Өзбекстандагы жүздөгөн газ жана мунай кендерин өзбек жана орус ишкерлери, анын ичинде "Газпром" менен байланышы бар, Кремлге жакын адамдар көзөмөлдөп жатканы белгилүү болду. Буга далил жана мисалдар “Озодликтин” февралдын башында жарыялаган иликтөөсүндө көрүнүп турат. Кошуна өлкөнүн Энергетика министрлиги иликтөөдө айтылган маалыматтарды төгүнгө чыгарганы менен журналисттер көрсөткөн фактылар коомчулукта кызуу талкууга жем таштады.
Борбор Азия
жума 17 Февраль 2023
Жалал-Абаддагы Иштамберди алтын кенинде көчкү түшүп, төрт киши жараат алды. Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бөгөт чарасы үч күндөн бери каралууда. Орусия Украинанын аймактарына ракеталык чабуулун улантты.