Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:57

Депутат Акаев Орусия куруп берчү мектептердин баасы жогору экенин айтты


Орусия Кыргызстанга куруп берүүчү мектептин долбоору.
Орусия Кыргызстанга куруп берүүчү мектептин долбоору.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Орусия кура турган тогуз мектептин баасы 400 млн. доллар экенин айтып, бул суммага көбүрөөк имарат салууну сунуштады. Акаев бул тууралуу 13-ноябрдагы парламент жыйынында айтты.

“Кыргызда жакшы сөз бар. Бирок, ушул 400-500 млн долларга тогуз мектеп курабызбы? Албетте, эл аралык стандартка жооп берген бардык шарты болот. Бирок, 400 млн долларга тогуз эмес, отуз мектеп куруп койсо болот”, - деди Акаев.

Билим берүү министринин орун басары Бекжан Супаналиев 400 млн доллардын тегерегиндеги акча грант түрүндө берилерин айтып, так сумма долбоорлор даяр болгондон кийин белгилүү болорун айтты. Супаналиев мектептер бардык шарты менен куруларын кошумчалады.

Айрым депутаттар грант түрүндө берилүүчү каражат боюнча документти эч кандай суроо, сунушу жок кабыл алууга чакырышты. Жыйынтыгында “Кыргызстан менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда кабыл алынды.

2023-жылы 1-сентябрда Орусия Кыргызстандын ар бир облусунда жана Бишкек, Ош шаарларында курууну көздөп жаткан тогуз мектептин үчөөнүн пайдубалын түптөө салтанаты бүгүн 1-сентябрда онлайн форматта уюштурулуп, ага эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров жана Владимир Путин катышкан.

Аталган мектептерде окутуу орус тилинде гана, эки өлкөнүн мамлекеттик стандарттарына ылайык жүргүзүлөрү, каржылоону толугу бойдон орус тарап өзүнө алып жатканы, ачылышы эки жылдан кийин болору, ар бири 1 224 орунга эсептелип курулары, ичинде бассейни, заманбап жабдыгы болору айтылган. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG