14-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Күндүз Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 4…9;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5.
Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3°, күндүз 1…3° жылуу болот.
Шерине