Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:20

Байден 37 адамдын өлүм жазасын жеңилдетти, Жохар Царнаевдики күчүндө калды


Жохар Царнаев.
Жохар Царнаев.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден федералдык соттор өлүм жазасына өкүм кылган 40 адамдын 37синин жазасын жеңилдетти.

Мындай маалыматты бир катар америкалык маалымат каражаттары жазышты. Бул деген 37 адам өлүм жазасына тартылбайт, бирок өмүрүнүн аягына чейин түрмөдө отурат жана мөөнөтүнөн мурда бошонуп чыга албайт дегенди билдирет.

Ал эми 2013-жылы Бостон марафонундагы теракт үчүн соттолгон, Кыргызстанда туулган Жохар Царнаев, Питтсбургдагы синагогада ок атууну уюштурган Роберт Бауэрс жана Чарльстон калаасындагы чиркөөдө тогуз адамды өлтүргөнү үчүн айыптуу деп табылган Дилан Руфтун өлүм жазасы күчүндө калды.

Байден "федералдык деңгээлде чыгарылган өлүм жазасынан баш тартуу керек экенине убакыт өткөн сайын көбүрөөк ишене баштаганын" айтты.

Кошмо Штаттарда өлүм жазасы тууралуу өкүмдөрдүн көбү штаттарда чыгарылат. Учурда ар кайсы штаттарда өлүм жазасына өкүм кылынгандар эки миңден ашат.

Байден бул кылмыштарды ишке ашыргандар катаал жазага тартылышы керек деп эсептегени менен федералдык деңгээлде өлүм жазасына каршы чыгып келет.

Буга чейин ал 1500 соттолуучунун жазасын жеңилдетип, 39 кишиге ырайым берген. Алардын арасында уулу Хантер да бар. Ал мыйзамсыз курал сактап келген жана салык төлөөдөн качкан деген айыптар боюнча өкүмдү күтүп жаткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG