Майлуусуудагы электр шамдарын чыгаруучу заводдун жамааты кезектеги нааразылыгын дүйшөмбү күнү ишкана ичинде өткөргөн. 5-июнда алардын 300дөн ашык өкүлү заводдун алдына митингге чыгып, февраль айынын маянасын төлөп берүүнү талап кылышты. Жумушчу Айгүл Эшиеванын айтуусунда, заводдун жетекчилиги 4-июндагы нааразылыгын акциясына көңүл бурган жок:
- Биздин айлыкты убагында бербейт. Биз эки күндөн бери иштебей отурабыз, директордун да, мэрдин да биз менен иши жок.
Анын кесиптеши Бурабия Кондубаеванын ооруган чагында дары-дармек сатып алууга каражат сураса, күзөтчүлөр директордун кабылдамасына жеткирбей койгон:
- Мен ооруп атам, мага 300 сомдук дары-дармек жазып берди. Февраль айынын айлык маянамды ала алат бекемин деп кирсем, күзөтчү киргизбей койду.
Өмүрбек Сатыбалдиев үзгүлтүк менен иштеп жаткан ишкана тууралу республикалык маалымат каражаттарына туура эмес билдирүү таратып келаткан директордун орунбасарына нааразы болду:
- Айлыгыбызды бермейинче, же болбосо Бишкектен Атамбаев келип биздин маселебизди чечип бермейинче, иштебейбиз деген ой менен турабыз азыр.
Митингде сүйлөгөндөр электр шамдарын чыгаруучу завод туура эмес жана арзан баага менчиктештирилгенин белгилешип, ишкананын абалын оңдоого өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин гана кудурети жетет деген ишеничтерин билдиришти. Премьер министрдин наамына кайрылуу кабыл алынып, анда ишкананын мамлекеттик акцияларын жоопкерчилиги чектелген “ВАВС” аттуу уюмдан өлкөгө кайтарып алуу жана заводдун иш аракетине кыргыз өкмөтүнөн тышкы башкаруучу дайындоо талаптарын тез арада аткаруу жагы эскертилди. Жумушчу Сабырбек Кулмурзаевдин пикири боюнча орусиялык инвестор ишканага жаңы жабдууларды орнотуу, эмгек өндүрүмдүлөрүн өнүктүрүү убадаларын аткарбай, 18 млн. доллар инвестиция жасоо шартын да бузган. Ал да башка жумушчулар сыяктуу өкмөт башчы Алмаз Атамбаев заводго келмейинче нааразылык акциясы улантыла бере турганын билдирди:
- Келишимде сатып алган адам господин Столбовский 18 млн. доллар инвестиция киргизиш керек эле заводго. Ал тескерисинче, Казак банкына биздин заводдун жарымын 9 млн. доллар залогго коюп ушундай абалга келтирип койду. Майлуусайдын эли мамлекетке керекпи. Атамбаев келип ушул маселени чечип берсин. Колунан келбейби мамлекет ГАО кылып өзүнө өткөрсүн.
Заводдун директорунун каржы боюнча орунбасары Алекстандр Яковенко 4 миң жумушчунун 10 пайызы гана нааразылык акциясына чыккандыгын белгилеп, эмгек акы төлөнөөрүн айтты:
- Маянага болгон жалпы карыздын 30 пайызы калган. Бүгүнкү күндөн баштап февраль айынын маянасы бериле баштайт. Кечээ эмгек акы графикке ылайык төлөнөрүн түшүндүргөнбүз. Дүйшөмбү күнү каражат эсепке түшсө аны нак акчага айландырган соң, эртеси апрель айыныкы да бериле баштайт, - деп жооп берип жаткан Яковенконун сөзүнө сыртта турган митингчилер ишенишкен жок.