Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:19

ЖАЛАЛАБАТ: КУЛОВДУН ЧАКЫРЫГЫ КЫЙЛА ТАЛАШ-ТАРТЫШ ЖАРАТТЫ


Жалалабаттагы саясий-коомдук уюмдар бирдиктүү фронттун башчысы Ф.Куловдун Орусия менен конфедерация түзүү демилгесин түрдүүчө кабыл алышты. Айрым партиялар Ф.Кулов элдин көзүнө кайра көрүнөйүн деген максат менен ушул демилгени көтөрүп чыкты дешсе, Орусияны жактаган “Шериктештик” партиясы “Ар намыс” партиясынын лидеринин сунушун колдоп чыкты.

"Дүйнөлүк саясатта Кошмо Штаттары менен Кытайдын жана Орусиянын салмагы менен эсептешпеген мамлекет жок. Кыргызстан бардык тармакта өз ордун таба албай жатканда күчтүү өлкөлөрдүн биринин этегин кармоосу керек." Ушундай оюн билдирген “Шериктештик” партиясынын облустагы төрайымы Олесья Тугушева, Бирдиктүү фронттун лидери Феликс Куловдун Орусия менен конфедерация түзүү демилгесин колдоп чыкты:

- Орусия менен саясий-экономикалык жактан союз түзүү зарыл. Кыргызстан өз бутуна толук тура элек. Өлкөнүн бийлик уюмдарында, административдик тармакта жана партиялык тизме боюнча пикир келишпестик болуп жаткан кезде күчтүү мамлекет менен мамиле кылган жакшы. Мен Феликс Куловдун Россия менен бирдиктүү мамлекет куруу оюн кубаттаймын!– деген Олесья Тугушеванын болжолунда жүз миңдеген Кыргызстандык жарандар Орусияда иштеп, алардын отуз миңдейи орус жарандыгын кабыл алган кезде, эмгек мигранттары кербенчилердей көчүп бараткан соң, саясатчылар өлкөнүн кийинки тагдыры менен кимди башкарарын ойлоп койгону абзел.

Өлкө нечен жылдап араң жетишкен көз карандысыздыгынан ажырагысы жана жетимиш жыл бою үстөмдүк кылып келген “улуу агасынын ордун баскан” мамлекеттин көзүн карагысы келбейт. “Эркиндик” партиясынын облустагы төрагасы Мойдун Мамажановдун айтымында, саясий уюмдун дубандагы бардык мүчөлөрү оппозиция башчысынын кезектеги демилгесин түшүнбөстүк жана тынчсыздануу менен кабыл алды.

- Куловдун Россия менен конфедерацияга киришке элди үндөп, өздөрүнчө курултай сыяктуу өткөрүшүп, анан резолюция чыгарганына мен каршымын. Башка мамлекетке көз каранды болушту кыргыз эли каалабайт.

Өлкө чарк-чамасына жараша дүйнөлүк саясий аренадан өз ордун таба алды. Республиканын коңшу мамлекеттер, КМШ алкагындагы жана ырааккы чет өлкөлөр менен кадырэсе байланышы бар. Облустук бийликтин коомдук байланыш секторунун башчысы Орозалы Карасартовдун сунушу боюнча, Кыргызстандын эгемен мамлекет катары ээн-эркин жашап кетээрин турмуш ырастап турганда, Орусия же башка өлкөлөргө кошулбай эле, коңшу жана каалаган мамлекеттер менен интеграциялык жактан кызматташа берген оң.

- Россия, Белорусия менен интеграция закон ченемдүү көрүнүш. Биз алар менен каршылаш жолдорго барбашыбыз керек. Алар менен тыгыз салт болуп келаткан ысык мамилебизди уланта берсек болот.

Орусия менен саясий, соода-экономикалык жактан кызматташуу мурдатан эле калыптанып калган маселе. Апрелдеги митинг максатына жетпей калган соң, Орусия менен биригүүгө чакырган Ф.Кулов кайрадан элге көрүнгүсү келип жатат. “Жаңы Кыргызстан” партиясынын облустагы төрагасы Ашым Чатаев да “Келечеги кең Кыргызстан үчүн!” кыймыл башчысынын оюна каршы экендигин билдирди:

- Экономикалык, маданият жагынан колдор коюлуп, иш ушул убака чейин эле жүрүп атпайбы. Бул кезектеги өзүмдү элге көрсөтөйүн дегени.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG