Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:35

"Сахароводогу" кордук: мигранттын картасынан жоголгон акча


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз мигранттарына карата текшерүүлөрдүн күчөшүнө тынчсыздануусун билдирди.

Бул тууралуу министрдин орун басары Имангазиев менен Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Вакуновдун жолугушуусунда сөз болгон. Ал арада Орусиянын Мамлекеттик Думасы жакынкы күндөрү орус жарандыгын алган чет элдиктердин аскер кызматын өтөө мөөнөтүн эки жылга чейин узартууну караганы жатат.

Мындан сырткары аскерге чакыруу жаш курагын жогорулатуу дагы сунушталууда. Ал эми "Сахарово" борборунда кармалып чыккан кыргызстандык мигрант кабарчыбызга Орусияда кыргызстандыктар кабылган кыйынчылыктар тууралуу айтып берди.

"Колго кишен салып, метродон кармап кетти"

Аскар Ускенбаев Москвадан анча алыс эмес чет элдиктерди убактылуу кармоочу "Сахарово" борборунда отуруп, Кыргызстанга депортация болгонуна бир апта боло элек. Аны полиция июлдун ортосунда колуна кишен салып метродон кармап кеткен. Беш күн ушул борбордо отуруп чыккан Аскар кыргызстандыктар кабылып жаткан кыйынчылыктар тууралуу айтып берди:

Москвадагы чет элдиктерди убактылуу кармоочу "Сахарово" борборундагы абал тууралуу айтып берген Аскер Ускенбаев.
Москвадагы чет элдиктерди убактылуу кармоочу "Сахарово" борборундагы абал тууралуу айтып берген Аскер Ускенбаев.

"Эртең менен саат сегизде жумушка баратканда, метродон, поезддин ичинен кармады. Эмнеге кармаганын сураганымда "бир жыл ичинде айыппул төлөгөн учуруң болдубу?"- деп сурашты. Албетте болгон, бирок мыйзам чегинде банкка төлөгөм дегениме карабастан алып кетишти. "Сбербанкка" барсак, төлөгөн айыппул базага түшпөптүр. Ошентип полициянын экинчи бөлүмүнө бардык. Ал жерде 1,5 сутка ачка отурдук. Сен ачкасыңбы, токсуңбу эч кимди кызыктырбайт. Сот болуп "Сахарового" жөнөттү. Ал жерде чын эле документиң барбы, жокпу карабайт экен. Банкка төлөгөн чекти көрсөткөнгө деле уруксат беришкен жок. Бир эле менде эмес ошол жердеги үч адам ошондой чектерин көрсөтөйүн дегенине карашкан жок. "Кеч калдыңар" деп коюшту. Мен паспортумду жоготуп, элчиликтен алган убактылуу паспорт менен жүргөм. Эки күндөн кийин Кыргызстанга кетем деген билетим дагы бар болчу. Ошондойдо биздин элчилик депортация кылганга чейин жардам берип иштейби, жокпу мен биле албадым".

"Өзүмдү өтө коркунучтуу кылмышкердей сезип кеттим"

Аскар Ускенбаев 6-7 жылдан бери Москва барып, сезондук иштерде, көбүнчө курулушта иштеген. Ал "Сахароводо" жарым жылдан бери отурган кыргызстандыктар бар экенин белгилеп, уруп-соккон, согушка үгүттөгөн учурлар болгонун айтты.

"Сахароводогу" керебеттерде матрац деген эле аты бар экен. Ага караганда футболкамды салып жатсам жакшыраак. Биринчи барган күнү 42 адам бир жерде болдук. Түнү менен кондиционерди күйгүзүп коюшат экен, титиреп тоңуп каласың. Эртеси ондон кылып палаталарга бөлдү. Биз эки кыргыз, сегиз өзбек болуп отурдук. Күнүнө эки сааттан сыртка чыгарып турду. Ошол учурда башка кыргыздарды көрүп, сүйлөшүп аттык. Арасында 3-6-8 айдан бери отургандар бар экен. Ошолордон элчиликтен өкүлдөр келип атышабы десем "көргөн жокпуз, Москвада элчилик барбы?" деп сурашты. Беш күндө көрбөгөн нерсенин баарын көрдүк, мигранттарга өтө жаман мамиле кылышат. Барганда эрежелер тууралуу түшүндүрөт, түз, тынч жүргүлө, биз келгенде ыргып турасыңар дейт экен. Дааратканага чейин камера коюшкан. Камерадан көрүп эле бирөө бир нерсе кылса келип баарын дубинка менен койгулап кетет экен. Үй-бүлөң бир нерсе берип жиберсе жакканын ошол жердегилер өздөрү алып коет экен. Бир инилерибиз кийим-кечек алдырткан экен, жарым кийими колуна тийген жок. Үч күндө бир жолу кнопка менен иштеген телефон берет. Эгер жаттап калган номериң болсо чаласың, болбосо сенин "Сахароводо" отурганыңды деле эч ким билбей кала берет. Эгер өзүңдүн телефонуңду алам десең 15 миң рублга сатып аласың. Акыркы, кетет деген күнү колуңа кишен салып автобуска сала баштайт экен. Жөн салбайт, кыйкырат, өкүрөт... Ток тарткыч электрошокерди басат экен. Ал жерде эч ким деле тартипти бузбай, кирип түз автобуска отуруп калайын дейт. Ошенткен сайын кайра басынтып дубинкалар менен урат. Ошол жерде мен киши өлтүрдүмбү, кыз зордуктап, банкты тонодумбу деп өзүмдү өтө коркунучтуу кылмышкердей сезип кеттим. Аэропортко дагы каз-катар тизилип, алдыбыздагы кишиге колубузду коюп бардык. Үч саат тикебизден тик турдук, отурайын десең, "дубинка жегиң келип атабы?" дешет. Аэропорттогу элдин баары бизди карашат, видеого дагы тарткандар болот экен. Өтө чоң кылмышкердей мамиле кылганы абдан өкүндүрдү".

"110 миң рублим жоголду"

Биздин маектеш мигранттарды "Сахароводон" Кыргызстанга жөнөткөн учурда элчиликтин же Миграция министрлигинин өкүлдөрүн ошол жерде болууну сунуштап жатат. Анын айтымында, жарандардын укугу ушул учурда көп бузулат. Акчасын жоготкон жагдайлар көп болорун белгиледи.

"Сахароводо" күндө эле келип "каалоочулар Украинага барсаңар болот, айына 364 миң рубль аласыңар, бир жылга келишим менен кетесиңер, Подмосковьеден жер тилкесин алып беребиз, жылына 4 млн. акча түшөт" деп айтып атышты. Биздин кыргыз балдар деле Украинадагы согушка кеткенин уктум. Көбүнчө тажиктер кетет экен. Анан "Сахарового" барганда документ, капчык, ачкыч, жаныңда эмне болсо баарын алып калат. Буюмдарыңды самолетко түшкөндө гана беришет экен. Кармалгандардын капчыктагы акчалары ошол бойдон турат, бирок картадагы акчаларды алып коюу жолун таап алышыптыр. Телефонум өчүп калган экен учакта акчам бар-жогун текшере албай койдум. Мен Бишкекке кетишим керек эле, бирок биздин учак Ошко учту. Ошко баргандан кийин гана телефонумду сайып текшерсем 110 миң рублим жок. Андан башка акчам жок болчу. Кошо келген эки бала дагы картадагы акчасы жоголгонун айтышты. Бири 27 миң, бири 12 миң рубли жок болгонун айтышты. Ошентип Оштон тааныш карындаштар таксиге акча чогултуп берип Бишкекке жөнөтүштү. Ошончо иштегени барып, бир сомду ичпей-жебей бала-чакама жиберейин деп, же башка пландары барлар ошого коротом деп топтогон акчасы жоголсо мен күйбөй ким күйөт?! Элчилик азыр Орусияга барам дегендерге мыйзамдарды түшүндүрүп, кармалып калгандардын айып пулун төлөтүп депортация кылдырбай, ошол жерден чече тургандай кылып иштесе болбойбу? Москвага деле жыргаганынан барбайт. Бирок биздин айткандарыбызды уккан, көргөндөр азыр барбай эле туралы деп калышты".

"Сахароводо" кордук көргөн мигрант
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:39 0:00

Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолугушуп, соңку кезде кыргыз мигранттарына карата текшерүүлөрдүн күчөшүнө тынчсыздануу билдирди.

Имангазиев кыргызстандыктардын Орусиянын аймагына кирүүсүндө көйгөй жаралып, эл аралык аэропорттордо текшерүү узакка созулуп жатканына бушайман болгонун билдиргенин мекеменин басма сөз кызматы 29-июлда кабарлады.

Ошол эле кезде министрдин орун басары орус тараптын өлкөдөгү коопсуздук жаатындагы чараларын түшүнүү менен кабыл ала турганын айткан.

“Жолугушуу жыйынтыгында миграция маселелери боюнча, анын ичинен эки өлкөнүн компетенттүү укук коргоо органдарынын мамлекеттер аралык, ведомстволор аралык кызматташуусунун алкагында мындан аркы иштерди жүргүзүү боюнча макулдашууга жетишилди”, - деп жазылган ТИМдин маалыматында.


Буга чейин Орусияда миграцияда жүргөн кыргызстандыктар орус бийлиги миграциялык талаптарды күчөтүп, текшерүүлөр көбөйгөнүн айтып даттанып келген. Айрыкча чет элдиктерди убактылуу кармоочу "Сахарово" борборунда кыйноого кабылып жатканы боюнча Москвадагы элчиликке, тийиштүү мекемелерге сын-пикирлер көбөйгөн.

"Кырдаал турукташканга чейин Орусияга келбей тургула"

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүн адиси Жандарбек Айтназаров учурда "Сахарово" борборунда 78 кыргызстандык кармалып турганын "Азаттыкка" билдирди. Алардын бешөө аял. Арасында беш айдан бери ушул борбордо отургандар бар. Алар насыя же кылмыш иши козголгонуна байланыштуу кармалгандар экенин белгиледи. Айтназаров мекендештер менен жолугушууда расмий арыздануу, даттануулар болбогонун белгилеп жатат.

Ошентсе дагы чет элдиктерге карата кезектеги "Нелегал" рейди болушу мүмкүн экенин айтып, кыргызстандыктарды кырдаал турукташканга чейин Орусияга барбай турууну сунуштады.

Жандарбек Айтназаров.
Жандарбек Айтназаров.

"Жакында, 25-июлда "Сахароводо" отурган ар бир кыргызстандык менен жолугуп чыктым. Бардыгын чогултуп беришти. Ал эми текшерүү боюнча ар бир өлкөнүн өзүнүн ички-тышкы саясаты, коргонуу схемасы бар. Ал жерде 53 мамлекеттин жарандары отурат экен. Бул жактын жарандыгын алып отурукташып, бала-чакалуу, неберелүү болуп калгандар бар. Алардын айрымдары армияга кетип, айрымдары Кыргызстанга качып жатышат. Ошондуктан абал турукташканга чейин Орусияга келгенден бир аз карманып турушса жакшы болот эле".

Айтназаровдун белгилешинче, чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу "Сахарово" борборунан былтыр бир жылда 1400гө жакын Кыргызстандын жараны депортация болгон. Быйыл алты айда 2800гө чукул кыргызстандык дал ушул жайдан кайтарылган. Орусия боюнча буга окшогон 76 борбор бар.

Орусия миграция мыйзамдарын улам катаалдаштырып келет. Мигранттарга байланыштуу кезектеги мыйзамдар топтомун июлдун соңунда кабыл алды.

Анда полицияга депортациялоо укугу берилип, визасыз жүрүүнүн мөөнөтү эки эсе кыскарган. Мамлекеттик Дума Орусиянын жарандыгын алган чет элдиктердин аскер кызматын өтөө мөөнөтүн эки жылга чейин узартуу сунушун жакын арада караганы жатат. Анда аскерге чакыруу жаш курагын жогорулатуу сунушталган.

Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин эмгек мигранттарын да аскердик каттоого алууга байланыштуу демилгени даярдоону сунуштаган. Орус жарандыгын алууда негизги талап да аскердик каттоого туруу болору божомолдонууда. Бул Орусиянын паспортун алуу учурунда ишке ашат.

Быйыл алты айда Орусияда иштеген 4700дөй кыргызстандык жаран Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине жардам сурап кайрылган. Аталган мекеме жарыялаган маалыматка ылайык, мигранттар өз укуктарын коргоо үчүн көмөк сурашкан. Алардын арыздары министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгүндө каттоого алынган.

Расмий маалыматка ылайык, чет өлкөлөрдө миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 2024-жылдын биринчи кварталында 655,5 миң кишини түзгөн. Алардын 400 миңден көбү Орусияда.

XS
SM
MD
LG