартында өкмөт тарабынан коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуунун негизинде ички дүң продукт 2,4 пайызга өскөн. Соода жана тейлөө кызматындагы өсүш 111 пайызды түзгөн. Сырткы товар жүгүртүүдөн 671 млн доллар киреше түшкөн. Салык төлөмдөрү өткөн жылга салыштырмалуу 17,3 пайызга көп чогултулган.

Муралиев ар кандай себептер менен бири-бирин кайталап текшерүү ишкана-мекемелердин ишине жолтоо болуп жатканына токтолду.

- Салык кызматынын жана укук коргоо органдарынын бири-бирин кайталап текшерүүсү ишке тоскоол болууда.

Ал ошондой эле маркетинг иштери начар жүргүзүлүп жатканын, экспорттоочу ишканалар чек ара аркылуу товар ташып өткөрүүдө ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын билдирди.

- Негизинен алар чек арадан товар ташып өтүүдөгү кыйынчылыктарды айтып даттанышууда. Мисалы, экспорттоочу ишкананын кызматкерлери кошумча нарк салыгында бюрократташтырылган системага айланганын, айрым төлөмдөрдү бир айлап бүтүрө алышпай убара болушкандарын айтышууда.

Жыйында Бажы кызматынын иштерин көзөмөлгө алуу, коррупцияны жоюу маселелери да каралды. Ошондой эле жакырчылык 9,5 пайызга жеткени, өткөн жылга салыштырмалуу 0,7 пайызга көбөйгөнү айтылды.

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов жыйында буларга токтолду:

- Жыйынтыгында экономикалык көрсөткүчтөр начарлоодо. Биз ыңкылап жаңы түзүлүшкө алып келиш керек деп айтканыбыз менен эл аны сезбей жатат. Салык кодексин оңдоо керек, Ички иштер министрлигинин, Коопсуздук кызматынын экономикалык маселелерди текшерүүгө байланыштуу айрым функциаларын алып салуу керек. Бирок бул коррупцияны тез аранын ичинде жоюп жиберүү дегендикке жатпайт.

Феликс Кулов жыйында өкмөттүн курамына экономиканы өнүктүрүү багытында бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, иш-аракеттерди уюшкандыкта жүргүзүү талабын койду. Ошондой эле жыйында күз-кыш мезгилине карата даярдыктын жүрүшүнө байланыштуу облустардын губернаторлору маалымат беришип, айрыкча энергетика маселесине көңүл буруу сунушталды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG