Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:56

Депутат Бекешев автобекеттерге байланыштуу мэрияны сындады


Бишкектеги тыгын. (Архив)
Бишкектеги тыгын. (Архив)

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 13-сентябрдагы сессияда коомдук транспорт, аймактарга кетүүчү автобекеттер, Бишкектеги автотыгындарга байланыштуу мэриянын ишин сындады. Депутат бул маселе боюнча көп кайрылуу түшүп жатканын айтты.

“Өкмөттөбү же мэриядабы ким ушундай эксперимент кылып жатат? Элден кайрылуу көп түшүүдө. Коомдук транспорт жетишпейт, троллейбус жок. Эл жумушка, окууга убагында келе албай жатат. Бул качан чечилет? Бишкектен башка жерде жашагандарды дагы жаман кылдыңар. Алар шаарга дарыланууга, иштөөгө келишет. Аларды айдоочулар автобекет делген талаага таштап салып андан ары өзүңөр баргыла дейт. Алар кантип жетет? Туура, жаңы бекет курулуш керек. Бирок, жаңысы салынгыча эскисин бузбашыбыз керек. Коомдук транспорт жок, кышында эл кантет? Мындан сырткары студенттердин окуусу боюнча чечимди кайра карап чыккыла. Алар окуудан үйүнө түндө кайтып жатышат. Мындан тыгын чечилген жок, тескерисинче күчөдү”, - деди Бекешев.

Бишкектеги Батыш автобекети 23-октябрдан тарта жабылган. Учурда бул автобекет аркылуу кеткен бардык каттамдар Алматы көчөсү 1/1 дарегинде жайгашкан "Бишкек автобекети" муниципалдык ишканасынын жаңы бекетине жана шаардын батыш тарабындагы РИОМ автобазарынын жанында бөлүнгөн жайдагы автобекетке которулган. Шаар бийлиги автоунаа базарынын жанындагы бекет убактылуу, тагыраагы кийинки жылдын жай айларына чейин иштей турганын билдирүүдө.

Социалдык тармактарда бул багыттарга каттаган таксисттер автобекетте эч кандай шарт жоктугун айтып, нааразы болушкандан кийин, мэрия бул убактылуу гана автобекет болорун, негизги Батыш автобекети Бишкектин Фучик көчөсүнө курулуп жаткан ири комплекске жайгашарын билдирген.

Мэри калаадагы троллейбустарды электрбустарга алмаштырып жатканы майдын башында белгилүү болгон. Маалыматка караганда, 12-ноябрга карата Бишкекте 1200дөн ашуун автобус 56 каттам боюнча эл ташып жатат. #SaveBishkekTrolleybus кыймылы жана башка демилгелүү топтор троллейбустар экологияга зыяны жок деген негизде аларды каттамдан алууга каршы чыккан.

Шаар бийлиги студенттердин 10:00дөн тарта окуй баштаганы да коомдук транспорттогу тыгын азайганын билдирген. Бишкекте жаңы графикке нааразы студенттер петицияга кол топтошмок. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG