Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:46

РАЯ КАДЫРОВА : БИЙЛИК МЕНЕН ПАРЛАМЕНТКЕ КРИМИНАЛДЫН АРАЛАШКАНЫ ЧОЧУТАТ


Кыргыз бийлиги коомдон артта калууда. Өлкөдө коррупция күчөп, кадр саясаты оңдуу болбой, бийлик менен парламентте криминалдык элементтердин аралашып кеткени коомчулукту тынчсыздантат. Мындай пикирин "Эл аралык толеранттуулук" корунун төрайымы Рая Кадырова Жалалабатта болгон кезинде "Азаттык" үналгысынын кабарчысы Ырысбай Абдыраимовдун суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

- Рая Кадыровна, бейөкмөт уюмдардын сын-пикирлеринен бийлик жыйынтык чыгарып жатабы?

- Бийликке мына бул жер туура эмес болуп жатат деп көп нерселерди айтабыз. Биз кыргыздар өзүбүздүн бийликке ошондой сын-пикирлерди айтпасак ким айтат. Бийлик дагы аны туура түшүнүш керек. Бизди душман катары көрбөсө. Эне деле баласын кээде урушат да бирок, урушса ал баласын жаман көргөндүк эмес кайра балам мындан да жакшы болуп кетсин деп тилейт да.

- Кыргыз бийлигинен мындан башка дагы кандай кемчилик-мүчүлүштүктөрдү байкадыныз?

- Бийликке кандайдыр бир шек туудурган адамдар келгени бул бир проблема. Бирок, экинчи проблема жөн жерден эмес. Биз жакшы тааныган, билген Акаевдин политикасын колдогон, анын учурунда коррупцияга кирген адамдар деле азыркы маалда жетинчи кабатта отурбайбы. Бул албетте, элдин кыжырына тийип, ошондуктан бийликке элдин ишеними артпай турат. Бул кадр маселеси. Экинчиси проблема бул-коррупция. Эми Акаев убагында коррупция деп отуруп, ал кишини кетирдик. Бирок, азыр коррупция андан да күч алып жатпайбы. Оштун түштүк жагындагы президенттик эки-үч сонун тамдар турат. Бул мэрияны жери. Бул жерди бир сотых эмес, гектарлап жерлер сатылып жатпайбы менчикке. Элдин баары аны көрүп, билип жатат. Элдер азыр айтып жатышат. Акаевди эмнеге кетирдик. Аны кетирбей эле койсок болмок. Баягы эле система ошол бойдон калып жатат деп.

- Чет өлкөлүк инвесторлордун өз каражаттарын өлкө экономикасына салуусуна карманышынын себеби эмнеде?

- Бүгүн биз Кыргызстанда мейли толук кандуу кадр жок дейли. Бирок, биздин бийликке кадимкимдей эле криминалдар келип жатпайбы. Парламентте деле криминалдар отурат. Кандайдыр бир чоң чиновниктин аркасында криминалдык топтор турат. Маселелерди ошол криминалдык топтор чечип жатпайбы. Бүгүнкү күндөгү мыйзамда баш аламандык көп. Биздин чет мамлекеттеги донорлор, инвесторлор да биздин кырдаалды түшүнүп турушат. Биз да инвесторлор менен көп сүйлөшөбүз. Биз дагы аларга айтып жатабыз “коркпогула, бийлик азыр алсыз болуп жатат, билимибиз төмөндөп жатат” деп. Бирок, бизге инвестиция керек дегенде алар минтип айтып жатышат. “Биз эмне себептен инвестицияларды алып келбей жатабыз силердеги митинг, саясий кырдаалга караган жокпуз, а тескерисинче бийик шапка турат. Биз ошон үчүн силерге акча бере албай жатабыз деп айтып жатканы бизди капа кылат.

- Маегиңизге ыракмат!
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG