Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

Экономика

Амирбек Азам уулу,Прага Бүгүн 1-майда Европа Союзуна Чыгыш жана Ортолук Европанын он мамлекетинин кошулганына туура бир жыл болду. Биримдикке кирүү менен улуттук өнөр жай менен айыл чарбасы атаандаштыкка туруштук бербей бүлүнөт деген сыяктуу чочулоолор ырасталбады. Тескерисинче, уюмга жаңы кошулган өлкөлөрдөгү орточо экономикалык өсүү биримдикке мурдатан мүчө 15 өлкөгө салыштырмалуу алды 4, 5 эсе, арты 2 эсе жогору. Чыгыш европалыктар Батышка эркин каттоого мүмкүндүк алышты. Бирок, алардын Батышта жумушка орношуусуна чектөөлөр кала берүүдө.

Былтыр 1-майда Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн саны онго көбөйдү. Бул күнү мурдакы советтик республикалар -Эстония, Латвия, Литва, мурдакы коммунисттик блоктун мүчөлөрү Мажаристан, Польша, Чехия менен Словакия, мурдакы бейтарап Югославиянын курамынан чыккан Словения, ошондой эле Кипрдин грек бөлүгү жана Жер Ортолук деңизинде жайгашкан Мальта мамлекети Евробиримдикке ырасмий түрдө кабыл алынды. Саясый окуя Европанын тарыхындагы бурулуш катары бааланып, чоң шаан-шөкөттөр менен өттү.

Бир жыл ичинде Европа биримдигинде алгылыктуу өзгөрүүлөр болду. Лондондо чыгуучу таасирлүү “Экономист” жумалыгы белгилегендей, биримдиктин бийлик институттары көптөгөн кооптонууларга карабастан жаңы шартта ийгиликтүү иштеп кетти. Уюмга жаңы кошулган он өлкөнүн экономикасы жалпы евромейкиндикке салыштымалуу 2- 4,5 эсе ылдам өстү. Бир жыл мурда алардын өнөр жайы жана айыл чарба тармагы рынок шартындагы атаандаштыкка чыдабай бүлүнөт деген тынчсыздануулар айтылып жаткан.

Чек аранын ачылышы, сыртка товар сатуудагы жеңилдиктер, тышкы инвестиция өнөр жай ишканаларынын мүмкүнчүлүгүн кеңейтти. Эстония, Литва, Латвиянын 6-8, 5 проценттик жылдык өсүүсү жана жумушсуздуктун кыскарышы биринчи кезекте тышкы капиталга байланыштуу болду. Польшада акыркы эки жылда инвестиция 4 миллиард доллардан 10 миллиард долларга чейин көбөйдү. Чехияда автоөндүрүш кеңейди.

Чыгыш европалык жарандар ата журту Европа союзуна кошулганын өз жон териси менен сезиштиби? Прагалык инженер Петр Живний:

-Мен үчүн көп нерселер өзгөргөн жок. Тейлөө кызматтарында баа жогорулады. Мисалы, Евробримдик менен тең болсун үчүн кошумча салык көбөйтүлдү. Экинчи жактан, жарандар Чехия-Евробиримдик ортосунда эркин каттап калышты. Мен үчүн жашоо сапаты көп деле өзгөргөн жок.

Визаң болсо Чехиядан “Шенген” келишимине мүчө өлкөлөргө паспортко мөөр бастырбай эле өтүүгө болоруна өткө жылы өзүм күбө болгом. Андан улам, эки-жыл мурдакыдай кезек күтүп турган унаа жок. Ырас, жүк тарткан машинелер дале кылдат текшерүүдөн өтүшөт.

Мажаристан Евробиримдикке кошулгандан кийин өлкөдө кандай өзгөрүүлөрүлөр болду? Будапештин тургуну Мариана Ковалик:

-Турмуш мурдакыдан бир аз жакшырды. Бирок, кыштак жеринде дале кыйынчылык бар. Көптөгөн адамдардын жумушу жок. Аз сандагы адамдар байып, көпчүлүк элде акчасы аз бойдон калууда. Батыштык фирмалар көбөйүшүүдө. Мажар ишканалары катуу атаандашдыкты баштан кечирип жатат. Чоң дүкөндөр үстөмдүк кылып, майда дүкөндөргө оор болууда.

Евробиримдик берген жөлөкпул жана азык-түлүккө болгон талап Чыгыш Европанын айыл чарбасын алга сүрөп кетти. Бирок, дыйкан чарбалар товардын өздүк наркын төмөндөтүүгө жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга өзгөчө көп көңүл бурууга мажбур болушууда.

Батыш Европанын жумуш рыногу да азырынча Чыгыш европалыктар үчүн толук ачык эмес. Британия, Ирландия жана Швеция гана алты жылдык мөөнөтсүз эле жумушчуларды кабыл алууда.

Мындай көрүнүштөргө карабай, Болгария менен Румыния 2007-жылы Евробиримдикке өтөбүз деген үмүттө. Андан кийинки кезекте Хорватия менен Түркия турат.

Кожогелди Култегин, Ош Ыңкылаптан кийинки Кыргызстанга Өзбекстан гуманитардык жардам иретинде ири көлөмдөгү минералдык жер семирткич жана пахта үрөнүн жөнөткөн. Ошол гуманитардык жардам кредит түрүндө берилет экен деген сөз тарап, ага дыйкандар нааразы болуп жатышат.

Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жуманазар Камалов Өзбекстандан жакында келген гуманитардык жардам тууралуу буларды билдирди:

- Коңшулаш Өзбекстандан келген 805 тонна, же 16 вагон пахтанын чигити үрөн катары пайдаланылат. Ошондой эле 1725 тонна, же 16 вагон үрөн минералдык азоттук жер семирткич келди. Үрөн менен жер семирткичти республикадагы айыл жана суу чарба кайра иштетүү министрлиги өзү келип Анжияндан кабыл алып, облустун аймагына өткөндөн кийин айдоо жер аянтына карата Ош, Баткен, Жалалабат облустарына бөлүп берди.

Ош облустук гуманитардык жардамды бөлүштүрүү комиссиясынын мүчөсү Алым Каримов бизге мындай маалымат берди:

- Минералдык жер семирткич Алай районуна 30 тонна, Араван районуна 65 тонна, Каракулжа районуна 50 тонна, Карасуу районуна 200 тонна, Чоңалайга 40 тонна, Ош шаарынын Жапалак айыл өкмөтүнө 5 тонна, ошондо 750 тоннаны Ош облусуна бөлдүк. Чигит боюнча Ош облусуна 275 тонна берилген болсо, мунун Алай раойнунун Жаңыалай айыл өкмөтүнө 5 тонна, Араван районуна 100 тонна, ал эми Карасуу районуна 170 тонна бөлүндү.

Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жуманазар Камалов да Өзбекстандын гуманитардык жардамын кредит түрүндө таркатуу аракети жүрүп жаткандыгын танбайт:

- Негизинен райондук деңгээлде ошондой көрсөтмө болгон, кармап тургула деп. Эгер кыргыз өкмөтүнөн бул кредит боюнча буйрук чыкса анан көрөбүз. Азырынча бизге так көрсөтмө боло элек.

Ош облустук гуманитардык жардамды бөлүштүрүү комиссиясынын мүчөсү Алым Каримов да элге бөлүштүрүлүп коюлган минералдык жер семирткич менен чигитти эми кредит түрүндө документтештирип таратуу опол иш экендигин белгилейт:

- Дыйкандарга гуманитардык жардам болгондон кийин жакындан жардам катары таркатса жакшы болот эле. Айрыкча үрөнгө, чигитке муктаж, колунда жок дыйкандарга берсе жакшы болмок. Кредитке алганга документ түзүш керек, күрөө коюш керек, шарттары көп, механизм иштеп чыгыш керек. Убакыт талап өтө көп кылынат. Үрөндү бериш, чигит тигиштин мөөнөтүнөн кечигип калышыбыз мүмкүн.

Гуманитардык жардамды кредит түрүндө тараткан учур болгонбу деген суроого Алым Каримов төмөндөгүчө жооп берди:

- Гуманитардык жардамды кредитке, жеңилдетилген кредитке берилген учурлар болгон.

Карасуу районунун Кызылкыштак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Немат Эргешов Өзбекстандын гуманитардык жардамынын айрым бөлүктөрү элге таратылып жиберилгендигин айтат:

- Гуманитардык жардамды аз камсыз болгон атуулдарга таркатып бергенбиз. Жардам болуп келген үрөндү резервден алып төлөбөсө, элге кредитке документтерди топтоо өтө кыйын.

Ал эми дыйкан Сабыр Маккамбаев гуманитардык жардамдын кредит түрүндө таратылышын жосунсуз жорук катары эсептейт:

- Өзбекстандан келген гуманитардык жардам жардам иретинде кетиш керек да. Муну кредитке бериш мыйзамга туура келбейт. Өзбекстан укса уятыбыз чыкпайбы, - дейт Сабыр Макамбаев.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG