Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:23

ЖАЛАЛАБАТ: ЖУМУШКА ЖАЙГАШТЫРУУ БАШКАРМАСЫ КӨЧӨДӨ КАЛДЫ


Жалалабат облустук жумуштуулук жана миграция башкармасынын эмгек жамааты 22-июндан бери көчөдө калды. Башкарманын имараты Жогорку соттун чечими менен Жалалабат шаарындагы «Учкун» уюмуна чегерилген. Шаардык соттун имаратты бошотуу чечимин аткаруу маалында башкарма жамааты менен сот аткаруучулардын ортосунда тополоң чыккан. Нечен күндөн бери ишканасына кире албай жаткан эмгек жамааты укуктары мыйзамдуу түрдө корголбосо, нааразылык акциясына чыгуусу ыктымал. Шаардагы сот аткаруучулар кызматы эмгек жамаатынын дооматтарын четке какты.

Облустагы жумуштуулук жана миграция башкармасынын кеңсеси Жогорку соттун чечими менен жоопкерчилиги чектелген «Учкун» аттуу уюмга карап калган. Ал соттун чечимин жетекчиликке алган Жалалабат шаардык соту апрель айында башкармалыкты кеңседен чыгаруу чечимине келген.

Имаратты бошотуу маалында эмгек жамааты менен сот аткаруучулардын ортосунда тополоң чыккан. Кеңседеги баш аламандыкта басуу үчүн облустагы тартип коргоо уюмдары менен милициянын өзгөчө отряды чакыртылган. Башкармалыктын башкы адиси Зияда Алиеванын айтымында сот аткаруучулар өздөрү менен бирге ала келген карылуу жигиттер аркылуу күч колдонуп, аялдардан турган эмгек жамаатын 22-июнда көчөгө айдап чыгышкан. Ишкананын телефондору үзүлүп, компьютер жана башка эмерек-жабдуулар сыртка чыгарылган. Кеңсени алсаңар да, жабдуулар менен гүлдөргө тийбегиле деген алардын өтүнүчтөрү жоопсуз калган:

- Сейдакматов Кадырбек деген сот, жаш өспүрүм балдарды алып келип чыгаргыла деп, телефондорду провод менен сууруп, компьтерлерибизди резеткалары менен сууруп, барын сыртка алып чыгып салды. Биз 22синен бери жумушу жок эле көчөдө жүрөбүз. Кварталдык отчет беришибиз керек эле госкомитетке, райондор бизге отчет тапышырыш керек эле. Биздин эч мүмкүнчүлүгүбүз жок. Баарыбызды эшике чыгарып койду.

Натыйжада мамлекеттик мекеме бир нече күндөн бери ишсиз олтурат. Район-шаарлардагы бөлүмдөр менен байланыш үзүлүп, жарым жылдык отчет даярдоо иши үзгүлтүккө учурады. Эмгек жамааты сот чечимдерине нааразы болуп, маалымат каражаттарынан укуктарын коргоп берүүнү өтүндү. Башкармалыктын баш бухгалтери Гүлнара Нурсеитованын ырасташынча маалымат булактарындагы билдирүүлөрдөн кийин да жыйынтык чыкпаса, жамаат мыйзамдык укуктарын коргоо үчүн нааразылык акциясына чыгууга даяр:

- Жамаат бүгүнкү күндө сиздерге кайрылып атабыз. Эртеңки күнү облустук администрациянын астына пикетке чыгып, качан чечип бермейинче акыйкаттын артынан жүрө беребиз. Жамааттын атынан сотко кайра бердик. Ал дагы эле туура эмес чечим чыгарса, биз акырына чейин укугубузду коргоп тура беребиз.

Сот аткаруучулар кызматы май айында кеңсени өз ыктыяры менен бошотуу тууралу жумуштуулук жана миграция комитетине он күндүк мөөнөт берген. Имаратты бошотуу учурундагы жаңжалды ал жерде иштеген жогорку маалыматтуу аялдар чыгарган. Комитеттин төрага орунбасары сот аткаруучуларды орусчалап сөгүп, алардын абийир ар-намысына шек келтирген. Кеңсенин жабдуулары башкармалык менен «Учкун» аттуу уюмдун төрагасынын өз ара макулдашуусуна ылайык бош каналарга киргизилип, сыртынан мөөр басылган. Ишкананын каалгасы сыртынан мык кагылып жабылышына сот аткаруучулардын тиешеси жок экендигин Жалалабат шаарындагы сот аткаруучу кызматынын башчысы Кадырмамат Сейдакматов билдирди:

- Барын опистеп биринчи этажга түшүрдүк. Доогер менен калыстар кел дешти. Ар кандай сөздөр болуп атты. Аял кишилер экен унчукпадык. Эч кандай спецназ чакырылган жок. Мен айттым, мен милдетимди аткарып имаратты бошотуп бердим, экөөңөр кандай чечсеңер чечкиле, менин миссиям бүттү, деп кетип калгам.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG