Кайсы бийликтин тушунда болбосун, оппозицияны жактап, анын саясий акцияларына активдүү катышып жүргөн Жалалабат шаарынын тургуну Уруниса Турдиева өз үй, өлөң төшөгүндө жашай албай, туш келди качып жүрөт. Эми ал башка өлкөдөн баш калка суроону чечти. Анткени, оппозицияны жактаган үчүн ага бийликчил адамдар менен тартип коргоо кызматкерлери сары изине сая түшүп, тынчтык бербей келатат. Бириккен фронттун апрелдеги митинги башталар алдында аны аңдыган бийлик адамдары менен милиция кызматкерлери оозун басуу иретинде психоневрологиялык ооруканага жаткырышкан. Милиция органдарынан У.Турдиева айткан маалыматтарды тактоого кылган аракетибизден майнап чыкпады.