Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:18

Бүбү-бакшылыкты жарнамалоого тыюу салынды


Министрлер кабинети "Жарнама жөнүндө" мыйзамды ишке ашыруу максатында оккульттук-мистикалык кызмат көрсөтүүлөрдү жарнамалоого тыюу салды.

Өкмөттүн токтомунда бул жаатта жарнамалоого тыюу салынган кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси жарыяланды.

Тизмеге сыйкырдын таасирин колдонуу, төлгө ачуу, көзү ачыктык кылуу, баш айландыруу, окутуу, ийгиликке жана финансыга жол ачуу, каргыш жана дубалоо сыяктуу кызматтар, ошондой эле спиритизм, шаманизм кирди. Мындан тышкары саламаттык сактоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын уруксаты берилбеген (аккредитацияланбаган) альтернативдүү дарылоо, көз карандылыктан арылтуу, бүбү-бакшылык, дубалап айыктыруу усулдарына да тыюу салынган.

Мындай кызматтар адамдын ишенимин кыянаттык менен пайдаланууга багытталган деп эсептелип, коомдук тартипти коргоо максатында жарнамаланбашы керек.

Кыргызстанда көзү ачыктык, бакшылык кылып, төлгө тарткандарга мыйзам тыюу салбагандыктан, базарларда, социалдык тармактарда жана менчик телеканаларда “жол ачам, дартка даба табам” деген сыяктуу жарнамалар жарыяланып келген. Бүбү-бакшыларга кайрылып, ири суммадагы акчасын алдырып, ден соолугунан ажырап же каза болуп калган жарандар катталган.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев “Жарнама жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизип, көзү ачык, бүбү-бакшыларды жарнама кылууга тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштаган.

Быйыл май айында парламент аталган мыйзам долбоорун кабыл алган. 19-июлда президент Садыр Жапаров мыйзамга кол койгон.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG