Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:21

Баткенде кадрдык өзгөрүү: Алимбаевдин ордуна Шаменов барды


Абдикарим Алимбаев (солдо) жана Абдыкадыр Алимбаев (оңдо)
Абдикарим Алимбаев (солдо) жана Абдыкадыр Алимбаев (оңдо)

Баткен облусунун жетекчилиги алмашты. Президенттин өкүлү Абдикарим Алимбаев кетип, анын ордуна Улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борборунун директору Айбек Шаменов дайындалды.

Баткенде облус жетекчилигинин алмашуусу кыргыз-тажик чек арасы такталып бүткөнү кабарланган учурга туш келди. Бул облусту үч жыл жетектеген генерал Абдикарим Алимбаев буга чейин өзү иштеп кеткен Чек ара кызматынын жетекчилигине дайындалды.

Учурда бул орган УКМКнын курамында болуп, кызматтын жетекчиси атайын кызматтын жетекчисинин биринчи орун басары болуп да эсептелет. 51 жаштагы Алимбаев Баткенге жетекчи болуп 2021-жылдын апрелиндеги куралдуу кагылыштан кийин дайындалган. Чек арадагы куралдуу жаңжал кайталанган 2022-жылы дагы облусту жетектеп турду. Ошол жыл соңунда генерал-майор жогорку аскердик наамын алган.

24-декабрда аны жамаатка тааныштыруу учурунда КМК төрагасы Камчыбек Ташиев облусту оор учурда үч жыл башкарып турган мезгилинде Абдикарим Алимбаев жакшы иштерди аткарганын айтты:

“Облус жашоочуларынын башына оор күн түшүп, ызы-чуу түшүп, жаңжал күндөрдө ушул киши дайындалган болчу. Ошол күндөн бери Абдыкарим Карыбекович өзүнүн жакшы иштерин жүргүзүп, облуста туруктуулукту камсыз кылып, эл менен болду. Калктын жашоо-турмушунун кайсы бир деңгээлде көтөрүлүшүнө ушул кишинин салымы чоң. Ошондуктан бул кишиге рахмат айтып коелу”.

Алимбаев аскер адам болгондуктан аймакта коопсуздук, чек ара маселелерине басым жасап, экономикалык – социалдык көйгөйлөр экинчи планда калып калды деген пикирлер коомчулукта айтылып жүргөн. Эркин журналист Нургазы Жайнаковдун пикирин угалы:

“Алимбаев облус башчысы катары үч жарым жыл аралыкта чек ара маселесине көбүрөөк басым жасады окшойт. Чек аралаш аймакта эки элдин ынтымагын бекемдөө, абалды туруктуу кармоого, жанжалдардын кайталанбашына аракет кылды окшойт. Ал эми экономикалык жана социалдык жактан бир аз аксагандай болуп турат. Ошол эле 500 млн сомдун иштетилбей артка кетиши, кийинки жылдары ал казынадан атайы өнүктүрүү үчүн бөлүнгөн ошол 500 млн сомдун натыйжалуу, кайтарымдуу болбой жатышын кемчилик деп айтсак болот. Мындан тышкары социалдык көйгөйлөрдүн көбү ачык бойдон калып турат, аткезчилик толук токтобой дагы деле катталып жатат”.

2021-2022-жылдардагы чек арадагы куралдуу кагылыштардан кийин Баткен облусун өнүктүрүү үчүн атайын иш-мерчемдер кабыл алынып, өкмөт жыл сайын казынадан 500 млн сомдон бөлүп турмай болгон.

Бир канча инвестициялык форумдар уюштурулуп, аймакта калктын жашоо-шартын жакшыртуу пландары бекитилген. 92 айылга чек арадагы өзгөчө айыл макамы берилип, бул айыл жашоочуларынын пенсиясына жана балдар үчүн жөлөк пулдарына кошумча миң сомдон кошулган.

Салыктан жана төлөмдөрдөн да жеңилдиктер каралган. Бирок бул жеңилдиктерден кийин да облуста ишкерлердин саны өсүп кеткен жок.

Деген менен Алимбаев дайындалгандагы негизги миссиясын аткарды, оор кырдаалда аймакты башкарып, абалды туруктуу кармоого аскер адамы катары аракет кылды деп эсептейт жергиликтүү серепчи Хаитали Айкынов.

“Алимбаев аскер кызматкери катары тандалып, Баткен облусун жетектөө үчүн келген. Ал киши өз учурундагы шартка, абалга жараша милдетин аткара алды. Ал учурда коопсуздук, чек ара - башкы маселе болчу. Кээ бирөөлөр айтат, "социалдык-экономикалык тармак аксады" деп. Бирок приоритеттеги маселеге басым жасалды. Кошуналар менен мамиле кылып, сүйлөшүп, иш-чарларды өткөрүп абалды туруктуу кармаганга болгон аракетин жумшады. Анан социалдык-экономикалык маселелердин баарын чечүүгө облус башчысынын ыйгарым укуктары да чектелүү, казынасы жок. Ошол жагын эске алганда бул киши өзүнө жүктөлгөн оор милдетти жакшы аткарды”.

Ал эми Баткенге жаңы дайындалган президенттин өкүлү Айбек Шаменов буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин антитеррордук борборунун директору болуп иштеп турган. Ал жөнүндө ачык булактарда көп деле маалымат жок.

Буга чейин бирин-экин парламенттеги терроризмге каршы жыйындарга катышканы менен гана журналисттердин эсинде калган.

Жаңы жетекчини облус активине тааныштырып жатып Ташиев Шаменов буга чейин атайын кызматтын Баткен облусу боюнча координатору болгонун, аймактагы абал менен жакындан тааныш экенин, ага социалдык-экономикалык жактан калктын турмушун ондоо маселеси коюлганын “Азаттыка” билдирди.

“Азыркы күндө президентибиздин тапшырмасынын негизинде жаңы жетекчиге коюлган негизги милдеттердин бири - Баткен облусун социалдык жактан өнүктүрүү, инфраструктураны түзүү боюнча чоң тапшырмалар коюлду. Мен ойлойм, Айбек Асанович бул тапшырмаларды, милдетин аткарып, ишеничти актай алат”.

Эми Шаменовго кыргыз-тажик чек ара сызыгы такталган соң аны демаркациялоо маалындагы иштерди аткаруу милдети туш келиши мүмкүн.

Мунун алдында кыргыз бийлиги Тажикстан менен чек ара тактоо маселеси аяктаганын билдирген. Узак жылдар түрдүү чыр-чатактарга себеп болуп келген чек ара маселесине чекит коюлса, чөлкөм үчүн чоң тарыхый окуя болот.

Баткен аймагы дүйнөдө калк жыш жайгашкан деп саналган аймактардын бири. Фергана өрөөнүндө жайгашып, Өзбекстан жана Тажистан менен чектешет.

Дубандын ички дүң өндүрүмүнүн 45% ашыгы айыл чарбасынан алынат. Тейлөө, курулуш, салык, туризм, инвестициялык жана негизги өндүрүш тармагы көп бөлүктү камсыздабайт.

Дүң өнүмдү камсыздайт деген ири өндүрүш ишканалары жок. Айдаркен сымап жана Кадамжай сурма комбинаттарын иштетүүгө бир нече инвестициялык сунуштар болуп, аракеттер жасалганы менен иштетилбей турат.

Алимбаев эмнеси менен эсте калды?

Мурда Чек ара кызматындагы иштеген 51 жаштагы Абдикарим Алимбаев Баткен облусунун башына 2021-жылы 5-майда, Баткенде чек ара чырынан кийин келген. Ал чатакта эки тараптан ондогон адамдар каза болуп, жүздөгөн адамдар жараат алган. Чек ара чатагы бир жыл өткөн соң да кайталанган.

Абдикарим Алимбаев.
Абдикарим Алимбаев.

Дал ушул жаңжалдардын кесепетин жоюу, облустагы кырдаалды жөнгө салуу Алимбаевдин учуруна туура келди.

Кийин эки өлкөнүн саясий бийлиги чек араны тактоону тездетип, быйыл 4-декабрда бардык тилкелер боюнча тактоо иштери аяктаганы белгилүү болду.

Президент Садыр Жапаров 13-декабрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине чакан маек берип, “талаш болуп келген жерлерди теңме-тең (50/50) бөлүштүк. Айрым жерлерди теңме-тең алмашуулар болду”, - деп айткан.

Эки өлкө чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери жолукканда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын жарыялашкан.

2021-жылы кабыл алынган “Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө” жарлыкка ылайык, облус жетекчилери президентке түз баш ийет. Облустагы ыйгарым укуктуу өкүл өзү жетектеген аймакта президент аныктаган мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырат. Атап айтканда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана укук коргоо органдарынын ишин тескейт. Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жана мекемелердин жетекчилерин кызмат ордунан четтетүү жана бошотуу боюнча сунуштарды киргизе алат.

Шерине

XS
SM
MD
LG