Бишкекте 9-майдын урматына Жеңиш аянтында майрамдык иш-чара өттү. Шаар тургундары "Өчпөс отко" гүл коюп, согушта курман болгондорду эскеришти. Быйыл жыл сайын адатка айланган "Өлбөс полк" жүрүшү болгон жок. Ага карабай айрым тургундар чоң аталарынын сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты.
Борбор Азия
бейшемби 9 Май 2024
Биринчи май райондук соту киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу айыпталган Бишкек милициясынын мурдагы жетекчиси Бакыт Матмусаевди актады. Оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаров Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берди. Райондук сот буга чейин анын арызын артка кайтарган. Грузияда “чет элдик агент” мыйзам долбооруна каршы толкундоолор уланууда. Нааразылык акциялары Тбилисиден башка аймактарда да болуп жатат.