Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Борбор Азия

Sorry! No content for 29 Октябрь. See content from before

дүйшөмбү 28 Октябрь 2024

Орусия менен Кытайдын ортосунда ойногон Казакстан
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:57 0:00

Казакстан - мурдагы советтик республикалардын арасындагы Орусиядан кийинки эле эң чоң жана эң бай мамлекет. Орусия менен Кытай сыяктуу эки автократиялык режимдин ортосунан орун алган өлкө Советтер Союзунан мунай жана газ кендерин гана эмес, Байкоңур космодромун жана Семей полигонун мурастап калган. СССР кыйрагандан бери 33 жыл өттү. Бул маалда эгемен Казакстан кандай багыт алынды?

Президенттин кызы жана жардамчысы Саида Мирзиёева менен президенттик администрациянын Маалыматтык саясат департаментинин мурдагы жетекчиси Комил Алламжонов, 25-август, 2023-жыл
Президенттин кызы жана жардамчысы Саида Мирзиёева менен президенттик администрациянын Маалыматтык саясат департаментинин мурдагы жетекчиси Комил Алламжонов, 25-август, 2023-жыл

Өзбекстанда президенттик администрациянын Маалыматтык саясат департаментинин мурдагы жетекчиси Комил Алламжоновдун автоунаасын аткылоого байланыштуу кылмыш иши козголду. Саида Мирзиёеванын жакын санаалашы деп саналган Алламжонов сентябрдын этегинде кызматтан кеткен.

Ташкенттин Кибрай районунда жекшембиге караган түнү белгисиз кишилер Комил Алламжоновдун Range Rover үлгүсүндөгү жолтандабасын бир нече ирет аткылаганы, саясатчы жана анын айдоочусу аман-эсен экенин өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.

Маалыматка караганда, окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин 97-беренеси ("Атайылап өлтүрүү үчүн кол салуу") менен кылмыш иши козголду.

«26-октябрда саат 1:40ка жакын Кибрай районундагы Ифор көчөсүндө бейтааныш эки киши жүрүп бараткан Range Rover жол тандабасына бир нече жолу ок чыгарып, из жашырып кетишкен», – деп билдирди Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы.

«Озодликтин» укук коргоо органдарындагы булактарынын маалыматына караганда, аткылоого кабылган автоунаанын ичинде президенттик администрациянын Маалыматтык саясат департаментинин мурдагы жетекчиси Комил Алламжонов менен айдоочусу болгон.

Ал эми Башкы прокуратура машинени С.С. инициалындагы айдоочу башкарып баратканын, жараат алгандар жок экенин билдирди, бирок ок атууда кандай курал колдонулганы такталган эмес.

Райондо шектүүлөрдү аныктап, тактоо боюнча ыкчам аракеттер жүрүп жатканы кабарланды.

«Дасыккан адистер кирген ыкчам тергөө тобу түзүлдү. Тергөө уланууда», – деп билдирди Башкы прокуратура.

Окуя болгон жерге жакын жашаган ишкер "Озодликке" анонимдүү шартта Кибрайдын көчөлөрүндө өзгөчө кырдаал тартиби киргизилгенин, айрым көчөлөр жабылганын айтып берди.

«Озодликтин» укук коргоо органдарындагы булагы бул окуядан кийин Ташкент облусунда жана башкалаада күч кызматкерлеринин масштабдуу операциясы башталганын маалымдады.

Аткылоого эмне себеп болгону тууралуу расмий маалымат жок.

Журналисттердин булагы Алламжоновдун машинесине Макаров тапанчасынан беш жолу ок чыгарылганын билдирди.

"Мотоциклчен эки киши караңгыда жол боюнда Алламжоновдун машинесин күтүп турган. Жол тандабасты көздөй беш жолу ок аткандан кийин качып кетишкен. Алламжонов жана анын айдоочусу жабыр тарткан эмес, бирок машинеде октун издери калды. Азыр бардык камералар текшерилип, кол салгандарды аныктоо боюнча иш уланып жатат", – деди булак.

Президенттин кызы жана жардамчысы Саида Мирзиёева чет өлкөдө экенин айткан өкмөттөгү булак жогорку жетекчилик жана жеке президент Мирзиёевдин өзү окуядан кабардар экенине күмөн санабай турганын билдирди.

Анын айтымында, Алламжонов президенттик администрациядан кеткенине карабастан, мамлекет башчы Мирзиёевдин командасындагы жана ага жакын адам катары эсептелет.

"Бул шайлоо алдында президентке каршы саботаж да болушу мүмкүн. Абдан олуттуу, Өзбекстандын жакынкы тарыхында көрүлбөгөн окуя", - деди булак.

Учурда социалдык тармактарда "кол салуу" окуясына күмөн саноо билдирген билдирүүлөр да көбөйдү.

40 жаштагы Комил Алламжонов быйыл 30-сентябрда президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары жана Маалымат саясаты департаментинин жетекчиси кызматынан кеткен. Ал өзү ишин бизнесте улантарын айткан, бирок кызматтан кетүүсүнүн чоо-жайы жана кийинки пландары тууралуу ачыктаган эмес.

Мурда эки жолу президенттик администрациядан кетип, кайра келген Алламжоновдун кызматтан кетиши ар кандай божомолдорго себеп болгон. "Азаттыктын" булактары кызматтан кетүү президент Мирзиёев администрациясындагы "ички күрөштөр" менен байланыштуу болушу мүмкүн деп божомолдошкон.

Быйыл жайында Алламжоновдун бир мезгил коомчулуктун көзүнөн кайым болушунан кийин анын кызматтан бошотулганы жана атүгүл "чет өлкөгө качып кеткени" тууралуу тастыкталбаган кабарлар пайда болгон. Кийинчерээк Алламжонов кайра администрацияда пайда болуп, бул кабарларды кыйыр түрдө четке каккан.

Акыркы кызматтан кеткенден бери Алламжонов коомчулукка көрүнгөн жок, басма сөздө да пайда болгон эмес. Президент Шавкат Мирзиёевдин биринчи басма сөз катчысы жана кийинчерээк АОКА жана Масс-медиа фондунун жетекчиси болгон Алламжонов Өзбекстан саясатында, айрыкча басма сөздө чоң таасирге ээ инсан катары каралат. Ал кызыкчылыктардын кагылышуусуна байланыштуу бир катар жергиликтүү жана эл аралык журналисттик иликтөөлөрдүн борборунда болгон. Алламжоновдун өзү өткөн жылы "Азаттыкка" берген маегинде өкмөттөгү абалын өзүнүн бизнес кызыкчылыктарын жылдырууда пайдаланганын четке каккан.

Алламжонов жана жакында эле аны менен тандемде иштеп келген президенттин улуу кызы Саида Мирзиёева өздөрүн басма сөз эркиндигинин жана ачыктыктын жактоочулары катары тааныштырып келишкен, бирок сөз жана басма сөз эркиндигинин абалы начарлаган акыркы эки жылда алардын бул багыттагы аракеттери азайганы байкалган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG