17-мартта Аксы районунда мындан беш жыл мурунку кандуу окуяда шейит болгондорду эскерүү болду. Адегенде Боспиек аттуу жерде курман болгондордун арбагына багышталып куран окулду. Ага Аксы окуясында жабыр тарткандар, курман болгон балдардын ата-энелери, урук-туугандары менен үй- бүлөлөрү жана президент Курманбек Бакиев башында турган бийлик башчылар, ошондой эле “Реформа үчүн” кыймылынын теңтөрагасы Азимбек Бекназаров баш болгон депутаттар Дооронбек Садырбаев, Осмон Артыкбаев, Райымбек Мамыров, Султан Урманаев жана саясатчы Топчубек Тургуналиев катышты. Окуяда жабыр тарктандар Аксы окуясынын күнөөкөрлөрүн таап, бир айдын ичинде кылмыш ишин бүтүрүү талабын президент Курманбек Бакиевге коюшту.