Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:14

Түркияда ок-дары заводундагы жарылуудан 12 киши каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиянын батышындагы Балыкесир провинциясындагы жардыруучу заттарды, ок-дары чыгарган заводдогу жардыруудан кеминде 12 кишинин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу CNN Turk жергиликтүү бийликке таянып кабарлады. Бир нече киши жараат алды. Күбөлөрдүн айтымында, жардыруу катуу болгондуктан коңшу айылга да сезилген.

Жардыруудан кийин заводдун чатыры урап түштү. Уранды алдынан аман калгандарды издөө иштери уланууда. Куткаруу иштерине "Тез жардам" бригадалары, өрт өчүрүүчүлөр тартылды. Маалыматка караганда, жардыруу цехтердин биринде болгон. Ал жакта бир нөөмөттө адатта 20дай киши иштейт.

Окуяга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Аймак жетекчилигинин айтымында, диверсия тууралуу варианттар каралган жок. Прокуратура иликтөө ишин баштады.

Ишкананын сайтындагы маалыматка караганда, заводдо спорт жана аңчылык үчүн шаймандар, жарандык колдонуу үчүн жарай турган жардыруучу заттар да чыгарылат.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган X социалдык түйүнү аркылуу каза болгон 12 адамдын жакындарына көңүл айтып, кайгыларын тең бөлүшөрүн билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG