Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:32

Президент Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин кайталады


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 13-ноябрда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылуу жарыялап, анда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун мааниси, Курултайдын орду жана өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы тууралуу пикирин билдирди.

Мамлекет башчы 17-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоого кайдыгер карабоого чакырып, анда шайланган депутаттар Курултайдын делегаттарын шайлай турганын белгилеген.

"Элдик Курултайдын курамдык сапаты сиздер шайлай турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарына көз каранды болот. Курултайда кайсыл гана маселе болбосун көтөрүп чыга алышат", - деген президент.


Ал өлкөдө “Сөз эркиндиги жок, бизге кысым болууда” деп жаткан “журналист, блогер сымалдарды" Курултайга делегат болуп шайланып келүүгө чакырып, бийлик диалогдон эч качан качпасын белгилеген.

“Дүжүр Курултай болду же дүжүрлөр шайланып келишти” деген сөздөрдү кайталабаш үчүн бийликке нааразы болгон “блогерлер, журналисттер, активисттер, акылдуу сымалдар”, Элдик Курултайга шайланып келип, болгон суроолоруңарды узатып, ой-пикирлериңерди, дооматтарыңарды түз эфирде ачык айтыңыздар. Курултайдын делегаттарын шайлоого бийлик, мамлекеттик түзүмдөр кийлигишпейт. Элдик Курултай бул бийлик менен элдин ортосундагы диалог. Мындан артык дагы кандай диалог керек силерге? ", - деп жазды Жапаров.

Мамлекет башчы кайрылуусунда Кыргызстанда сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет деген сөзүн кайталап, бул өзгөчө "Азаттык", "Кактус", "ПолитКлиника" жана "Клооп" басылмасы сыяктууларга тиешелүү экенин баса белгилеген.

Садыр Жапаровдун бекемдегенине караганда, жергиликтүү кеңештерге шайлоо таза, адилет жана акыйкат өтөт.

Президент Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, мындан ары да болорун буга чейин да бир нече жолу билдирген.

Кыргызстанда быйыл жыл башында үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, "Массалык башаламандыкка чакыруу" беренеси менен айыпталып, кармалган 11 журналисттин экөө түрмөгө кесилген. Экөө пробациялык мөөнөт менен жаза өтөөдөн куткарылган. Калгандары "аракетинде кылмыш курамы жок" деген негиз менен акталган.

Ушу тапта бир нече журналист, блогер жазгандары, пикири үчүн соттолуп же кылмыш иши козголуп, абак жайларында кармалып турат. Коррупцияга каршы бир катар иликтөөлөрү менен таанылган "Клооп Медиа" коомдук фонду сот чечими менен жоюлган.

Президенттин администрациясы интернеттеги жана маалымат каражаттарындагы жалаа жабууну жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун демилгелеп, Министрлер кабинети сунуштаган. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ишке ашырат делген мыйзам долбоору учурда Жогорку Кеңештин кароосунда.

Эл аралык жана жергиликтүү медиа уюмдар Кыргызстанда сөз эркиндиги чектелип, кысым күчөгөнүн белгилеп, бийликке бир нече ирет кайрылуу жолдогон.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG