Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:44

"Бишкектен келген жабдуудан жарым тоннадай героин табылды". Болгарияда кармалган шектүү жүк


Болгариянын бийлиги Бургас портуна келген жүктөн 436 кг героин табылганын жарыялады, 13-август, 2024-жыл
Болгариянын бийлиги Бургас портуна келген жүктөн 436 кг героин табылганын жарыялады, 13-август, 2024-жыл

Болгарияда прокурорлор "Бишкектен барган жүктүн арасынан 436 килограм героин табылганын" кабарлады. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) анын жагдайы териштирилип, такталып жатканын билдирди.

"Кабель төшөөчү төрт жабдуунун арасына катылган"

Борбор Азия өлкөлөрү Ооганстандан Европага маңзат ташууга ылайыкташкан "Түндүк транзит" деп аталган багыттын боюндагы аймак катары белгилүү. Эл аралык уюмдар бул регион аркылуу жыл сайын тонналаган ооган маңзаты негизинен Орусия менен Европа өлкөлөрүнө ташыларын айтып келген.

Болгариянын прокуратура кызматкерлеринин билдиришинче, жалпы баасы болжол менен 35 миллион евро деп эсептелген, дээрлик жарым тоннага жакын героин 434 таңгакта болгон. Ал Грузиянын Батуми шаары аркылуу Бургас портуна келгенде кармалган. Жүк андан ары Грекияга жөнөтүлмөк болгон.

Болгариянын Маңзатка каршы күрөш бөлүмүнүн башчысы Иван Соколов 13-августта бирифинге ири өлчөмдөгү героин кабель төшөөчү төрт жабдуунун арасына катылуу болгонун билдирди. Жүк салынган машина портко өтө кеч келгени шек жаратканын, тыкыр текшерүүгө алынып, рентген аркылуу караганда, күмөндүү таңгактар бар экени аныкталганын айтты.

Бургас округунун прокурору Георгий Чиневдин билдиришинче, бул жүк Бишкектен чыккан.

Оперативдүү тасмадан алынган сүрөт. Болгария, август, 2024-жыл
Оперативдүү тасмадан алынган сүрөт. Болгария, август, 2024-жыл


Ишти караган прокурор Андрей Червеняков бул фактыга байланыштуу азыр эч ким кармала электигин, териштирүү уланып жатканын белгиледи:

"Машиненин айдоочусу Грекияга жүк жеткирген фирмада иштеген, анын колунда Казакстандын паспорту болгон. Анын Европа Биримдигиндеги өлкөлөрдүн биринде - Литвада туруктуу жашоого жана айдоочу болуп иштөөгө бардык уруксаты бар. Бул жүк бир катар өлкөлөрдү аралап, бир катар фирмалар аркылуу келген. Ошондуктан азырынча аткезчиликке кыйыр түрдө тиешеси бар деген адам аныктала элек".

Ошентип, Болгариянын расмий органдары шектүү жүк Бишкектин чыкканын айтканы менен, ал жүктү ташыган адамдын тек-жайы боюнча такталган маалымат бере элек.

Болгарияда маңзат соодасына айыпталгандар 20 жылга чейин эркинен ажыратылат. Бул өлкө Жакынкы Чыгыштан Батыш Европага маңзат ташылган жолдо турат.

ИИМ: Маалымат текшерилип жатат

Кыргызстандын милициясы бул маалыматты тактап, териштирүү жүрүп жатканын билдирди.

"Окуя боюнча ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы өз кезегинде мамлекеттер аралык келишимдердин негизинде тастыктоочу тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Азыркы убакта жүк Батуми шаарынан барганы анык, мындан аркы маалыматтар такталат. ИИМдин жетекчилиги ири өлчөмдөгү баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүдөн алууну негизги багыттардын бири деп эсептейт жана бул багытта тийиштүү деңгээлде иш жүрүп жатканын билдирет", - деп жазылган маалыматта.

"Маңзат ташуу менен шугулдангандардын аягы токтой элек"

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары, генерал Артур Медетбековдун пикиринде, бул жүктүн Кыргызстандан барганы аныкталса, анда өлкөнүн кадыр-баркына доо кетет.

Ал соңку окуя Кыргызстан аркылуу маңзат ташуу тыйыла электигин, ага күч органдарынын азыркы жана мурдагы кызматкерлери аралашат дегенди билдирерин айтты:

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

"Бул эми ачык сөз: Кыргызстан наркотрафиктин боюнда турат. Кыргызстан аркылуу башка мамлекеттерге, Орусияга, Батыш өлкөлөрүнө героинди алып өтүү менен шугулданган адамдар бар. Мындай жүктүн Кыргызстан аркылуу өтүп кеткени өлкөнүн аброюн түшүрүп жатат. Бул эмнени билдирет? Бул бүгүнкү күндө уюшкан кылмыштуу топтор, айрыкча маңзат, героин менен шугулдангандар бар, алар дагы эле иштерин тымызын жасап жатат дегенди билдирет. Аларга көп убакта укук коргоо органдарында кызмат кылган, анын ичинен Чек ара кызматында, бажыда ыплас иштегендер аралашып келген. Андайлар дагы деле бар. Бүгүнкү күндө аны менен күрөшүү абдан татаал жана кыйын. Себеби ал схемалар союз урагандан бери эле бекем түптөлүп калган, экинчиден, акча жагынан абдан эле кызыктырып салган. Ошондуктан маңзат соодасы менен шугулдангандар дагы деле болсо бар. Бул окуяга байланыштуу укук коргоо органдары баарын териштириши керек. Эгер жүк Кыргызстандан чыкканы, чек аранын, бажы кызматынын мөөрү басылганы аныкталса, биздин өлкөнүн кадыр-баркына шек келтирилет".

  • 2019-жылы жайында Германиянын Польша менен чек арасында жүк ташыган машинадан 670 килограмм героин табылган. Жергиликтүү басылмалар маңзат Кыргызстандагы "Элит Шоко" фирмасы өндүргөн таттуулардын ичине катылып, Белгияга ташылып баратканын жазышкан.
  • Грузиянын номуру тагылган машинанын айдоочу Түркиянын жараны экени, көптөн бери Кыргызстанда иштеп, Бишкекте жашап келгени кабарланган. Бул Германиянын тарыхында колго түшкөн эң ири өлчөмдөгү героин экени белгиленген жана баасы 56 миллион еврого чейин жетет деп эсептелген.
  • Кыргызстандын ИИМи бул фирманы тинтип, ээсин суракка чакырган. Фирманын кожоюндары жүккө тиешеси жоктугун айтып чыгышкан. ИИМ иликтөөнүн жүрүшү тууралуу мындан башка маалымат берген эмес.


Буга чейин маңзат соодасын уюшкан кылмыш топтору көзөмөлдөп жүрөрү айтылып келген. Былтыр октябрда кримтөбөл Камчыбек Көлбаев атайын операцияда атып өлтүрүлгөндөн кийин бул жааттагы "каралардын" таасири азайып-азайбаганы тууралуу суроолор жаралган. Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов "Азаттыкка" курган маегинде маңзат ташуу токтоду деп бүтүм чыгарууга эрте экенин билдирген:

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

"Ооганстанда "Талибандын" келишинин бир жакшы жагы - алар апийим айдоону токтотту. Ооган аймагынын 90% аймагында өстүрүлбөй калды. Бирок муну менен маңзат ташуу да токтоду деп айтуу мүмкүн эмес. Булар бир канча жылдан бери миңдеген тонна маңзат өндүрчү. Ошолордун запасы дагы он жылга чейин аткезчилик жол менен сыртка ташыганга кенен жетет. Көп жылдар бою калыптанып калган түндүк каттам деген бар. Ал - Тажикстандын, Кыргызстандын аймагы менен Казакстанга, андан ары Орусияга жана Европага барчу каттам. Бул бизнеске уюшкан кылмыштуу топтор менен кошо биздин укук коргоо органдардын кызматкерлери, жөнөкөй эле кызматкерлер эмес, жетекчилери дагы аралашкан болушу мүмкүн. Алар дагы четинен кармалып жатат. Жакында эле Ошто дагы кармалды. Алардын жардамысыз маңзатты аткезчилик жол менен ташуу өтө кыйын. Анткени анын бардык жол-жобосу түзүлгөн, көзөмөлдөө механизмдери бар. Коррупцияга аралашкан кызматкерлер бар, биз ошолорду тазалашыбыз керек. Ал иш жүрүп жатат", - деген Иманкулов.

Убагында ​ БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жыл сайын Ооганстанда мыйзамсыз өндүрүлгөн героиндин 20% чукулу Кыргызстандан өткөн "Түндүк транзит" деп аталган канал аркылуу ташыларын билдирген. Анда Кыргызстан Ооганстанда өстүрүлгөн апийимдин дүйнөгө таралуучу экинчи багытында турары айтылган.


ИИМдин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын уюштуруу-талдоо бөлүмүнүн башчысы Марсел Дөөталиев "Азаттыкка" курган маегинде маңзат соодасына шек саналган кызматкерлерден арылуу аракеттери көрүлүп жатканын, бир жыл мурда милициянын үч полковниги колго түшкөнүн айткан:

Марсел Дөөталиев.
Марсел Дөөталиев.

"Алар Ооганстанда өндүрүлгөн маңзатты ташууга тиешеси болгон. Ири өлчөмдөгү маңзат алынып, бул кызматкерлер жоопко тартылган. Менин билишимче, экөө камактан чыгарылып, соттун бул чечими кайра жокко чыгарылып, бирөө азыр издөөдө жүрөт. Биз бул багытта жумушту кеңири алып барабыз".

Расмий маалыматка ылайык, соңку үч жылдын ичинде манзатка байланыштуу 3,5 миңге чукул кылмыш катталып, 17 тоннадан ашык баңгизат алынган. Бул кылмыштарга байланыштуу 500дөн ашык адамга айып коюлган.

XS
SM
MD
LG