Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:30

"400 күн 400 жылга тете болду". Газада коопсуз жер калбады


Нусейрат качкындар лагери Израилдин соккусунан кийин. Газа. 7-ноябрь, 2024-жыл
Нусейрат качкындар лагери Израилдин соккусунан кийин. Газа. 7-ноябрь, 2024-жыл

12-ноябрда Израилдин куралдуу күчтөрү – ЦАХАЛ Бейруттун жака белине сокку урду. Армиянын өкүлү тараткан маалыматка караганда, анын алдында жергиликтүү жашоочуларга эскертүү берилген. Бир күн мурун Ливандын түндүгүндө аба соккусунан кеминде 14 киши каза тапты. Израил Газада да операциясын улантууда.

Израил Ливандын түпкүрүнө соккуларын күчөттү

Дүйшөмбүдө Израилдин соккусунан Ливандын түндүгүндө турак жай талкаланып, бери дегенде 14 киши каза тапты, дагы 14ү жарадар болду. Бул тууралуу Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Куткаруучулар кечке чейин урандылардын арасынан аман калгандарды издеп жатты.

Ошол көчөдө жашаган Мустафа Якуб бардыгы нес болгонун, сокку эскертүүсүз урулганын кабарчыларга айтып берди:

“Эвакуация болгула деген эч кандай эскертүү берилген эмес. Ал жакта 30 киши бар болчу, имарат алардын үстүнө урап, көмүп калды. Өлгөндөр, жарадарлар бар, ар кайсы жерде адамдардын мүчөлөрү жатат”.

Аалмат айлы Израилдин соккусунан кийин. Ливан. 2024-жыл, 10-ноябрь
Аалмат айлы Израилдин соккусунан кийин. Ливан. 2024-жыл, 10-ноябрь

Дүрмөт Аккар чөлкөмүндөгү Айн Яакуб айылына тийген. Ал жакта негизинен грек православдар жана суни мусулмандардын жамааттары жашайт. Маалыматка караганда, аймак “Хезболла” согушкер уюмунун таасир чөйрөсүнө кирбейт.

AP агенттиги Израилдин армиясы ал соккуну комментарийлебегенин жазды.

Тел-Авив Ливанда “Хезболлага” каршы күрөшүп жатканын айтууда.

  • "Хезболла" - Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия.
  • Вашингтон "Хезболланы" террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынан депутаттар бар.

ЦАХАЛ барган сайын Ливандын түпкүрүнө урулган соккуларын күчөтүп жатат. Буга чейин Аккар 2-ноябрда бутага алынганда Ливан армиясынын текшерүү пунктунун жанындагы көпүрө урап калган. Натыйжада Сирияга кеткен кан жол менен байланыш үзүлгөн.

Ошол эле күнү 9-ноябрда Дейр Канун жана Айн Баал деген жерлерде каза тапкан сегиз парамедик (өзгөчө кырдаалда иштөөгө адистешкен догдур) менен карапайым кишилерди жерге беришти.

Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги Израил менен “Хезболланын” бир жылдан ашуун убакыттан бери уланып келаткан куралдуу жаңжалында каза тапкандар 3 миң 100дөн ашканын, 1,2 миллионго жакыны жер которууга мажбур болгонун билдирди. Бирок канчасы карапайым тургундар, канчасы согушкерлер экени маалымдалбайт.
Мекеме 100дөн көп медицина кызматкери набыт болуп, 9 оорукана жана 45 тейлөө борбору зыян тартканын кошумчалады.

Ливандан атылган ракетадан израилдик аял набыт болду. Кириат-Ата, Израил, 2024-жыл, 31-октябрь
Ливандан атылган ракетадан израилдик аял набыт болду. Кириат-Ата, Израил, 2024-жыл, 31-октябрь

Ал эми Израил “Хезболланын” чабуулдарынан өлкөнүн түндүгүндө, оккупацияланган Голан дөңсөөлөрүндө жана Ливандын түштүгүндө 100 чакты израилдик жайкын кишинин өмүрү кыйылганын айтууда.

Израилдин аскерлери дүйшөмбүдө Ливан тараптан 190 ракета атылганын билдирсе, куткаруучулар кеминде беш киши жарадар болгонун маалымдашты.

Кармаштар сентябрдын аягынан бери, ЦАХАЛ Ливандын түштүгүндө жердеги операциясын баштап, аба соккуларын күчөткөндө курчуган.

Газада 400 күндөн бери токтобогон согуш

9-ноябрда Газадагы согуштун башталганына 400 күн болду. Израил "хамасчыларга" каршы операцияларын тилкенин түндүгүндө жана борборунда күчөтүп жатат. Он миңдеген палестиналыктарга ал жерлерден көчүү көрсөтмөсү берилди.

Жабалия лагеринде башпааналаган Газанын тургуну Ибтиссам Собх эл дээрлик ачка калганын айтат:

“400 күн 400 жылдай эле сезилет, балким, андан да көп. Согуш болбосо, ачка калбайт элек, там-ташыбызды таштап качпайт элек. Буга чейин эл катары жашачубуз, бактылуу болчубуз, айына эки жолу гуманитардык жардам берилчү. Эми же ичээр тамагыбыз, суубуз, дары-дармек, эч нерсе жок. Баарынан, жадакалса дем алган абадан айрылдык”.

БУУнун расмий өкүлдөрү анклавда коопсуз жер калбаганын айтышат.
Дүйшөмбүдө Израил Газадагы "гуманитардык зонаны" кеңейтерин, ал жерге көбүрөөк чатыр тигүүгө, азык-түлүк жана медицина каражаттарын алып кирүүгө уруксат берилерин билдирди.

Газа шаарындагы качкындар лагери соккудан кийин. 2024-жыл, 7-ноябрь
Газа шаарындагы качкындар лагери соккудан кийин. 2024-жыл, 7-ноябрь

Газадагы уруш былтыр 7-октябрда АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобунун согушкерлери Израилге чабуул коюп, 1200 кишини өлтүрүп, 250дөн ашуунун бармытага алып кеткенден кийин тутанган.

Анын артынан “Хезболла” Израилди ракета жана дрондор менен аткылап, Газадагы согуш токтомоюнча чабуулдарын уланта берерин айтууда.

Израилдин армиясы жүргүзүп келаткан согуштук операцияда анклавда 43 жарым миң палестиналык каза тапты. Мындай санды ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттык сактоо мекемеси билдирди.

Өткөн ишембиде Тель-Авивдеги акциянын катышуучулары барымтадагыларды бошотууну премьер-министр Биньямин Нетаньяхудан дагы бир жолу талап кылышты.

Ошол эле күнү Катар ок атууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу багытындагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө арачылык кылуу аракеттери туңгуюкка кептелгенин билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG