Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:08

Борбор Азия

Мекенине кайтып жаткан пакистандык студенттер. “Манас” аэропорту. 21-май, 2024-жыл.
Мекенине кайтып жаткан пакистандык студенттер. “Манас” аэропорту. 21-май, 2024-жыл.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Пакистандын тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар жолугуп, Бишкектеги чет өлкөлүк жарандар жабыркаган окуяны талкуулады. Исламабаддын өкүлү пакистандык студенттерге кол салгандарды жоопко тартууну өтүндү.

Бишкектин милициясы чет элдиктерди ур-токмокко алган деген шек менен дагы бир жаранды кармады. Буга чейин төрт чет элдик, үч жергиликтүү тургун кармалган эле. 18-майга караган түнкү тополоңдо чет өлкөлүк 41 адам дарыгерлерге кайрылган.

"Каникулдан кийин кайра кайтып келем"

Үч күндөн бери Кыргызстанда окуп, иштеген пакистандык жарандар мекенине кетип жатат. 21-майда эле Бишкектен Пакистандын Исламабад, Лахор жана Пешавар шаарларына сегиз чартердик учак пландалган.

Умар, пакистандык студент
Умар, пакистандык студент

"Пакистанда болуп, каникулдан кийин кайра кайтып келем. Азыр билет алып койдум. Окуу жайыбыздан такай жардам берип, бизге көңүл буруп, сырттан тамак-аш же башка бир нерсе керек болсо ыктыярчыларга кайрыла аларыбызды дайыма айтып жатышты", - деди пакистандык студент Умар Атвал.

Дагы бир Араш Мухаммад аттуу пакистандык студент:

Араш, пакистандык студент
Араш, пакистандык студент

"Баш-аягы жылына дээрлик 10 миң доллар коротобуз. Буга окуу төлөмү жана башка чыгымдар кирет. Кыргызстан өкмөтү жагдайды жөнгө салат деп ишенебиз. Күзүндө кайра кайтып келип, окуумду улантам".

Улуттук коопсуздук комитет ушул күндөрү Пакистандын алты жараны Кыргызстандан Казакстанга өтүп бараткан жеринен кармалганын билдирди. Чет элдиктердин көпчүлүгү учак менен чыгып кетүүгө камынууда.

Министрлердин кездешүүсү

Пакистандын өкмөт башчысынын орун басары, тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар 21-майдын кечинде Бишкекке келди. Ал 18-майдагы тополоңдо жабыркап, ооруканада жаткан пакистандык жарандардан кабар алмакчы. Мындан тышкары Кыргызстандын Министрлер кабинетинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Мохаммад Исхак Дар Астанада өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынынан соң, Бишкекке кыска убакытка кайрылары мурда кабарланган.

Бишкек. 21-май, 2024-жыл
Бишкек. 21-май, 2024-жыл

20-майда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев аны менен Астана шаарында жолугушкан. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги анда эки өлкөнүн соода алака, инвестиция, текстиль өнөр жайы, туризм, билим берүү, саламаттык сактоо жана башка тармактардагы кызматташтыгын өнүктүрүү маселесин талкуулашканын билдирди.

Исламабад тараткан маалыматта эки өлкөнүн башкы дипломаттары Бишкекте пакистандык студенттер жабыркаган окуяны талкуулаганы жазылган:

“Жолугушууда бир нече күн мурунку Бишкектеги окуяларга жана ал жактагы пакистандык студенттердин абалына өзгөчө көңүл бурулду. Премьер-министрдин орун басары жана тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар пакистандык жарандардын, биринчи кезекте жума күнкү окуялардан жабыркаган студенттердин коопсуздугун жана жыргалчылыгын камсыздоо Пакистандын башкы милдети экенин баса белгиледи. Ал ошондой эле Кыргызстандын тышкы иштер министринен пакистандык студенттерге кол салууга күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну өтүндү. Кулубаев вице-премьерди Пакистандын жарандарынын коопсуздугу камсыздаларына жана мекенине кайтууну каалаган студенттердин аман-эсен чыгып кетүүсүнө толук көмөк көрсөтүлөрүнө ишендирди”, - деп жазылган Исламабаддын билдирүүсүндө.

Жээнбек Кулубаев жана Мухаммад Исхак Дар. Астана, Казакстан. 20-май, 2024-жыл.
Жээнбек Кулубаев жана Мухаммад Исхак Дар. Астана, Казакстан. 20-май, 2024-жыл.

Бангладештин Өзбекстанда жана Кыргызстандагы элчиси Мухаммад Ислам Монирул, тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов, ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов менен жолугуп, бангладештик студенттердин коопсуздугун талкуулашты.

Соңку эки-үч күндөн бери атайын чартердик авиакаттамдар бир нече ирет уюштурулду. 21-майда эле Бишкектен Пакистандын Исламабад, Лахор жана Пешавар шаарларына сегиз чартердик учак учуп кетти.

Кыргызстандын күч органдары өлкөдө абал туруктуу экенин билдирип, чет өлкөлүктөргө түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

"Учурда Бишкекте, деги эле жалпы республика боюнча абал туруктуу. Чет элдик жарандардын, чет элдик студенттердин кооптонуусуна эч кандай негиз жок. Себеби, алардын коопсуздугу жана тынчтыгы ички иштер органдарынын кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Атайын посттор коюлган. Чет элдик студенттердин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө", - деди ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Тилек Оторов.

Кенемте төлөө маселеси козголду

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде жабыр тарткан чет элдик студенттерге кенемте төлөп берүү маселеси көтөрүлдү:

"Сөзсүз түрдө жабыркаган студенттердин чыгымынын ордун толукташыбыз керек. Кандай болбосун, мамлекеттен болобу, фонддордон болобу, же жарандар чогултабызбы, аларга кенемте төлөп берели. Аброюбузду сактап калышыбыз үчүн ушул иш-чарага барышыбыз керек. Же болбосо дагы бир сунуш: ушунча жылдан бери ошол чет элдик студенттер университеттерге чоң контракт акы төлөп келишет, болбосо алар төлөп беришсин. Эгерде дүйнөлүк аренада өз беделибизди сактап калабыз десек, аларга чыгымдарын төлөп беришибиз шарт", -деди депутат Мейкинбек Абдалиев.

Кыргызстандык блогерлер англис тилинде видео кайрылуу таратып, Пакистандын, Индиянын, Бангладештин жана башка өлкөлөрдүн студенттеринен кечирим сурашты. Мурдараак Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкектеги башаламандыкта катуу жабыркаган ВИП хостелге барып, кыргыз бийлигинин атынан чет элдик студенттерден кечирим сураган.

Президент Садыр Жапаров 20-майда жасаган кайрылуусунда чет элдик студенттерди сабагандар жазага тартыларын айткан.

Милиция Бишкекте чет элдик жарандарды сабаган деп шек саналгандардын бирин кармады. Андан мурун үч жергиликтүү тургун кармалган.

Башкалаада чет элдик студенттер жашаган жатаканада 13-майда болгон мушташтын видеосу 17-майда интернетке тарап кеткен. Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары анда сабалгандар кыргызстандыктар экенин жазып чыгышкан. Мындан улам 18-майга караган түнү Бишкектин Чыгыш-5 кичи районуна миңге жакын жаштар топтолгон. Алардын бир тобу чет элдик жарандар жашаган жатаканага кирип барып, бир нече адамды сабап салышканы белгилүү болгон.

Бишкекте жыйналган жаштар. 18-майга караган түн. Бишкек, Кыргызстан.
Бишкекте жыйналган жаштар. 18-майга караган түн. Бишкек, Кыргызстан.

18-майга караган түнү болгон тополоңдо дарыгерлерге жалпы чет өлкөлүк 41 адам кайрылган. Алардын ичинен ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда.

Оккупацияланган Мариуполдо мигранттар кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:37 0:00

Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Израилдин өкмөт башчысын, коргоо министрин жана ХАМАС радикал тобунун үч лидерин Газадагы кылмыштар үчүн айыптап, аларды камоого ордер чыгарып берүүнү өтүндү. Израилдин бийлиги прокурордун билдирүүсүн дароо айыптады. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Пакистандын тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар жолугушту. Исламабаддын өкүлү кыргыз бийлигинен пакистандык студенттерге кол салгандарды жоопко тартууну өтүндү. Орус күч кызматтары оккупацияланган Мариуполдо рейд жүргүзүп, борборазиялык мигранттарды кармады. Орусия Украинанын оккупацияланган шаарын калыбына келтирүүгө мигранттарды 2022-жылдын күзүндө жөнөтө баштаган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG