Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:48

ОППОЗИЦИЯЧЫЛ АЯЛДЫН ТАГДЫРЫ КОРКУНУЧТАБЫ?


Кайсы бийликтин тушунда болбосун, оппозицияны жактап, анын саясий акцияларына активдүү катышып жүргөн Жалалабат шаарынын тургуну Уруниса Турдиева өз үй, өлөң төшөгүндө жашай албай, туш келди качып жүрөт. Эми ал башка өлкөдөн баш калка суроону чечти. Анткени, оппозицияны жактаган үчүн ага бийликчил адамдар менен тартип коргоо кызматкерлери сары изине сая түшүп, тынчтык бербей келатат. Бириккен фронттун апрелдеги митинги башталар алдында аны аңдыган бийлик адамдары менен милиция кызматкерлери оозун басуу иретинде психоневрологиялык ооруканага жаткырышкан. Милиция органдарынан У.Турдиева айткан маалыматтарды тактоого кылган аракетибизден майнап чыкпады.

Бириккен фронттун апрелдеги митингинен кийин дайыны чыкпай калган Уруниса Турдиеваны жашырынып жүргөн жеринен табууга туура келди. Азыр ал изин жашырып, дайын-дарегин билдирбей жүрүүгө аргасыз. Уруниса эженин мындай корунгандыгына бийликчил адамдар менен тартип сакчыларынан ыдык тартканы себеп болду. Фронттун саясий акциясы маалында дарыгерлер аны акылынан аздырууга жана жок кылууга буйрук алышкандыгын тааныш дарыгер айтып берген:

- Ушул убакка чейин кошуналарым дагы көрүптүр, өзүлөру да сураптыр. Участкалык милиционерлерден кабар алдырып жатат деп. “Эже, сизди жок кыл деген бирок, мага кылган жакшылыгыңызды билип, түнү менен уктай албай чыккам. Мен сизди невропатологго алып барамын. Макул болуп, жатып, сакталып калыңыз болбосо сиз жок болосуз” деген. Адам укугу азыр аябай тебеленип жатат,- дейт Уруниса Турдиева.

Марттын этегинде бийликчил адамдар ноябрдагы митингге катышканы үчүн үйүн өрттөмөк жана үйүнө алдап киришип, милицияга кармап беришмекчи болгон. Тартип сакчылары жарандыгын текшерүү шылтоосу менен эски паспортун алып коюшкан жана атайын машиналар менен үйүнүн сыртында аңдып турушкан:

- Мени куугунтуктап жүргөн аялдар бетин тытабыз, үйүн өрттөйбүз деп жүргөн. Менин үйүмдү өрттөйм деп жаңылыштык кылып, жанымдагы үйдү өрттөп кетишкен.

Шаардык ички иштер бөлүмүнө алып кетишип, ал жерде таң аткыча кармашкан. Оппозициянын митингине катышпайм деген тил катына карабай, бийликчил кишилердин арызы менен Кызылжар-12 шаарчасындагы облустук психоневрологоялык ооруканага жеткирилген.

- Митингге барбаймын деп жазып бериңиз, сизди УВД чакырып жатат деген. Жазып бердим. Андан кийин дагы үч милиция кызматкерине кайтартып койду. Ал арызында митингчи аялдардын арасында үч төрт фамилиясы бар менде. Колубузга кишен салабыз деди. Жаш милиция кишенди алып келе жатканда доктур айтты кишенди салбай эле кой, эже өзү эле барат деп. Сузакка жакындап калганда каякка баратабыз дегенде психикалык ооруканага баратасыз деди.

Психикалык оорусу жок Уруниса Турдиева жаткырылган палатадагы аялдарды башка бөлмөгө түн ичинде которушкан. Ошондо өмүрүнө коркунуч туулганын сезген Уруниса, ооруканадан качып чыгууга аргасыз болгон, бирок, ал жашынган эски короонун ээси ооруканада иштегендиктен кайра эле колго түшкөн:

- Кеч куруун сүйлөшүп отурган жакшынакай келиндер сүйлөбөй калышты. Сиз деген Бакиевге каршы чыгыптырсыз, биз сүйлөбөйбүз деп. Эч ким мага оң карабайт. Жанымда жаткандарды алып кеткенде корктум. Доктурларын көрө элекмин. Ишемби, жекшемби күндөрү алар жок болчу. Мага бир нерсе кылып, ийне сайып, психикалык байлама жиндилерге алып кирип коёт экен деп ал жерден качтым. Жарты дары, аны менен бирге кичинекей көзгө илешпеген дагы бир төртүнчү дары берип жатты. Элдер дарыларын өзүлөру эле иче берет. Ал эми мага келгенде зордоп ичиришип, жаныма туруп алышат. Болуптур деп ичтим дагы дарыны акырын тилимдин астына салып, алар кеткенден кийин түкүрүп салдым. Ваннага барып, башымды жууйун десем көздөрүм караңгылап, башым айланып кетти.

Апрель митинги аяктагандан кийин туугандарына өзү дарегин билдирип, алардын жардамы менен ооруканадан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк алган. Ага чейин туугандарына ал тууралу маалымат берилген эмес. Оппозициячыл аялга жасалган мамиле тууралуу шаардык ички иштер бөлүмүнө кайра-кайра кайрылуудан майнап чыкпады. Жетекчиси жоктугуна байланыштуу кызматкерлер Турдиевага байланыштуу маалымат бере албай тургандыгын туюндурушту.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG