Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:56

Ноокатта сел алып кеткен наристенин сөөгү табылды


Ноокаттагы сел жүргөн аймак. Абшыр-Ата. 29-июнь, 2024-жыл.
Ноокаттагы сел жүргөн аймак. Абшыр-Ата. 29-июнь, 2024-жыл.

Ноокатта 28-июнда жүргөн селге агып кеткен онунчу адамдын - 2022-жылы туулган наристенин сөөгү 1-июлда түштөн кийин табылды. Бул тууралуу Көк-Жар айыл аймагынын башчысы Азизбек Шамуратов журналисттерге билдирди. Маалыматка ылайык, бала селге агып кеткен үй-бүлөнүн небереси.

28-июндагы селден райондун Көк-Жар айыл аймагынын Борбаш айылында жашаган 48 жаштагы аял, анын он тогуз, он алты жана он бир жаштагы үч уулу жана эки жаштагы небересинин өмүрү кыйылды. Мындан тышкары маркумдун кайнежесинин он беш жашар кызы, Казакстанга турмушка чыккан кайын сиңдисинин эки баласы селге агып каза болгон.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги атайын учак менен Ноокатта селге агып каза болгон төрт баланын сөөгүн 1-июлда мекени - Өскемен шаарына алып кетти. Өскемен шаар бийлиги эки эркек бала жана эки кыздын сөөгүн жерге берүү зыйнатын жергиликтүү бийлик менен мечит мойнуна алганын, алардын жакындарына жардам берүү үчүн атайын штаб түзүлгөнүн "Азаттыктын" казак кызматына кабарлаган.

30-июнь күнү Кара-Кулжа районунун Карагуз айыл аймагында да саат 20:00 чамасында катуу жамгыр жаап, Жетим-Дөбө айылынын Абышка-Ооз тилкесинде саат 21:50 чамасында Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунаа селге агып кеткен. Автоунаанын ичинде 5 адам - бир үй-бүлө болгон, сегиз жаштагы кызы аман калып, калганы каза болгон. Үч кишинин сөөгү дароо табылып, бирөө 1-июлда табылды.

Өткөн аптада Баткен облусундагы Кадамжай районунда беш жашар бала селге агып каза тапкан. Жалал-Абаддын Ноокен районунда 10 жаштагы өспүрүм селге агып көз жумган.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө 2-июлга чейин нөшөрлөгөн жаан күтүлүп жатканын, сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертип жатат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG