Облустагы уюмдар аялдардын бийликте саналуу болуп, аларды жетекчилик кызматтарга тарбиялоонун жоктугун сындап келишүүдө. “Аялзат” борборунун төрайымы Канышай Мусалиеванын пикиринде саясий талаш-тартыш учурларда парламентте эненин орду жоктолуп жатат. Саясий өнөктүктөрдө эркектердин камчысын чапкан аялдар жай турмушта унутулат. Алардын өкүлдөрү облус, же район башчы кызматында турбагандыктан бийликте гендердик тең укуктуулук сакталууда деп айтуу кыйын. Партиялык тизме менен шайлоо да маселени чечпейт.
Аял талапкердин шайлоодон утулуп калышына алардын тилектештиги менен каражатынын тартыштыгы себепкер. Талапкерлик үчүн белгиленген күрөө акыны ар бир эле аял төлөй албайт. Кадр саясатына деле каада-салт, үрп-адаттагыдай аялдарга 2-орундагы адам катары мамиле жасоо сиңип калган. Губернатордун орунбасары Камила Талиеванын айтымында президенттин бийлик уюмдарына 30 пайыз аялдарды катыштыруу жарлыгын өкмөт аткарган жок.
Эр жигитке өбөк-жөлөк болгон асыл айымдарды бийлик уюмдары менен саясатта көбөйтүү үчүн саясий өзгөрүүлөр зарыл. Жалалабат шаарынын тургуну Орозалы Карасартовдун пикири боюнча, аялдарга шайлоодо жеңилдик берүү менен маселе чечилбейт. Шайлоолордо утуп чыгуу үчүн аялдарга лидерлик сапаттар жетишпей жатат деп ойлойт ал:
- Системалык өзгөртүүлөрдү жасоонун зарылдыгы ушул кемчиликти жоёт деп ойлойм. Аялдардын бийликке келүүсүнүн саясий жолдорун издеш керек. Мындай квота берүү менен киргизүүнү туура эмес деп эсептейм. Анткени ар бир адамдын, жеке инсандын өзүндө лидерлик сапат болуш керек.
Өлкөнүн бийлигинде гендердик айырмалыкты жоюуну максат кылган реалдуу программалар жок жана аны ишке ашыруунун жолдору ойлонуштурулбаган. Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын облустагы координатору Чолпон Эргешованын оюнда аялдардын бийликке умтулуусу да аз болууда:
- Кээ бир мамлекеттик программалар кабыл алынып атат аялдарды колдоо боюнча. Бирок ал программаны ишке ашыруунун механизмдери так иштелип чыккан эмес. Программаны кабыл алып атканда финансылык колдоо болуш керек. Бизде финансылык колдоо да болбой калып атат. Аялдар бүгүнкү күнү коомдогу ролун кайрадан карап чыгып, көз карашын оңдош керек. Бийликке карата өздөрүндө умтулуу болуш керек, биригиш керек. Ошондо гана аялдардын бийликтеги ролу жогорулашы мүмкүн, - деди Чолпон Эргешова.