Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:29

Быйыл кызамыкка 13 475 адам чалдыкты, үч бала чарчап калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандар былтыркыдан кыйла азайганын кабарлады.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматында, жыл башынан бери Кыргызстанда 13 475 адам кызамыкка чалдыккан. Анын ичинен 12 161и балдар.

Илдетке чалдыккандардын көпчүлүгү Бишкек шаарында, Чүй , Ош, Жалал-Абад облустарында.

Быйыл оорудан үч бала чарчап калган.

21-октябрдан тарта кызамык жана кызылчага каршы эмдөө өнөктүгү башталган. Анда 9 айлыктан 7 жашка чейинки мурда эмделбеген же бир эле жолу эмделген балдар эмдөөдөн өтүүдө. Саламаттык сактоо кызматкерлери, студенттер жана мугалимдер да эмделүүдө.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматында, 6-ноябрга карата 60 295 бала эмдөөдөн өттү.

СССРдин аймагында 1963-жылдан бери кызамыкка каршы эмдөө жүргөндүктөн, Кыргызстан эгемендик алган жылдары бул ооруну жугузгандар көп катталган эмес жана өлүм учурлары да сейрек кездешчү.

Диний ишенимдерден улам вакцинадан баш тартуу адаты 2012-жылдан тарта башталган. Анын кесепетинен 2014-2015-жылдары Кыргызстанда кызамыкка кабылгандар кескин көбөйүп, 17 миңге жеткен. Натыйжада ири эмдөө кампаниясы жүргөн.

2018-2019-жылдары да кызамыкты жуктургандардын саны кескин жогорулап, жылына 2000 учур катталган жана кайрадан эмдөө күчөтүлгөн.

Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин жайылышына ата-энелер түрдүү себептер менен анын ичинен көбү диний ишенимине байланыштуу эмдөөдөн баш тартканы себеп болгонун кайталап келет.

Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашка чыкканда жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG