18-майдагы индиялык жана пакистандык студенттер жабыркаган окуяга дүйнө коомчулугу көз салып турат. Кыргыз коомчулугу чет элдиктерди уруп-согуунун келип чыгышын ар түрдүү жоромолдоп жатышат. Анткени Кыргызстанда да тышкы миграция күч алып, миллион адам четте жүрөт. Бийлик бул окуя териштирилип, ага катышкандар жазага тартыларын билдирди.
Борбор Азия
жекшемби 19 Май 2024
"Жатаканадагы студенттер өтө коркуп турушат"
- Нурболот Азамат
- Эрлан Жумакадыров
Бишкекте 18-майга караган түнкү зордук-зомбулукта жабыркаган пакистандык айрым студенттер өз мекенине кайтып жатат. Жатаканаларда жашагандар коопсуздугунан чочулап турганын айтышты. VIP хостелге кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү барып, окуя тыкыр иликтенип, күнөөлүүлөр жазаланарын убада кылышты.